Мазмунга өтүү

Кызыл кхмерлер

Википедия — ачык энциклопедия
Кампучиянын коммунистик партиясынын желеги

«Кызыл кхмерлер» (кхмер. ខ្មែរក្រហម) — Камбожанын Коммунисттик партиясынын жана коммунисттик кыймылынын ичинде кытайчыл багыттагы улутчул-агрардык агымдын расмий эмес аталышы[1]. Кызыл кхмерлердин басымдуу көпчүлүгү этникалык кхмерлерден турган[2]. Алардын идеологиясы маоизмге, батыш маданиятына каршы болууга, вьетнамга карата жек көрүү идеологиясына жана кхмер улутчулдугуна негизделген.

Бул агым 1968-жылы Кампучиянын Коммунисттик партиясынын ичиндеги кытайчыл канат катары пайда болуп, советчил канатка каршы турган. Кызыл кхмерлер, Түндүк Вьетнам, Түштүк Вьетнам жана АКШ да активдүү кийлигишкен Камбожадагы жарандык согуштун бир тарабы болгон. Кыймылдын мүчөлөрүнүн саны болжол менен 30 миңдей адам болуп, алгач бул саясий кыймылдын негизин Францияда жана Камбоджада билим алган радикал кхмер улутундагы жаштар түзгөн. Кийинчерээк кыймылдын катарын шаар тургундарын «америкалыктардын жактоочулары» деп жек көргөн, ата-энесинен ажыраган 12–15 жаштагы өспүрүмдөр толуктап турган[3][4].

Бийликти басып алуу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Пол Пот
Нородом Сианук

1975-жылдын 17-апрелинде (Түндүк Вьетнамдын аскерлери Сайгонго кирерине эки жума калганда) партизан күчтөрү өлкөнүн борбору — Пномпенди басып алышкан. «Кызыл кхмерлер» Пномпенди толук көзөмөлүнө ала электе эле ошол учурдагы Комбожанын президенти Лон Нолдун жана анын бир тууганынын тарапкерлерин туткундап, Пном Пхень стадионунда атып өлтүрүшкөн. Бул окуялардан кийин Кхмер Республикасынын расмий бийлиги кулап, президент Лон Нол өлкөдөн качып кеткен. Бир жыл бою өлкөнүн формалдуу башчылары катары үй камагындагы канзаада Нородом Сианук жана премьер-министр Пенн Нут эсептелишкен. Бирок расмий бийликтегилердин саясий ролу дээрлик жок эле жана иш жүзүндө бийлик коммунист-маоисттер «кызыл кхмерлердин» колунда болгон.

1976-жылдын 14-апрелинде Демократиялык Кампучиянын Эл өкүлдөр кеңешинин биринчи жыйынында өлкөнүн президенти жана мамлекеттик президиумдун төрагасы болуп Кхиеу Сампхан, премьер-министри болуп Пол Пот шайланган. Ушул эле жыйында премьер-министрдин үч орун басары — тышкы иштер маселеси боюнча Иенг Сари, улуттук экономика боюнча Ван Вет, улуттук коргоо иштерине жооптуу катары Сон Сен шайланган. Эл өкүлдөр кеңешинин Туруктуу комитетинин төрагалыгына Нуон Чеандын талапкерлиги бекитилген.

1978-жылдын декабрь айынын аягына карата «Кызыл кхмерлер» өлкөнүн болжол менен 99% аймагын көзөмөлдөп турган. Оппозиция (Лон Нолдун тарапкерлери) түндүктөгү жунглилерге сүрүлүп чыгарылган, ал эми Вьетнамды жактаган топтор аз санда жана ички уюштуруусу начар болгон.

Мамлекеттин Камбоджа аталышы Демократиялык Кампучия деп өзгөртүлүп, «кызыл кхмерлердин» бийликке келген жылы «нөлүнчү жыл» деп жарыяланган[5].

