Кымыз менен дарылоо

Википедия дан
Кымыз

Кымыз менен дарылоо— түрдүү ооруларды дарылоодо бээнин сүтүнөн ачытылып жасалган кымызды пайдалануу. Ал байыртан эле белгилүү. Кымыз менен дарылоо Орто Азия, Казакстан, Башкырстан жана башка жерлердеги санаторийлерде кеңири жүргүзүлөт. Төөнүн, уйдун, эчкинин сүтүнөн да кымыз ачытылат. Бирок алар майлуулугу боюнча бээнин сүтүнөн жасалган кымыздан алда канча айырмаланып турат. Организмге жагымдуулугу, пайдалуулугу, минерал заттардын көптүгү жагынан бээнин сүтүнөн жасалган кымыздын артыкчылыгы бар. Кымызда А, В, С витаминдери, сүт кислотасы, кант, минерал заттар, май, көмүр кычкыл газ болуп, алардын көптүгү жылкы оттогон жайытка жараша болот. Кымызды ичкенден кийин ичеги-карын жолдорунун бездери дүүлүгүп, карын зилин чыгаруу күчөйт. Ал себептен аны ачкарын ичүүгө болбойт, анткени ал карын, ичегилерди тез дүүлүктүрөт. Айрым ичеги-карын ооруларынан жапа чегип жүргөндөр, адегенде көп өлчөмдө ичсе терс таасир тийгизиши мүмкүн. Ошондуктан кымызды кичинеден, өлчөмүн улам күн өткөн сайын жогорулатып, жакшы сиңимдүү, эт-аштуу, аш болумдуу тамак-аш менен ичип, байыр алуу талап кылынат. Кай бир оорусу бар адамдарга жаңы саалып алынган (ачый элек) бээ сүтүн ичүү да сунуш кылынат. Кымыз тамакка табитти ачат. Кымыздын тутумундагы сүт кислотасы тамак-аштагы белоктордун, майлардын, ар кандай канттардын сиңирилүүсүнө көмөк болот. Кымыз адегенде жүрөктү лакылдатып, кан басымын бир аз көтөрөт, дени соо адамдар андан бат эле арылып, бара-бара тамырдын кагышы кадимки калыбына келет. Кан тамырларга да кымыз кыйла жакшы таасир тийгизгендиктен, эритроциттер менен лейкоциттердин саны арта тургандыгы илимде аныкталган. Бирок, гипертония оорусунда, жүрөк кемтигинде кымыз ичүүгө тыюу салынат. Бир катар организмдин өнөкөт же катуу кармаган ооруларында «баарына эле дары» деп кымызды иче берүүгө болбойт. Ошондуктан кымыз ичип — «дартка даба издөөдөн» мурун сөзсүз врачка көрүнүп, кеңеш алуу керек. Кээде айрым адамдар кымыз ичкенде жүрөгү айланып, кусуп, башы ооруп, уйкусу качса аны ичпөө керек. Кымыз туберкулёз ооруларында, аз кандуулукта, ошондой эле өнөкөт бронхитте, энтероколитте жана башка врачтын көзөмөлүндө өлчөмү менен ичсе абдан пайдалуу. Механизаторлор, ошондой эле күндүз кызмат иштегендер, ысык мезгилде аны ичүүгө болбойт. Кымызды жакшы ачытып, күнсүтпөй, салкын кармап, жакшы бышканда гана күчүнө келип, сапаты артат. Кымызды жайлоодон кыштакка (шаарга) жеткирүүдө да 2—3 күн түнөтпөй, жөнөөрдө саам (жаңы саалган сүт) куюп, жолдо күнсүтпөй, муздак алып келип өткөрүү да анын сапатын сактайт. Сапаттуу жасалган, өлчөмү менен ичилген, сары каймактаган кымыз саламаттыктын сактыгына, өмүрдүн узактыгына өбөлгө берет.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кымызды биринчилерден болуп байыркы казак жана моңол талааларындагы көчмөн эл энеолитте жазап баштаган (5500 жыл мурун). Көчмөн эл кымыз жасоонун жолун жашырып келишкен. Кымыздын эң биринчи колдонуунун издери энеолит эпохасына таандык. Суусамыр өрөөнүндө, ат үйрөтүүчү жабжыктардын арасында бээнин сүтүнүн калдыктары менен, эчкинин терисинен жасалган чанач табылган. Кымыз тууралуу биринчи байыркы грек тарыхчысы Геродот (484—424 ж. б. з. ч.) жазган. Ал скифтердин жашоосун баяндап, алардын жакшы көргөн ичимдиги терең жыгач челекте бээнин сүтү урулуп жасалган өзгөчө ичимдик экенин айткан. Геродотко ишенсек, скифтер кымыздын жасалуу жолун билип калгандардын көздөрүн сокур кылып салышчу экен. Ошондой эле кымыздын сүрөттөөсүн байыркы орус жылбаянында- Ипатьев тизмесинде да жолуксак болот. Кымыз тууралуу кеңири маалыматты француз монахы жана XIII кылымдын миссионери Гийом де Рубрук жазган. Өзүнүн "Татарияга" кылган саякатын айтып берип атып, биринчи жолу кымыздын жасоо жолун, даамын жана анын таасирин сүрөттөгөн.

Витаминдер Кымызда болгон көлөмү мкг/л
Тиамин(B1) 203,4
Рибофлавин(B2) 375,0
B12 2,1
Пантотенов кислотасы 2010,0
Фолиев кислотасы 265,0
Биотин 1,2
Витамин С 93,2

Дарылык касиеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кымыздын көөрөнгүсү ачып жатканда, кургак учук таякчаларына каршы антибиотикалык заттарды бөлүп чыгарат.
  • Кымыз ашказандын секрециялык жана башка тамак сиңирүүчү органдардын ишин нормалаштырат.
  • Кымыз он эки эли ичегинин жана ашказандын жаранын басаңдоо стадиясында жакшы натыйжа берет, ошондой эле дизентерия жана келте оорусунда жакшы жыйынтык берет.
  • Кымыз бактерия, ошондой эле ичеги таякчаларынын микробдорун өлтүргүч касиетке ээ.
  • Кымыз канга да жагымдуу таасирин тийгизет: гемоглобинди көтөрөт, лейкоцит формуласын жакшыртат.
  • Кымыз нерв системасына жагымдуу таасир этет.
  • Кымыз В группасынын витаминдери көптүгүнөн, сүт кислотасы жана углекислотасы, бирок биринчиден этил спирти бар болгондуктан ичимдик ичкендин эртеси ден-соолукту калыбына келтирүүгө тез жардам берет.
  • Кымыз рактын өөрчүсүн басаңдатат.
  • Кымыз теринин ошондой эле организмдин жаштыгын сактап калууга жардам берет.
  • Кымызды жаракаттарга колдонсо, жаракат тез айыгат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8