Мазмунга өтүү

Кыймылдаткычты муздатуу

Википедия — ачык энциклопедия

Кыймылдаткычты муздатуу — кыймылдаткычтын бөлүктөрүн өтө ысып кетүүдөн сактап, белгилүү температурада кармап туруу. Суюктук (көбүнчө суу) жана аба аркылуу муздатуу болуп айырмаланат. Кеңири таралган түрүнө суюктук менен муздатуу кирет жана анда суюктукту насостун жардамы аркылуу айландырып (циркуляция), цилиндрлердин башы муздатылат. 0°Сден төмөнкү температурада суунун ордуна жылдын бардык мезгилинде колдонулуучу суюктуктар, антифриздер пайдаланылат. Аба аркылуу Кыймылдаткычты муздатууда цилиндрлердин башынан жана башка бөлүктөрдөн бөлүнүп чыккан жылуулук аба менен үйлөтүлүп чыгарылып турат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]