Социалдык түзүлүшү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Кызыл кхмерлердин униформасы

«Кызыл кхмерлердин» ички саясаты дүйнөдөгү практикадан толугу менен обочо болгон, алардын режиминин чыныгы мүнөзү кийин гана ачыкка чыккан. Демократиялык Кампучиянын беш жыл ичиндеги тарыхында жарандардын адам укуктары менен эркиндиктеринин, анын ичинде жашоого болгон укуктарынын бузулушу калктын чоң бөлүгүнө таасирин тийгизген[6].

«Кызыл кхмерлер» өлкөдө саясий диктатура орнотушкан. Алар Камбожада «жүз пайыз коммунисттик коомду» куруу максатындагы «революциялык эксперименттин» башталышын жарыялашкан. Камбожанын аймагында Пол Поттун идеяларына негизделген «аскердик коммунизмдин» жана «агрардык социализмдин» өзгөчө түрү түзүлгөн[7][8].

Бийликке келгенден кийин Пол Поттун өкмөтү дароо чечүүнү талап кылган үч тактикалык милдетти койгон:

  1. Кампучия коомунун негизин түзгөн дыйкандардын жакырланышын токтотуу, коррупция менен сүткорчулукту жоюу;
  2. Кампучиянын чет өлкөлөрдөн болгон туруктуу көз карандылыгын жок кылуу;
  3. Өлкөгө тартип орнотуу — бул үчүн эң катуу саясий режимди орнотуу зарыл деп эсептелген.

Стратегиялык жактан алганда, биринчи этапта шаар тургундарын толугу менен айыл жерине көчүрүү жүргүзүлгөн. Ошону менен бирге товарды акчага сатуу жана сатып алуу мамилелери, мамлекеттик мекемелер жарандарга көрсөткөн кызматтардын көбү, социалдык тармак жана элдин жашоосун камсыз кылган системалар жоюлган. Буддист кечилдери куугунтукка алынган, өлкө аймагында бардык диндерге тыюу салынган. Мындан тышкары мурунку режимдин ар кандай деңгээлдеги чиновниктери менен аскер кызматкерлери, ошондой эле плантациялардын жана ири чарбалардын мурдагы ээлери физикалык жактан жок кылынган (өлтүрүлгөн).

Эл үч негизги категорияга бөлүнгөн:

  • Биринчи — «негизги калк». Айыл аймактарында жашаган адамдарды камтыйт[9].
  • Экинчи — «жаңы эл» же «17-апрелдиктер». Бул шаарларда жана АКШ тарабынан убактылуу басып алынган же Лон Нолдун тарапкер күчтөрүнүн көзөмөлүндө болгон аймактардагы жашоочулар. Бул категорияларды кайрадан катуу ыкмаларды колдонуп тарбиялаш керек деп эсептелген. Чындыгында болсо бул топтогу адамдар, айрыкча түндүк жана түндүк-батыш аймактарга көчүрүлгөндөр кул катары, оор шарттарда иштешкен жана жашашкан. 1975-жылы ачарчылыктын жана оорулардын кесепетинен каза тапкандардын 99% ушул «жаңы эл» деп аталган категориядагы адамдар түзгөн[10][9].
  • Үчүнчү бөлүк — интеллигенция, дин кызматкерлери, мурдагы режимдин мамлекеттик аппаратында кызмат кылгандар, Лон Нолдун армиясынын офицерлери жана сержанттары, Ханойдон окуп келген ревизионисттер. Бул категориядагы кеңири масштабдуу тазалоого керек же башкача айтканда бул категориядагы адамдардын баарын толугу менен өлтүрүп жок кылуу керек деп эсептелген[9].

Бардык жарандар эмгектенүүгө милдеттүү болгон. Өлкөнүн бүт аймагы мажбурлаган эмгекке негизделген айыл чарба коммуналарына айландырылган. Коммуналарда жумуш күнү көп учурда 14 саатка чейин созулуп, айылдын жакыр жана орто дыйкандары, ошондой эле шаарлардан күч менен көчүрүлгөн адамдар абдан оор шарттарда жөнөкөй физикалык иштерди аткарышкан — негизинен күрүч эгүү жана сугат каналдарын казуу менен алектенишкен. Коммуналарга шаарлардан «америкалык чабуул коркунучуна байланыштуу эвакуация» деген жүйө менен чыгарылган адамдар дагы жайгаштырылган[11].

