Кылыч куйрук баяс

Википедия дан

Кылыч куйрук баяс — «Манас» эпосундамифтик жаныбар. Алооке кандын ажайыпканасындагы реалдуу жана эпикалык жаныбарлардын арасында сүрөттөлөт:

Кылыч куйрук баяс бар

Кызыл аюу, саяс бар,

Маймыл дарек деген бар,

Жабыр баян бир жандар,

Пил, керикти жеген бар (Сагымбай Орозбаков, 2. 183).

Эпостун башка эпизодунда Манас бала чагында жолдоштору менен салбырынга барып, К. к. б. жолугуп Аккелте менен атып өлтүрөт. Ал жаныбарлардын сырткы келбети сүрөттөлөт.

Чоңдугу бар өгүздөй, Аяк басса адамдай, Капталында канат бар, Куйругунда кылычы, Куп тамаша бул ушу (Сагымбай Орозбаков, 1. 225).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4