Кызыл алма (тасма)

Википедия дан
Кызыл алма
Жанры

Драма

Режиссёру

Төлөмүш Океев

Сценарийдин
автору

Чыӊгыз Айтматов,
Төлөмүш Океев

Башкы ролдордо

Сүймөнкул Чокморов (Темир)
Гүлсара Ажибекова (Сабира)
Таттыбүбү Турсунбаева (Бейтааныш сулуу)
Анара Макекадырова (Анара)

Оператору

Константин Орозалиев

Композитору

Шандор Каллош

Узактыгы

70 мүнөт

Өлкө

СССР желеги СССР

Тили

Кыргызча
Орусча

Жылы

1975

IMDb

ID 0173969

Мазмуну[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интеллигент чөйрөдөгү үй-бүлөнүн жашоосу баяндалат. Сүрөтчү Темир менен диктор Сабиранын жашоосу башкаларга бактылуу көрүнгөнү менен, чынында экөөнүн турмушу теӊирден тескери экени сүрөттөлөт. Темир качандыр бир учурда бейтааныш сулууга көзү түшүп, ал бийкечти сүйүп калып, канча убакыт өтсө да оюнан чыгара албай коёт. Кеч күздө бактан кызыл алма таап, аны ага белекке берүүнү чечет. Сулуу кыз кызыл алманы алганы менен, сүрөтчү экөө бирге боло албайт. Сабира жолдошунун кызы Анара үчүн жашап жатканына көзү жеткенден кийин жаӊыдан турмуш баштоону чечет. Тасманын аягында кайрадан кеч күз сүрөттөлөт. Темир бактардын арасында сүрөт тартып жатканда Анара кызыл алма таап алат. Быйтыйган колдору менен үзүп келген кызыл алма атасынын жетпей калган сүйүүсүн унуткарып, турмушта өз жолун табууга түрткү болот.

Тасманын тартылышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сүймөнкул Чокморовду каармандын (Темирдин) жаш кезин ойногон учурунда жаш көрсөтүш үчүн Япониядан жасалма чач (парик) алдырышкан.

Кинодогу сүрөттөрдүн бардыгы Сүймөнкул Чокморовго таандык. Көпчүлүк сүрөттөрүн тасма тартылып жаткан учурда жараткан.

Кеме үстүндөгү той эпизоду Тамга айылында тартылган. Караколго, Тоӊго, Түпкө жүк ташыган кемелердин эӊ чоӊун тандап алышып, ага желек-шарларды байлашып көл үстүндө бир айда тартып бүтүшкөн. Режиссёр Төлөмүш Океевдин кызы Азиза Океева ал күндөрдү мындайча эскерет: «Тойдун эпизоду күнүгө кеч киргенче тартылат. Дублдар кайталанат, күндө той, биз үчүн чыныгы майрам болгон. Той чындап болбосо да, музыка, шампандар чыныгы болчу».

Музыкасын жазган орус-венгер композитору Шандор Каллош.

Тасмадагы сүт тиши түшкөн бото көз кичинекей Анаранын ролуна Төлөмүш Океев кичүү кызы Алиманы тартайын деп ойлогон, бирок ал дал келбей калып, оператор Сагын Макекадыровдун кызы Анараны тартышкан. Учурда актриса Италияда жашайт.

Сабира менен Темир көл жээгинде басып үй-бүлөлүк мамилелерин териштирген эпизодду тартып жатканда Гүлсара Ажибекова ыйлай албай кыйналганын Азиза Океева мындайча сүрөттөйт: «Улам бир дубль тартышып жарабай калып, кайра токтошот. Кеч кирип кетип, эртеси тарта башташат. Ошентип убаралана бергенде атам жанына барып түшүндүрүп жатып күтүүсүздөн жаакка чаап жиберди. Ызаланган актриса шолоктоп ыйлап ийди. Атам «Баштадык!» деген команда берип тартып кирди. Тартып бүткөндөн кийин атам кечирим сурады. Гүлсара Ажибекова да түшүнүп таарынган жок». Азиза Океева тасманы франциялык көрүүчүлөргө көрсөткөндө «1975-жылдары ушундай жакшы жашачу белеӊер? Ушундай жарашыктуу, модалуу кийинчү белеӊер?» деп таӊ калышкан экен.

Тасма баш-аягы эки айдын ичинде Бишкекте, Ысык-Көлдүн Каракол шаарында жана Тамга айылында тартылган.

Каармандарда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Актёр Роль
Сүймөнкул Чокморов Темир Темир
Гүлсара Ажибекова Сабира Сабира
Таттыбүбү Турсунбаева Бейтааныш сулуу Бейтааныш сулуу
Анара Макекадырова Анара Анара

Ийгиликтери жана сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1975-жылы – Советтер Союзу тарабынан IX Дүйнөлүк кинофестивалда көрсөтүлгөн.
  • 1975-жылы – Швейцариянын Локарно шаарында Эл аралык кинофестивалда диплом менен сыйланган.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]