Коомдук тарбияга алынган балдар атайын концлагерлерге жайгаштырылып, аларга учурдагы режимге жана Пол Потко берилгендик сезимин сиңирүү, ошол эле учурда өз ата-энесин жек көрүүгө үйрөтүү максат кылынган. «Кызыл кхмерлердин» армиясына өспүрүмдөрдү алышкан — аларга курал берилген жана жергиликтүү бийлик дээрлик толугу менен өспүрүмдөрдүн колунда болгон. Алар көчөлөрдү кайтарып, плантациялардагы жумуштарды көзөмөлдөп, адамдарды кыйнап, кээде аёосуз өлтүрүп турушкан[12].

Медицина, билим берүү, илим жана маданият тармактары толугу менен жок кылынган. Ооруканалар, мектептер, жогорку окуу жайлары, китепканалар жана бардык маданий-илимий мекемелер жабылган. Акча колдонууга, чет тилдерге, чет өлкөлүк китептерге тыюуга салынган. Башчылардын буйруктарынан башка эч нерсени жазууга же окууга уруксат берилген эмес. Көз айнек тагынуу да «ишенимсиздиктин белгиси» катары эсептелген. Көз айнек тагынуу кээде адамды өлүм жазасына чейин алып келген айыптоолордун бирине себеп болгон.

Уурулук кылгандарды сотсуз эле атып салышкан. Өлүм жазасы эң майда күнөөлөр үчүн да колдонулган — мисалы, коммуна жетекчилигинин уруксатысыз бала төрөө, революцияга чейинки мезгилди жакшы убак эле деп эстөө, дарактан уруксатсыз мөмө үзүү же түшүм жыйналгандан кийин талаадан машак терүү. Улуттук жана социалдык себептер боюнча да геноцид жүргүзүлгөн — этникалык кытайлар, вьетнамдар, айрым тям элдери, мурдагы башкаруучу катмарлардын өкүлдөрү, буддист кечилдери жана башка дин кызматкерлери, дарыгерлердин, мугалимдердин, студенттердин жана жогорку билими бар адамдардын басымдуу бөлүгү үй-бүлөлөрү менен кошо өлтүрүлгөн[13].

Демократиялык Кампучияда «кызыл кхмерлер» атайын тилди киргизишкен — бул тил жаңыланган, «революциялык» сүйлөө формасы болуп, ал кадимки адабий сөздөрдү (анын ичинде «эне», «ата» сыяктуу) жаргон жана диалект сөздөр менен алмаштырган. Ошондой эле Түштүк-Чыгыш Азия элдерине мүнөздүү сылыктык формалары да толугу менен жокко чыгарылган[14][13].

Өлкөнүн жетекчилеринин ысымдары жана сүрөттөрү элден жашырылган. Пол Пот расмий түрдө «Бир тууган №1», Нуон Чеа — «Бир тууган № 2», Иенг Сари — «Бир тууган № 3», Та Мок — «Бир тууган № 4», ал эми Кхиеу Сампхан — «Бир тууган № 5» деген каймана аттар менен аталышкан.

Демократиялык Кампучия дээрлик толугу менен тышкы дүйнө менен болгон байланышын үзгөн. Толук кандуу дипломатиялык байланыштар Кытай, Албания жана Түндүк Корея менен гана жүргүзүлүп, ал эми Румыния жана Франция менен жарым-жартылай расмий мамилелер сакталып турган.

Туолслэнг геноцдге арналган музейде кызыл кхмерлер тарабынан тартылган миңдеген адамдардын сүрөттөрү илинген
Кызыл кхмерлердин колунан каза болгондордун баш сөөктөрү
Үңкүрлөрдөн табылган кызыл кхмерлердин колунан каза тапкандардын сөөктөрү

Диний ишенимдери үчүн куугунтуктоо

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Демократиялык Кампучиянын Конституциясында: «Демократиялык Кампучияга жана кампучиялык элге зыян келтирген диндерге катуу тыюу салынат» деп жазылган. Бул конституциялык беренеге ылайык, жарандардын диний ишенимдерине негизделген куугунтук жана массалык жок кылуу жүргүзүлгөн[10][7].

