Кыйшык корум гүл
Кыйшык корум гүл (лат. Alajja anomala (Juz.) Jkonn), (Erianthera anomala Juz.) - Көп жылдык, тамыр-сабактуу, жыш баркыт кийиздей түктүү буласынан ак буурул көрүнгөн өсүмдүк. Жалбырактары бүтүн кырдуу же бир аз тишчелүү, сабактын тегиндегилери – кичине, жалбырак саптуу. Гүлүнө жакын жалбырактары ири, жалбырак сапсыз, кичирээктери бүтүн кырдуу, жалбырак саптуу. Жалбырак тишчелери билинер- билинбес. Гүл жан жалбырактары ири, гүл отургучу кыска. Гүлдөрү 2-4 жалган мутовкада. Гүл коргону ири, узундугу 3-4 мм, кызгылтым-сыя, сырты жумшак түктүү, узундугу 1,5-2 см, туурасы 3-4 мм жана эки эриндүү бүгүлгөн түтүкчөлүү. Үстүңкү эрини бошомук сымал, айчыктуу, төмөнкүсү – имерилген, үч калакчалуу, ири тилинген ортоңку калакчалуу, эки четкилери болсо кичирээк, бүтүн.
Биологиялык өзгөчөлүктөрү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Июлң-августта гүлдөйт. Уругу аркылуу жана вегетативдик жол менен көбөйөт.
Жалпы жана өлкөдө таралышы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргызстан: Ички Тянңшанң (Тогузторо, Актеке тоосу) жана Алай кырка тоолору.
Өсүү шарттары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Алңпы жана субнивалдык алкактардын тик, таштактуу түштүк беттери. Шагылдар.
Саны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Анча көп эмес.
Чектөөчү факторлор
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Аныкталбаган.
Өстүрүү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Маалымат жок.
Уюштурулган коргоо аракеттери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Атайын коргоо чаралары иштелип чыккан эмес. Кыргыз ССРинин Кызыл китебине (1985) киргизилген.
Коргоо үчүн зарыл аракеттер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жалпы эле бийик тоолордун жаратылышын коргоого байланыштуу түрдүн өскөн аймактарын корукка алуу.
Статусу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]VU. Тоолуу Борбордук Азиянын эндеми. Сейрек учуроочу түр, бийик тоолордо гана кездешет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби 2-басылышы – Бишкек: 2006. – 544 б. – ISBN 9967-23-367-2