Кызыл Өзгөрүш айыл өкмөтү

Википедия дан

Кызыл Өзгөрүш айыл өкмөтү - Токтогул районундагы администрациялык-аймактык бирдик.

Облустун борборунан 329 км түндүк тарапта, райондун борбору Токтогул шаарчасынан 85 км түштүк-чыгышында, Ташкөмүр темир жол бекетинен 147 км аралыкта. Айыл өкмөтүнө Кызылөзгөрүш, Бууракан.Аңарык, Белкарасуу, Камышбашы, Коңурөгуз, Койташ, Ортожон, Чечдөбө, Шайык, Акжар айылдары карайт.

  • 1926-ж. уюшулган (алгач Кызылөзгөрүш айыл чарба артели деп аталган).
  • 1933-34-ж. Ташбашат, Аңарык айыл кеңештери, Ташкечүү колхозу Кызыл Өзгөрүш айыл өкмөтүнө кошулат.
  • 1958-ж. Азыркы айыл өкмөттүн аймагын да колхоздор жоюлуп, “Үчтерек” совхозу уюшулган.

Калкы 10050 (2004); негизинен мал чарбасында жана талаачылыкта эмгектенет. Жалпы жер аянты 48,2 миң га, айдоо жери 2,3 миң га, анын 1,3 миң гасы субат, 1,0 миң гасы кайрак жер. Айыл өкмөтүндө 60 дыйкгш-фермердик чарбалары уюшулган орто мектеп, балабакча, 3 тегирмен, 3 май чыгаруу цех, оорукана, клуб, кийим тигүү цехи, аптека, байланыш бөлүмү, устакана ж. б. бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5