Мазмунга өтүү

Кынды оттук таш жана яшма кени

Википедия — ачык энциклопедия

Кынды оттук таш жана яшма кени Нарын облусунун Ат-Башы районунда, Ат-Башы кыштагынан 60 км чыгыш тарапта, Ат-Башы суусунун алабындагы Бешбелчир тоосундагы Кынды ашуусунун түндүк жана түштүк жактарында, деңиз деңгээлинен 3400–3600 м бийиктикте. 1965-ж. табылып, 1975–78-ж. геол. жумуштар жүргүзүлгөн. Кен аймагында девондун башталышы менен ортосунда пайда болгон эффузия-пироклаз тоотектери жатат. Арасында яшма жана оттук таштын катмарлары кезигет. Оттук таш катмарынын калыңдыгы 7–12 м, узундугу 300 м. Өңү жашыл боз, көгүш бозомук, чаңда көгүш кызыл. Темгилдүү бозомтук тактары бар. Оймо-чиймелери бир түрдүү, чаңда ичке чийиндүү. Жакшы сайкалданат. Сайкалданганда бети ар түрдүү түстөгү нур чыгарып кубулуп турат. Чыккан блоктордун өлчөмү 0,4x0,6x0,5 мге чейин жетет. Яшманын линзалары сейрек учурайт. Алардын калыңдыгы 5 м, узундугу 10 м. Өңү негизинен кызыл, күрөң кызыл, ачык кызыл. Жакшы сайкалданат. Оймо-чиймелери бир түрдө, чаарала болуп кеткен жеринде жашыл жана көгүш кызыл түстөр байкалат. Болжол ресурсу ондогон м3 жетет. Таштар кооз майда буюмдарын жасоого жарактуу.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]