Биринчилерден болуп, 1975-жылдын 18-апрелинде Кампонгспы провинциясынын Удонг округунун Пранг пагодасында буддисттик уюмдун башчысы Хуот Тат өлтүрүлгөн[15]. 82 миң буддист бонзалырыны ичинен өтө аз сандагы гана адамдам качып кутулууга жетишкен, калгандары режим тарабынан өлтүрүлгөн. Будданын эстеликтери, айкелдери жана буддисттик китептер жок кылынган, пагодаларга жана храмдарга кампа жайларына айланган. Мурдагы Камбожадагы 2800 пагоданын баары толугу менен иштебей калган[10].

1975–1979-жылдары Камбоджадагы бардык 60 миң христиан өлтүрүлгөн[8]. Бардык чиркөөлөр талкаланып, көпчүлүгү жардырылган.

Камбожа мусулмандарынын башчысы Хари Рослос жана анын жардамчылары Сулейман ажы менен Мат Сулейман ажы кыйноолордон кийин өлтүрүлгөн[16]. Кампонгсием округундагы 20 миң мусулмандын эч кимиси тирүү калган эмес[17]. Ошондой эле аталыштагы провинциядагы 20 миң мусулмандын ичинен төртөө гана тирүү калган. Бардык 114 мечит талкаланып, айрымдары чочко сарайына айланып, кээ бирлери динамит менен жардырылган же бульдозер менен сүздүрүлүп салынган[16][17][10].

Генецидди балоо боюнча маалыматтар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Репрессиялардын натыйжасында ар кандай булактардагы маалыматтарга ылайык 1 миллиондон 3 миллионго чейин адам өлтүрүлгөн деп эсептелет[8]. Каза болгондордун так санын аныктоо мүмкүн эмес, анткени калкты каттоо жүргүзүлгөн эмес жана ошол убактагы Камбожанын калкынын так саны боюнча маалыматтар жок болгон. Демократиялык Кампучиянын өкмөтүнүн жана Элдик революциялык трибуналдын маалыматы боюнча 2,75 миллион адамдын «кызыл кхмерлердин» кылмыштарынын айынан каза тапкан[18].

«Кызыл кхмерлер» бийликте турган кезде, Батыштагы айрым солчул интеллигенттер геноцидд болгон эмес же генациддин курмандыктарынын саны ашыкча көрсөтүлгөн деп эсептеген. Вьетнамдын басып кирүүсүнөн кийин, Пол Поттун кылмыштары тууралуу фактылар батыштын маалымат булактарында кеңири жарыяланганда, солчулдар өз көз карашын өзгөртүүгө аргасыз болушкан. Бирок кийинчерээк консервативдик басма сөз булактары Пол Поттун кылмыштарын азайтып көрсөтүүгө аракет кылган, анткени НАТО өлкөлөрүндө Камбожаны социалисттик Вьетнамга каршы турган союзчу катары карашкан. Ушул себептерден улам «кызыл кхмерлер» 1990-жылдардын башына чейин Кампучиянын БУУда өкүлү болуп турушкан.

Учурда чет элдик талдоо «кызыл кхмерлердин» саясатын көбүнчө кхмер элине карата экстремалдуу геноцид катары баалайт, бирок курмандыктардын санын аз белгилегендер да бар. Мисалы, Дүйнөлүк банк 1975–1980-жылдар аралыгында жабыркагандардын саны болжол менен жарым миллион деп көрсөтөт. Кээ бир талдоочулар андан дагы аз баа беришет. Мисалы, Milton Leitenberg 80–100 миң адам өлтүрүлгөн деп эсептейт. Ошол эле учурда, айрым жергиликтүү калк «кызыл кхмерлер» бийликтеги мезгилди колдойт, студенттердин үчтөн бири Пол Потту Кампучиянын тарыхындагы эң белгилүү инсан деп эсептеген[19][20].

