Кыпчак жазма эстеликтери

Википедия дан

Кыпчак жазма эстеликтери — орто кылымдардагы түрк тилдүү урууларга таандык жазма эстеликтер. Кыпчак тили ждө толук маалыматтар 1234-ж. италиялык жана немис монахтары түзгөн 2994 сөздөн турган «Кодекс Куманикус» аттуу латын-фарсы-кыпчак сөздүгүндө чагылдырылган. Сөздүктө христиан дубалары жана 50 табышмак берилген, ал 1880-ж. Будапештте Геза Кун тарабынан басылып чыккан. 15-17-кдагы Каменец-Подольскиде армян алфавитиндеги хроникалар жана соттук актылар кыпчак тилинде жазылган. Алардын ичинен 1492-1537-жылдарды камтыган Венеция хроникасы белгилүү. Бул хрониканы 189б-ж. тарыхчы Г. Алишан басып чыгарган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]