Кызыр Илияс

Википедия дан

Кызыр Илияс — кудуреттүү күчкө ээ, касиеттүү колдоочу. «Манас» эпосунда кырк чилтен менен бирге Манастын колдоочуларынын бири катары айтылат (Сагымбай Орозбаков, 1. 114). Илияс — куранда пайгамбар. Сууга аккандарга, чөккөндөргө жардам кылат. Семетейди Үргөнчтөн кечүүгө жардам бергени, колдогону сүрөттөлөт: «Суунун пири Илияс Азыр акең жар болуп, Ошол жерде бар болуп, Семетейди жылоосунан алды дейт» (Кол жазмалар фондусу, 176-инв., 114-б.).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4