2003-жылы БУУ колдоосу менен түзүлгөн Кампучиянын Өзгөчө трибуналы «кызыл кхмерлердин» төрт эң жогорку даражалуу кызматкерине каршы коюлган айыптоолор боюнча иш жүргүзгөн[21]. Канг Кек Иеу 12 миң адамды Туолслэнг түрмөсүндө өлтүргөнү үчүн айыпталып, соттолгон[22][23]. Төрт айыпталуучунун ичинен жалгыз бири гана басым алдында күнөөсүн моюнга алган[22].

Вьетнам менен согуш жана «кызыл кхмерлердин» режимин кулашы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Камбожадагы бомбалоодон кийин калган кратерлердин абадан көрүнүшү

Жарандык согуш жана «кызыл кхмерлер» режиминин аракеттери өлкөнү кыйынчылыктарга дуушар кылган. Бирок, кыска убакыттан кийин «кызыл кхмерлер» Вьетнамга каршы согушту башташкан[24]. 1975-жылдын май айында, Вьетнам согушу аяктагандан кийин «кызыл кхмерлер» Фукуок аралына биринчи чабуул жасашкан жана кийинчерээк да дайыма ушундай чабуулдарды улантып турушкан. Чабуулдардын натыйжасында вьетнамдын карапайым калкы өлтүрүлгөн. Мисалы, Тхо-Чу аралына болгон чабуул учурунда 500 вьетнамдык адам каза болгон.

Вьетнам менен чектеш «Чыгыш аймактын» башчысы Сао Пхим бул аймакта өзгөчө катуу режим орноткон. 1978-жылдын май-июнь айларында чыккан көтөрүлүштөн кийин ал өзүн-өзү өлтүргөн, анын жакын туугандары дагы өлтүрүлгөн. Бирок көтөрүлүш катуу басылган жана репрессиялардын жыйынтыгында 100 миңден ашык жергиликтүү тургундар, Сао Пхимдин туулуп-өскөн айылы толугу менен жок кылынган. Аман калган адамдар Вьетнамга качууга аргасыз болгон[25].

1978-жылдын 25-декабрында (же ноябрда) Вьетнам аскерлери Пол Поттун бийлигин куратуу максатында Кампучияга толук масштабдуу согуш менен басып кирген[26][27]. Аларга «кызыл кхмерлердин» бир топ бөлүгү кошулган. 1979-жылдын 7-январында Пномпень басып алынган. Мурдагы жогорку даражалуу командир Хенг Самрин вьетнамчыл Кампучия Элдик Республикасынын өкмөтүн жетектеген[28].

Пол Поттун режиминин Вьетнам тарабынан кулатуу Кытайда катуу нааразылыкты жараткан. Вьетнам менен Кытайдын чек арасындагы кагылышуулардан кийин 1979-жылдын 17-февралында Кытай армиясы Вьетнамга басып кирген. Кытай күчтөрү оор жоготууларга учурап, Вьетнамдын аймагына болгону 50 км аралыкка гана кире алган. Бир айдан кийин Кытай-Вьетнам согушу аяктаган, эки тарап тең чечүүчү жеңишке жетише албаган[29].

Вьетнам аскерлери «кызыл кхмерлердин» бийлигин кулаткандан кийин, алар багынып бербестен Кытайдын колдоосуна таянып вьетнамчыл жана советчил Хенг Самринге каршы согушту уланткан[29].

1982-жылы эмиграциядагы Демократиялык Кампучиянын Коалициялык Өкмөтү (CGDK) түзүлүп, БУУ жана башка эл аралык уюмдарда Кампучияны өкүлү болуп калган. Демократиялык Кампучиянын Коалициялык Өкмөтүнүн курамына Пол Поттун Демократиялык Кампучия партиясы, мурдагы премьер-министр Сон Саннын батышчыл Кхмер элинин эркиндик фронту жана ФУНСИНПЕК партиясынан кирген канзаада Сиануктун тарапкерлери кирген. «Демократиялык Кампучиянын» башчысы — Сианук, премьер-министр — Сон Санн болгон, бирок коалициянын негизги аскердик күчү болуп «кызыл кхмерлер» кала берген.

