Кыймылдын туруктуулугу
Кыймылдын туруктуулугу – механиканын негизги түшүнүктөрүнүн бири.
Ар кандай механикалык системанын (машина, самолёт, снаряд ж. б.) кыймылы аларга таасир эткен күчкө жана баштапкы шарт деп аталуучу кыймыл башталган учурдагы алардын абалына жана ылдамдыгына көзкаранды. Аракет этүүчү күч жана баштапкы шарт белгилүү болсо, система кандайча кыймылдарын эсептөөгө болот. Бул кыймыл дүүлүкпөгөн кыймыл деп аталат. Ал эми ар кандай себептер менен мааниси баштапкы шарттан четтеген кыймыл дүүлүккөн кыймыл делет. Коюлган күчтүн аракеттешүүсүнөн кыймылдоочу механикалык системага кандайдыр кокусунан пайда болгон начар күч (жел, начар түрткү ж. б.) таасир кылганда анын дүүлүкпөгөн кыймылынын өзгөрбөшү Кыймылдын туруктуулугу деп аталат. Мындай жөндөмдүүлүккө ээ болбогон кыймыл туруктуу эмес деп эсептелет. Механикалык системанын кыймылы туруктуу болгон шарт туруктуулук критерийи деп аталат. Кыймылдын туруктуулугу теориясы техниканын көп тармагында практикалык чоң мааниге ээ. Кыймылдын туруктуулугуна ар кандай түрдөгү кыймылдаткыч, машина, самолёт, ракета, гироскоп куралдары, автоматтык жөндөө системалары ж. б. ээ болууга тийиш.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0