Кыргыздардын келип чыгышы тууралуу маселе

Википедия дан

Кыргыздардын келип чыгышы тууралуу маселеКыргызстандын тарыхындагы эӊ татаал маселелердин бири.

Анын себеби «кыргыз» деген атты алып жүргөн уруулар бир эле мезгилде Түштүк Сибирдин Минусинск аймагында жана Орто Азиянын Теӊир-Тоо жана Памир-Алай аймактарында жашашкан. Ушундан улам кыргыздардын тегин илимий жактан изилдөө процессинде 19-кылымдан тартып эле окумуштуулардын арасында карама-каршы пикирлер жаралган.

Изилдөөчүлөрдүн бир даарысы кыргыздар Энисейден Теӊир-Тоого көчүп келген десе, экинчилери жок, алар атам замандан бери эле азыркы мекенинде башкача ат менен жашап келишкен деген кайчы пикирлерди жаратышкан.

Кыргыздардын келип чыгышы тууралуу пикирлер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ошентип, кыргыздардын келип чыгышы тууралуу төмөндөгүдөй эки негизги кайчы пикир бар:

  • Кыргыздар Тенир-Тоого Энисейден көчүп келишкен.
  • Кыргыздар Тенир–Тоонун жергиликтүү тургундары.

Энисейден көчүп келишкен деген пикир[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эми өз иретинде биринчи пикирди жактоочулар да кыргыздар Енисейден качан жана кандайча көчүп келген деген суроонун тегерегинде бир канча топко бөлүнүшөт.

  • А.Н.Бернштам, Э.Маанаев жана башка кээ бир окумуштуулар кыргыздар Енисейден Тенир-Тоого биздин заманга чейинки биринчи кылымда эле гунндар менен бирдикте кочуп келишти деген пикирди жактоо менен, андан кийин 9-кылымда жана кийинчерээк моӊгол доорунда да кыргыз көчүнүн жаны толкундары келишкендигин далилдөөгө аракет кылышкан.
  • В.В. Радлов, О.Караев, Ю.Худяков, Т.Чороев сыяктуу окумуштуулар болсо азыркы кыргыздардын ата-бабалары Енисейден 9-кылымда кыргыздардын Улуу мамлекетинин доорунда Теӊир-Тоого келишип, ошондон бери ушул чөлкөмдө жашап келе жатышат деген бүтүмгө келишти.
  • Д.Г.Савинов жана башка бир даары окумуштуулар негизги кыргыз уруулары 13-кылымдан кийин, моӊгол доорунда гана Алтай тараптан Тенир-Тоого келип жайгаша баштаган деген тыянака келишти.
  • В.В.Бартольд, Г.Е.Грумм-Грижимайло жана башка кай бир изилдөөчүлөр болсо кыргыздардын азганакай тобунун 9-кылымда эле Теӊир-Тоого көчүп келгенин моюнга алуу менен бирге, азыркы кыргыз элинин өзөгүн түзгөн кыргыз уруулары Алтай тараптан азыркы мекенине 15-кылымдын ортосунан эрте көчүп келишкен эмес деген пикирди этият сунуш кылышкан.
  • К.И.Петров болсо азыркы кыргыздар 13-кылымдан кийин монгол доорунда Алтай чөлкөмүндө жашаган кыргыз урууларын өз ичине сиӊирип алган Или-Иртыш дарыяларынын аймагында жашаган кимак-кыпчак урууларынын Теӊир-Тоого келип, мындагы жергиликтүү уйгур жана карлук тектүү уруулар, ошондой эле, түрктөшүп кеткен моӊгол уруулары менен жалгашуусунун натыйжасында калыптанган деген жыйынтык чыгарган.
  • Ю.Клапрот жана А.И.Левшин сыяктуу окумуштуулар болсо 1703-жылы джунгарлар Енисейден көчүрүп кеткен кыргыздар Теӊир-Тоого барып жайгашып, азыркы кыргыздардын ата-бабалары болуп калышкан деген пикирди сунуш кылышкан.

Тенир–Тоонун жергиликтүү тургундары деген пикир[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Экинчи пикирди жактаган окумуштуулар дагы өз иретинде бир катар топко бөлүнүшөт.

