Мазмунга өтүү

Кылмышты жаап-жашыруу

Википедия — ачык энциклопедия

Кылмышты жаап-жашыруу – кылмышка катыштын бир түрү. Кылмышка байланышкан, бирок кошо катышуу болуп саналбаган иш-аракеттер түрүндө болот. К. ж-нун объективдүү тарабы кылмышкерди, кылмыш жасоонун кылмыштуу жол менен табылган заттарын, куралдарын жана каражаттарын жашыруудан көрүнөт. Бул аракеттер ал адам тарабынан тийиштүү кылмыш иши жасалып бүткөндөн кийин иштелет, ошондуктан жаап-жашыруу жасалган кылмыш жана анын кылмыштуу жыйынтыктары менен себептик байланышта турбайт. КР кылмыш-жаза мыйзамдары өзгөчө оор кылмыштарды алдынала убада кылынбаган жашыруу үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин белгилейт. Жубайын же жакын тууганын жаап-жашыргандыгы үчүн адам кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууга жатпайт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]