Кылтак
Кылтак – жылкынын куйрук кылдарынан чыйратылып жасалган сыйыртмак. Узун укурукка байланган Кылтак менен алгыр куштар кармалган. Ийиндеринин оозуна салып коён, түлкү, сары чычканды зымдан жасалган Кылтак менен кармашкан.
Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]
“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”