Кыз оюну

Википедия дан

Кыз оюну. Кыргыз элинин байыркы оюндарынын бири. Көбүнчө боз үйдүн (атайын тигилген ак өргөөнүн) ичинде кызга жигит күйөөлөп келгенде ойнолгон. 12 жаштан жогорку улан – кыздар ойношот. Катышуучулардын саны чектелбейт. Уландар үйдүн эр жагына, кыз – келиндер эпчи жагына олтурушат.Адатта оюнду шакылдаган шайыр келин башкарат. Ал бир жоолукту эшип токмок кылып кыз – келиндердин арасына таштайт. Бирөө токмокту катып алат. Ошондо күйөө жолдош ордунан туруп:
Ай бештен тоголду,
Айкашып ойноп жатканда,
Менин токмогум кайда жоголду?
Ак жамгыр жаабай ным болду,
Айкашып ойноп жатканда,
Токмогумду алган ким болду?
Токмогум башы томолок,
Айткылачы курдаштар,
Токмогум кайда жоголот?
Токмогума күйүнчү
Токмогум алган келинге
Тогуз жоолук сүйүнчү!.. –
деп, ырчы – жамакчылыгына жараша безеленип ырдап, эңкейип далысын тозот. Ошол учурда токмокту катып алган кыз же келин ордунан туруп аны 9 жолу далыга чаап, ага токмокту берет. Ал адегенде кыз – күйөөнү, андан кийин дагы ырдап, каалаган кыз – келиндерди жар көрүштүрөт. Токмокту оюнду башкаруучу алып, аны кыз – келиндерге берет. Кыз – келиндер кезек менен улам бири токмокту алып, жигиттерге токмок салат. Ким токмок салса, ошол жигит туруп ырдайт да токмок алган кыз же келин менен жар көрүшөт. Оюн ушул тартипте улантыла берет. Бул оюн боз улан колуктусуна күйөөлөп же алып кеткени барган учурда кыздын төркүнүндө өткөрүлгөн. Кыз оюну сармерден, шакек салмай, бут басмай, жоолук таштамай, жолдош сурамай ж.б. оюндар, ыр – күү менен коштолгон.
Пайдаланылган адабият: Токторбаев С. “Өспүрүмдөр оюндары”.