Мазмунга өтүү

Кызыл-Өзгөрүш

Википедия — ачык энциклопедия
("Кызыл-Өзгөруш, Токтогул району‎"‎ барагынан багытталды)
Отурукташкан жай
РайонКыргызстан
Координаттар41°39′16″ с. ш. 73°24′31″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү1926
Борборунун бийиктиги1720 м
Убакыт аралыгыUTC+6
Калкы
Калкы2 262 [1] адам (2023)
Сандык идентификаторлор
Кызыл-Өзгөрүш (Кыргызстан)

Кызыл-Өзгөрүш (кырг. Кызыл-Өзгөрүш) — Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы айыл. Кызыл-Өзгөрүш айыл округунун борбору. Коңур-Өгүз суусунун оң өйүзүндө, Кара-Кыр, Туулук, Коңур-Өгүз тоолорунун этегинде, деңиз деңгээли 1720 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Токтогул шаарчасынан 85 км түштүкчыгыш тарапта. Таш-Көмүр темир жол бекетинен 147 км. Кыштак 1926-ж. негизделген.

Калкы - 2 262 (2023-жылы)[1] киши, негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенип, мал багат. Орто мектеп, китепкана, клуб, мечит бар. Оорукана, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, дарыкана, соода түйүндөрү иштейт.