Кылак-булак тоосу

Википедия дан

Кылак-булак тоосуТалас Ала-Тоосунун түн. тармагы. Шилбилисай ж-а Карабуура (Таластын сол куймалары) сууларынын ортосунда, түштүктөн түндүккө карай 32 кмге дого сымал созулуп жатат.

Туурасы 7 км, орт. бийикт. 3000 м, эң бийик жери 3966 м. Кыры тайпак, тик чокулар ж-а аскалар жокко эсе, батыш капталы жазы, Карабулак, Сагызган, Кайыңды (Шилбилисайдын куймалары) сууларынын капчыгайлары м-н терең тилмеленген, чыгыш капталы кыска, Карабуура суусуна тик түшүп, кокту-колоттуу. Негизинен рифейдин филлит, кумдук, алевролит, сланец, акиташ тектеринен түзүлгөн. Кургак талаа (2400 мге чейин), арча ж-а бадал аралашкан шалбаалуу талаа (2400–3000 м), субальп ж-а альп шалбаасы, шалбаалуу талаасы (3000–3500 м), андан жогору нивалдык-гляциалдык ландшафт зоналары мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2