Ошол жылдарда Батыштын айрым өкүлдөрү «кызыл кхмерлерди» ар тараптуу колдогон. Мисалы, Индокытай боюнча адис, неоконсерватор Дуглас Пайк Пол Потту «кандуу, бирок ийгиликтүү агрардык революциянын харизмалуу лидери» деп баалаган жана «кызыл кхмерлердин» бийликке келүүсүндө коркунуч жок деп эсептеген.

Ички пикир келишпестиктер жана кыймылдын абалынын начарлоосу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
1989-1990-жылдардагы кызыл кхмерлер көзөмөлдөгөн аймактары
Канг Кек Иеу Кызыл кхмерлер трибуналы учурунда. 2009-жыл 20-июль

Катуу иерархияга жана репрессияларга карабай «кызыл кхмерлердин» жетекчилигининин арасында башынан эле ички карама-каршылыктар болгон[25].

1971–1975-жылдары Камбожанын түштүк жана чыгыш райондорунда партизандык кыймылдын негизин «кызыл кхмерлер» эмес, канзаада Сианукты колдогон, бирок идеологиясы жактан «жумшак» Кхмер Румдо кыймылы түзгөн[30]. Алардын кийиминин формасы Вьетнам үлгүсүндө болуп «кызыл кхмерлердин» кара кийиминен айырмаланыа турган. 1975-жылга карата Кхмер Румдо формалдуу түрдө «кызыл кхмерлерге» баш ийген жана Кхмер Румдо кыймылынын мүчөлөрүнө карата репрессиялар башталган. Биринчилерден болуп «кызыл кхмерлердин» экстремалдуу иш-аракеттерин сынга алган Ху Юн өлтүрүлгөн[7].

1976-жылдын сентябрында Пол Пот премьер-министрлик кызматын Нуон Чеага өткөрүүгө аргасыз болгон, бир айдан кийин Нуон Чеа кайрадан Пол Потко премьер-министрлик кызматын өткөрүп берген. 1977-жылы жогорку жетекчилик мүчөсү Ху Ним атылган.

Кхмер Румдо фракциясы талкалангандан кийин анын кызматкерлери Вьетнамды колдогон партизандык кыймылынын бир бөлүгү болуп калган. Бул партизандык кыймылдын башчысы Хенг Самрин Вьетнам аскерлеринин жеңишинен кийин бийликке келген.

1990-жылдардын башында «кызыл кхмерлер» эл аралык таанылышын жоготуп, алардын таасири азайган. 1992-жылы Кхиеу Сампхан жетекчилигинде Камбожанын улуттук биримдик партиясы түзүлүп, «кызыл кхмерлер» саясий өкүлчүлүктү сактап, партизандык согушту уланткан. 1993-жылы алардын саны 10–20 миңдей болгон, анын 5 миңи аскерлер болгон жана өлкөнүн 15–20% аймагын көзөмөлдөгөн[19].

1994-жылы түштүк аймактардагы базалар жоюлуп, Таиланд жана Кытай «кызыл кхмерлерди» колдоону токтоткон.

1997-жылы ички күрөш күчөп, Кхиеу Сампхан өз партиясын түзгөн.

«Кызыл кхмерлердин» кыймылы 1998-жылы формалдуу түрдө жоголгон. Кхиеу Сампхан бийликтен ажыратылган, Иенг Сари өкмөт менен келишим түзүп, кээ бир батыш аймактарын көзөмөлдөп турган. Акыркы радикалдык аскер башчы Та Мок 2000-жылы камакка алынган жана 2006-жылы каза болгон[31][32].

2007-жылы 19-сентябрда Нуон Чеа («Бир тууган №2») адамзатка каршы кылмыштар боюнча камакка алынган[33].

2007-жылкы маалыматтарга ылайык «кызыл кхмерлердин» кыймылы толук жоголгон жана мурунку мүчөлөрү жунглилерде жашап, майда кылмыштар жана контрабанда менен алектенген.

