Мазмунга өтүү

Кылычбек Ураимов

Википедия — ачык энциклопедия

Кылычбек Ураимов — кыргызстандык педагог жана олимпиадалык программалоо боюнча машыктыруучу. Ал «Сапат» билим берүү мекемелеринде жана бир катар мектептерде информатика сабагын окутат, ошондой эле эл аралык жана республикалык деңгээлдеги информатика олимпиадаларына окуучуларды даярдоо боюнча тажрыйбалуу адис. Анын жетекчилигинде кыргызстандык окуучулар көптөгөн алтын, күмүш жана коло медалдарды утуп, өлкөнүн билим берүү тармагында жогорку натыйжаларга жетишкен.

Кылычбек Ураимов жаш кезинен эле информатика жана программалоо тармагына кызыккан. Ал өз билимин өнүктүрүп, педагогикалык ишмердүүлүккө аралашып, таланттуу окуучуларды тарбиялоого багыт алган. Кыргызстандагы бир катар билим берүү мекемелеринде иштеп, олимпиадалык программалоону өнүктүрүүгө чоң салым кошуп келет.

Ишмердүүлүгү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ураимов олимпиадалык программалоо боюнча машыктыруучу катары белгилүү. Ал окуучуларды алгоритмдер жана маалыматтык түзүмдөр боюнча терең билимге үйрөтүп, эл аралык сынактарга даярдайт. 2022-жылы Нарын шаарындагы Борбордук Азия Университетинин кампусунда өткөн интенсивдүү окутуу лагеринин негизги тренерлеринин бири болгон. Бул окуу лагеринен кийин анын окуучулары Эл аралык информатика олимпиадасынан (IOI) медалдар менен кайтышкан.

Кылычбек Ураимов жетектеген командалар жана окуучулар ар кандай эл аралык мелдештерде жогорку натыйжаларды көрсөтүшкөн, алардын катарында:

  • Евразиялык олимпиада по информатике — бир нече жолу алтын, күмүш жана коло медалдар.
  • Международная олимпиада Info-Cup (Румыния) — күмүш жана коло медалдар.
  • Международная Жаутыковская олимпиада — бир нече жолу байгелүү орундар.
  • IMPACT Olympiad — алтын медаль (мыкты тренер катары).

Сыйлыктары жана таанылуусу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кылычбек Ураимов билим берүү тармагындагы жетишкендиктери үчүн мамлекеттик деңгээлде сыйланган. 2024-жылы Кыргыз Республикасынын президенти жана башка расмий адамдар аны эл аралык олимпиадаларга даярдаган ишмердүүлүгү үчүн сыйлык менен урматташкан.

IOI — International Olympiad in Informatics — мектеп окуучулары үчүн программалоо боюнча эл аралык олимпиада.
Год Ученик Класс / Учебное заведение Награда
2022 Айдар Мундузбаев 10-кл., лицей Ч. Айтматова (Бишкек) Коло медаль
2022 Тенгиз Беккойонов 10-кл., лицей Курманбека Баатыра (Ж-А) Коло медаль
2022 Данияр Бейшекеев выпускник, лицей М. Субакожоева (Нарын) Коло медаль
2022 Талант Дыйканбаев выпускник, лицей Ч. Айтматова (Бишкек) Ардак грамота
2023 Айдар Мундузбаев 11-кл., лицей Ч. Айтматова (Бишкек) Серебро
2023 Тенгиз Беккойонов 11-кл., лицей Курманбека Баатыра (Ж-А) Бронза
2023 Алихан Айдарбеков 10-кл., лицей М. Субакожоева (Нарын) Бронза
2023 Байторо Майрамбеков 11-кл., лицей «Манас-Ата» (Талас) Ардак грамота
2024 Алихан Айдарбеков (Сапат) Серебро
2024 Ян Борус (Сапат) Серебро
2024 Байторо Майрамбеков (Сапат) Бронза
2024 Абдулазиз Лебиев (Сапат) Ардак грамота
2025 Алихан Айдарбеков 11-кл., лицей «Сейтек STEM» Бронза
2025 Абдуллахан Абдирасулов 9-кл., лицей «Сема», Ош Бронза
2025 Али Арапов 9-кл., лицей «Сема», Ош Почётная грамота

Школьники из КР завоевали медали на олимпиаде по информатике в Боливии

Школьники из Кыргызстана завоевали бронзу на Международной олимпиаде по информатике IOI

Кыргызстанцы завоевали две бронзовые медали на Международной олимпиаде по информатике

Школьники из Кыргызстана завоевали бронзу на олимпиаде по информатике в Боливии

В олимпиаде по информатике команда из Кыргызстана стала лучшей среди стран Центральной Азии

Студентов «Сапата», получивших награду на Всемирной олимпиаде, принял министр образования и науки Каныбек Иманалиев. Archived 2025-06-19 at the Wayback Machine

Как подготовить кыргызстанских школьников к олимпиаде по программированию и поднять их на трамплин для мировой карьеры

https://www.instagram.com/reel/DAaxiiMynph/