Хонгорай-Орусия согушу

Википедия дан
Кыргыздардын жуңгарияга көчүрүлүшү‎»‎ барагынан багытталды)

Кыргыздардын жуңгарияга көчүрүлүшү – 17-кылымдын башында жуңгар хонтайжысы Цеван Рабдан (1699–1727) Борбордук Азияда түзүлгөн татаал саясий кырдаалды, Кытай жана Россия тараптан келген коркунучту эске алып, Эмел-Гол дарыясынын боюндагы өзүнүн ордосуна, Түштүк Сибирдин көчмөн калктары болгон кыргыздарды, телеуттарды жана мингаттарды ордого жакын көчүрүп келүүнү чечет. Цеван Рабданды жана ага расмий түрдө гана көз каранды болгон кыргыздын бектерин орустардын Минусин ойдуңуна умтулушу өзгөчө чочулаткан. Кыргыздар орус чыңдоолоруна каршы жортуулдарын уланта беришкен. Пётр I Томск, Краснояр, Кузнецк шаарынын аскер башчыларына «кыргыздарды үч шаардын күчү менен тынчтандыргыла» – деп көрсөтмө берет.

1701–02-жылдары орус аскерлери кыргыздарга каршы бир нече ирет жортуул жасашкан. Түзүлгөн кырдаалды көзөмөлдөө үчүн Цеван Рабдан 1701-ж.ылы өзүнүн аталаш иниси Абазайсанды орус кызмат адамдарын кыргыздар менен жараштырууга жөнөткөндө, ал бул буйрукту аткара алган эмес. Бул аракеттер кийинчерээк да улантылган. Орустар «Кыргыз өлкөсүнүн» чегине кирип, чыңдоолорду кура баштаган. Кыргыздар Абакан, Уйбат жан башка жерлерде курулган чыңдоолорго чабуул жасап, сепилдерди өрттөп, коргоочуларын туткундап турушкан. Бирок, Россиянын аскердик күчүнө салыштырмалуу аз сандуу кыргыздар туруштук бере алган эмес.

Кыргыздардын Жуңгарияга журт которуусунун себеби жана жагдайлары белгисиз. Изилдөөчүлөр кыргыз бектерин бул маселеде Жуңгар ханы менен бир бүтүмгө барышканын белгилешет. 1703-жылы июнь айында Цеван Рабдан «Кыргыз өлкөсүнө» үч аскер башчысын: Духар, Сандык жана Аранжама Чембилди үч миң аскери менен жөнөтөт. Ал Кыргыз өлкөсүндөгү өз акими Аба-зайсанга кыргыз жана кыргыздардын кыштымдарын хонтайжыдан алыстап кетпеши үчүн Жуңгарияга көчүрүү жөнүндө буйрук берет. Кыргыздар аскерлердин көзөмөлү астында Абакан өрөөнүндөгү Аскиз дарыясынын куймасына топтолушат.
Кеч киргенде ар бир айылдын калкы санактан өткөрүлүп турган. Кыргыздарды аскер башчылары олтурган жайдагы «обаага» бирден санак таш таш-тоого мажбурлашкан. Эртең менен бул көрүнүш кайра кайталанган. Ушундан соң, калып калган таштардын негизинде жашынып калгандардын санын аныкташкан. Абакан өрөөнүндөгү ондогон үйүлгөн дөбө таштар – «обаалар» 1703-жылы болуп өткөн трагедиялуу окуялардан кабар берет. Хакастарда бул дөбөлөр «хыргыс тастары» деп аталат. 20 миңден ашуун кыргыздар малы, үй мүлктөрү менен жуңгар аскерлеринин көзөмөлү астында 1703-жылы үч жол аркылуу 2 айдын ичинде Жуңгарияга кетишкен. Алар Эмел-Голдогу хонтайжынын ордосуна жакын жайгашып, 4 кыргыз аскер башчысы жетектеген, 4000 түтүндөн турган өзгөчө «кыргыз отогун» (Цирцзизилер) түзүшкөн. Бул отокто кыргыздар менен кошо көчкөн кыштым-модар, белтирлер, ариндер жана башкалар болушкан. Кыргыз аскер башчылары Корчун Еренак уулу Тангыт Таин Эркин, Шорла Мерген Тайша жана башка жуңгар ханына кызмат кылууга өтүшкөн. Бирок, айрым орус булактарында «Кыргыз өлкөсүндө» кыргыздар жана алардын кыштымдарынын айрым бөлүктөрү калып калгандыгы жазылган. Кыргыздардын айрым бөлүктөрү топ-тобу менен же жалгыздап «Кыргыз өлкөсүнө» кайтып келе башташкан. 1757-жылы кыргыздардын негизги бөлүгү кайтып келе жатканда Цин генералы Цевен-Жабдактын аскерлери буктурмадан кол салып, аларды кырып салышат. Аман калган бөлүгү Манжурияга, Фу-йү деген жерге көчүрүлөт. Алар азыр Фу-йү кыргыздары деген ат менен белгилүү. 18-кылымда Россия, Цин империясы, Жуңгар хандыгынын курчоосунда енисейлик кыргыздар согуштардан, көчүрүү саясатынан кырылып, Саян-Алтайдагы үстөмдүк кылган ролунан ажырап калган. Бүгүнкү хакастар, шорлор ошол енисей кыргыздарынын урпактары. Мындан сырткары, алтайлыктардын, тувалардын этностук негизин кыргыздар түзгөн. Түштүк-Батыш Моңголияда, Тарбагатайда (КЭР) «хыргыс», «шира хыргыс», «хан хыргыс» жана башка этностук топтор Кыргыздардын жуңгарияга көчүрүлүшү доорунан кабар берет.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003. “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]