  • Н. Аристов Теӊир-Тоо кыргыздарын байыртадан бери ушул чөлкөмдү жердеген усун жана сактардын тукуму деп эсептеген.
  • Н.Я.Бичурин болсо Теӊир-Тоо кыргыздарын Тан доорунда (618-907жж.) Куэнь-Лунь тоолорунда жашаган «булу» деген элдин урпактары болуп саналат деген бүтүмгө келген.
  • С.М.Абрамзон этнографиялык материалдарга таянып, азыркы кыргыз эли Теӊир-Тоо, Чыгыш-Түркстан жана Памир-Алай тоолорунун этектеринде жашаган байыркы түрк тектүү уруулардын жана моӊгол доорунда көчүп келишкен ногой урууларынын жалгашуусунун натыйжасында пайда болгон деп эсептеген.

Булардан башка пикирлер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул эки чоӊ топтогу окумуштуулардын пикирлеринен айырмаланган дагы башка илимий жоболор бар. Мисалы, 19-кылымдын ортосунда эле белгилүү россиялык окумуштуу Ч.Ч.Валиханов өзү тапкан жаӊы тарыхый булактардын маалыматтарына таянып, Ю.Клапрот менен А.И.Левшиндин кыргыздар Енисейден Теӊир-Тоого 18-кылымдын башында гана көчүп келген деген натуура пикирин четке кагуу менен, Н.Я.Бичуриндин дагы жогоруда айтылган жүйөөсүз пикирин туура сынга алган. Ч.Валиханов алгачкылардан болуп, Енисейлик кыргыздар менен теӊир-тоолук кыргыздардын ортосунда тикелей этникалык байланыштар бар экендигин даректүү булактардын маалыматтарына таянып далилдөөгө арекет кылган. Ошондой эле Ч.Валиханов жана кийинчерээк А.Маргулан дагы кыргыз уруулары саясий жана экономикалык себептерден улам Саян-Алтай менен Тенир-Тоонун арасында кылымдар бою тынымсыз көчүп жүрүшкөн деген тыянакка келишкен.

Орток пикир[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз элинин келип чыгышы тууралуу маселени чечүүдө 1956-жылы Фрунзеде өткөрүлгөн Бүткүл союздук илимий сессиянын ролу абдан чоӊ. Кыргыз элинин тили, адабияты, этнографиясы, археологиясы, антропологиясы жана жазма тарыхый булактары боюнча абройлуу адистер катышкан бул илимий форум ошол мезгилге чейин жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын эске алуу менен төмөндөгүдөй жүйөөлү тыянак-сунуштарды берген эле:

«Кыргыз эли жана анын маданияты эӊ аз дегенде эки чоң этникалык курамдардын жалгашуусунун натыйжасында калыптанган. Алардын бирөөсү келгин борбордук азиялык компонент болсо, экинчиси жергиликтуу орто азиялык компонент болуп саналат. Кыргыз элинин этногенезинин эӊ урунттуу окуясы биздин замандын экинчи миӊ жылдыгынын биринчи жарымында болуп өткөн окуяларга тикелей байланыштуу болгон. Дал ошол мезгилде Теӊир-Тоого чыгыш тараптан азыркы кыргыз элинин ата-бабаларынын басымдуу көпчүлүгү ооп келишкен. Алар калыптанып калган кадимки кыргыз тилинде сүйлөгөн уруулардын өкүлдөрү болушкан. Ошондон кийин гана кыргыздар бул аймакта калктын сан жагынан үстөмдүк кылган тобу болуп калышкан».

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Абрамзон С.М. Кыргыздардын этногенетикалык жана тарыхый маданий байланыштары. Кыргыздар.том 2. – Бишкек 1993.
  • Асанканов А., Бедельбаев.А., Сапаралиев.Д. ж.б. Кыргыз Республикасынын Тарыхы. – Бишкек 2000.
  • Аттокуров С. Кыргыз санжырасы. – Бишкек 1995.
  • Бартольд В. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. – Бишкек 1997.
  • Табышалиев С. Происхождение кыргызского народа. – Фрунзе 1991