«Кызыл кхмерлердин» башчыларынын бири болгон Иенг Сари 2013-жылы 14-марта Пномпенде каза болгон[34][35].

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Гурницкий В. Песочные часы. М.: Радуга, 1983.
  • Самородний О. Тайны дипломатии Пол Пота. Таллинн, 2009. ISBN 978-9949-18-679-2.
  • Самородний О. Пол Пот: Камбоджа — империя на костях?. Алгоритм, 2013. ISBN 978-5-4438-0502-3.
  • Шубин В. В. Кампучия: суд народа. М., Юридическая литература, 1980.
  1. Камбоджа соттундагы өзгөчө сот палаталары. Кызыл кхмермлер ким болгон?
  2. Euronews. Бывший солдат "красных кхмеров" дает показания
  3. Вокруг света. Чемпионы по геноциду: краткая, но поучительная история кампучийских красных кхмеров
  4. Deutsche Welle. "Красные кхмеры": полвека спустя
  5. Жеймс Тайнер. The Killing of Cambodia: Geography, Genocide and the Unmaking of Space
  6. Asia Pacific Foundation of Canada. The Rise and Fall of the Khmer Rouge Regime
  7. 1 2 3 ThoughtCo. Khmer Rouge: Regime Origins, Timeline, and Fall
  8. 1 2 3 Дилентант. Братья, которые запретили города
  9. 1 2 3 Военное обезрение. Пол Пот. Путь красного кхмера. Часть 3. «Рисовый коммунизм»
  10. 1 2 3 4 Holocaust Memorial Day Trust. Genocide in Cambodia
  11. Лента. Кровавые казни, массовый голод и отмена денег.
  12. Encyclopædia Britannica. Khmer Rouge
  13. 1 2 Корея изнутри. Геноцид красных кхмеров
  14. ИЛИ РАН. Язык «красных кхмеров». Старые слова и новые смыслы
  15. Pot Pol; Sary, Ieng; révolutionnaire, Cambodia Tribunal populaire (2000-04-04). Genocide in Cambodia: Documents from the Trial of Pol Pot and Ieng Sary. University of Pennsylvania Press
  16. 1 2 Islam News. «Красные кхмеры» убили половину мусульман Камбоджи
  17. 1 2 Islam.kz. Геноцид мусульман, устроенный красными кхмерами в Камбодже
  18. The United States Holocaust Memorial Museum. Cambodia 1975–1979
  19. 1 2 Планета. «ВНУКИ» ПОЛ ПОТА
  20. USC Shoah Foundation. Cambodian Genocide
  21. Introduction to the ECCC. Extraordinary Chambers in the Courts of Cambodia. Текшерилген күнү 1 -ноябрь (жетинин айы) 2025. Түп булактан архивделген күнү 27 -июль (теке) 2011.
  22. 1 2 BBC. Камбоджа: закончен суд над тюремщиком при красных кхмерах
  23. Радио Свобода. Обозреватели РС - об итогах трибунала в Камбодже
  24. Дилетант. Триумф красных кхмеров
  25. 1 2 Modern Southeast Asia. The Cambodian Genocide, 1975-1979 (Ben Kiernan, 2004)
  26. Правда. Вторжение в Камбоджу - причины войны - Военная история
  27. Alpha history. Хронология войны во Вьетнаме: Камбоджа
  28. Режим "красных кхмеров": работай и умирай. «Красные кхмеры» и «геноцид в Камбодже
  29. 1 2 ВЬЕТСОВПЕТРО. 40 лет назад Вьетнам освободил Камбоджу (фото)
  30. Library of Congress Country Studies: Cambodia - Major Political and Military Organizations
  31. Лента. Мясник "красных кхмеров" обвинен в преступленях против человечности
  32. Коммерсантъ. Последний из "красных кхмеров"
  33. ООН. Суд в Камбодже признал лидеров «красных кхмеров» виновными в совершении геноцида
  34. Голос Америки. Умер Йенг Сари – один из организаторов геноцида в Камбодже
  35. BBC. Умер Иенг Сари, один из лидеров "красных кхмеров"

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]