Кыпчак кыргыны (Борбордук Азияда)

Википедия дан

Кыпчак кыргыны (Борбордук Азияда) — 630-640-ж. Түндүк Моңголияда түзүлгөн Кыпчак (Сйеяньто, Сыр-Тардуш) хандыгынын (к. Кыпчактар) кыйрашына байланыштуу окуя. Ильтэр тукуму башкарган бул хандык Алтай, Хинган, Гоби, Керөлөң жана түндүктөгү Енисей кыргыздарын да убактылуу багындырган. Башчысы Инанчу-иркин өзүн Йенчу Билге (Бицзя) каган деп жарыялап, Кытай императорунун кызына үйлөнүү үчүн элчи жиберген. Император андан баш тарткан жана түндүк кыпчак-кытай чек арасын бекемдеген. Ага жооп кылган кыпчактар 641-ж. Кытайга кол салып, салгылашта Билге каган өлүп, кичүү уулу Бачжо бийликке келет. Ал атасынын саясатын улантып, айланасындагы огуз урууларына катуу кысым жасаган. Натыйжада кыпчактарга каршы тогузогуздардын союзу түзүлгөн. 646-ж. июнда тан аскеринин жардамы менен улуу даражалуу элтебер Тимуду жетектеген уйгур, байегу, тунло, пугу уруулары кыпчактарды талкалаган. Бачжо колго түшүп өлтүрүлүп, анын уруусу толук кырылган. Кыпчактардын мамлекети жашоосун токтотуп, көбү (50-60 миң) Кытайга айдалып, бир бөлүгү казакка, калганы кыргызга тарап кеткен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]