Мазмунга өтүү

Кызыл аянт

Википедия — ачык энциклопедия
Кызыл аянт
англ. Красная площадь

Кызыл аянттын көрүнүшү

Координаттар: 55°45′15″ с. ш. 37°37′12″ в. д.HGЯO

Өлкө

 Орусия

Шаар

Москва

Район

Тверь району

Мурунку аталышы

Торг, Пожар, Чоң аянт

Жакын жерде жайгашкан

Василий Блаженный храмы

Транспорт
Метро станциясы

Охотный Ряд
Театральная
Площадь Революции
Китай-город

Автобус

м90, 538, н16, С755

Троллейбус

1, 2, 12, 33, 16 (2020-жылга чейин)

Аялдамалар

«Красная площадь», «Манежная площадь»

Кызыл аянт (Москва)
Кызыл аянт
Кызыл аянт Викиказынада

Кызыл аянт (англ. Красная площадь) — Москва шаарынын борбордук аянты, батышынан Кремль менен тутумдаш. Кремль дубалынын чыгыш бөлүгү мамлекеттик дүр-дүйнө дүкөнү, Василий Блаженный храмы (Покров собору), мамлекеттик тарых музейинин имараты менен чектешет. 15-кылымдын аягында курулуп, 17-кылымдын 2-жарымынан Кызыл аянт деп (кооз) аталган. Алгач соода, 16-кылымдан салтанаттуу шааншөкөт өткөрүлүүчү жай болгон. Кызыл аянттын архитектуралык ансамблинин калыптанышында Кремль дубалы менен Спас, Сенат, Никола мунараларынын жана 1555-60-ж. зодчийлер Барма менен Постник салган Василий Блаженный чиркөөсүнүн ролу зор. 17-кылымдын аягында Кызыл аянтта бир катар административдик имарат: 1697-ж. Монета сарайы, 1699-ж. Земский приказ, кийин Башкы аптека салынган. Мында 18кылымдын башында маданий мекемелер топтоло баштаган. Спас дарбазасында китеп соодасы, Никола дарбазасында театр, 1755-ж. Башкы аптеканын имаратында Москва университети жана башка ачылган. 1818-ж. К. Минин менен Д. Пожарскийге эстелик тургузулган (скульптор И. П. Матрос). 19-кылымдын акыркы чейрегинде Кызыл аянтта тарых музейи, мамлекеттик дүрдүйнө дүкөндүн имараты тургузулган. Кызыл аянт орус тарыхындагы көптөгөн окуялардын аренасы болуп, Москвадагы «Туз козголоңу» (1648). «Жез козголоңу» (1662), Аткычтар көтөрүлүшү (1682) чыккан. 1924-30-ж. архитектор А. В. Щусевдин жетекчилиги менен В. И. Лениндин мавзолейи салынган. Мавзолей мурда жыгачтан, 1929-30-ж. таштан салынган. 1930-31-ж. Кызыл аянт брусчатка менен жабылып, трибуналар (архитектор И. А. Француз) жасалып, Кремль дубалын бойлото карагай отургузулган. 1992-94-ж. Кызыл аянттагы Казан собору калыбына келтирилген (1636-ж. салынып, 1936-ж. бузулган). Кремль дубалынын жанына мүрзөлөр жайгашып, эң көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлердин сөөктөрү, дубалына сөөк күлдөрү коюлган, мында эл аралык жумушчу кыймылынын кээ бир ишмерлеринин сөөктөрү да бар. Кызыл аянтта аскер параддары, демонстрациялар, митингдер өтөт. Москвадан чыккан бардык шосселер Кызыл аянттан баштап эсептелет.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]