Кыргыздын улуттук кийимдери

Википедия дан

Кыргыздын улуттук кийимдери — элдин этностук тарыхынын ажырагыс бир бөлүгү. Кыргыз кийими жана анын улуттук өзгөчөлүктөрү тарыхый узак мезгилде табигый жагдайлардын, көчмөн мал чарбанын жана ага байланган жашоо ыңгайынын өзгөчө шартында калыптанган. Кыргыздардын уруу-урук топторунун көчүп-конуусу, соода байланыштары, ошондой эле бөтөн элдер менен узак убакытка чейин коңшулаш жашашы кийимдин өнүгүшүнө таасир тийгизген. Байыркы кыргыздардын кийимдери жөнүндө алгачкы маалыматтар Тан династиясынын дооруна таандык кытай булактарында кездешет. «Тан-Шунун» династиялык жазмалары жана 18—19-кылымдардагы тарыхый маалыматтар боюнча кыргыз төбөлдөрү кышкысын кундуз тебетей, жайкысын алтын алкагы бар, шоңшогой төбөлүү жана жээги кайрылган кийиз калпак, парча, жибек, баркыт, манат, кымкап жана ноотудан тигилген сырт кийим, бутуна кызыл жеке өтүк кийип, белдерине жибек жоолук курчанган. Кедейлер кылчык жүндөн токулган кездемеден, жаргактан, таардан, арзан матадан тигилген кийимдерди кийип, белдерин боз кендир жоолук менен курчанышкан. Калпактары шөкөттөлбөгөн, буттарына соору өтүк кийишкен. Кыргыздар Кавказ, Түштүк Сибирь, Алтай, Орто Азия, Казакстан ж. б. аймактардагы элдер менен мамилелеш болсо да, кыргыздын улуттук кийимдери айкын этностук бөтөнчөлүккө ээ болгон. Кыргыздын улуттук кийимдеринин материалдык негизин тери, жүн, тыбыт жана сатып алынган түрдүү кездемелер түзгөн. Айбанат терилеринен жылуу кийимдерди (ичик, тон, тебетей, тумак), кайберен терилеринен жортуулга кийилүүчү кийимдерди (кандагай, жаргак шым, чалбар ж. б.) тигишкен. Аялдар согуу жолу менен (өрмөктө) бышык кездемелерди токушкан, ал эми өсүмдүктүн буласынан токулган кездемелерди коңшу элдерден сатып алып же алмашып турушкан. 19-кылымдын 2-жарымында кийимдерди (бешмант, кемселдердин өңүрү, кеп такыялардын жаактары, белдемчи ж. б.) сайма менен кооздошкон. Кыргыздын улуттук кийимдери негизинен жынысына (аялдыкы, эркектики), жаш курагына (наристелердики, балдардыкы, кыздыкы, уулдуку) жана арналышы боюнча майрамдык, үйдө, үйлөнүү тоюнда, аза күтүүдө, аңчылык кийимдерине, жыл маалына (кышкы, жайкы) жараша бөлүнгөн. Аялдын кийимдери узун жана кенен тигилген көйнөктөрдөн, багалектери көйнөктүн этегинен көрүнгөндөй кызыл ашыкка чейин узун тигилип, бели ычкыр менен байланган ыштан-дамбалдардан (түштүк тарапта дамбалдын багалеги бүйүрүлүп, оймо түшүрүлгөн жээк менен бастырылган), белден ылдый кийчү белдемчиден урган. 20-кылымдын 1-жарымында аялдардын сырткы кийимдери чапан болгон. Ал эркектердин чапанына окшош бычылып тигилген, боору ачык, жакасы кайырмалуу келген. Келин-кыздардын, балдардын чапандары жарымы жибек, жарымы жүн аралаш жалтырак кездемелерден жасалган. 19-кылымдын 2-жарымында денеге кыналып тигилген бешмант, кемсел (жеңсиз), чыптама, пальто сымал чапан өңдөнгөн кыргыздын улуттук кийимдери көбүрөөк колдонула баштаган. Кыздар үкүлүү топу жана тебетей, кош этек көйнөк, кемсел, өкчөлүү өтүк кийип, кооздуктарды (чачына аркалык, көкүрөгүнө ала тамак, төөнөгүч, моюнуна мончок, шуру) тагынышкан. Аялдардын баш кийимдери (шөкүлө, элечек, кеп такыя же чач кеп, жибек жана дүрүя жоолук ж. б.) жаш өзгөчөлүктөрүнө жана социалдык абалына карата ар кандай кооздуктар, оймо-чиймелер (кеште, сайма) менен көркөмдөлгөн. Кыргыз аялдары колдо ултарылган же булгаары өтүк, улгайып калгандары маасы, такалуу тигилген кепич кийишкен. Аялдардын кийим-кечесинин маанилүү бөлүктөрүнүн бири — кооздуктар (чач учтук, чолпу, сөйкө-желбирөөч, сырга, шакек, билерик, бой тумар, төөнөч ж. б.) болгон. Кооздуктарды аялдар дайыма тагынып жүрүшкөндүктөн, кийимдин ажырагыс бүтүндүгүн түзгөн. Эркектердин кийимдери негизинен көйнөк (жегде), ычкырлуу шалбар (жайкысын дамбал), чалбар, кандагай шым, чепкен, тон, ичик, чапан, кементай, кулун тон, бешмант, кемсел, тебетей, телпек (түштүк тарапта), ак калпак, малакай, тумак, топу, өтүк, маасы, кепич, чокой, чарык, кур ж. б. кошумча жасалгалардан турган. Кыргыз элинин адаты боюнча айып тартууда, ошондой эле кийит кийгизүүдө, тартуу кылууда кийим-кечектер өзгөчө орунду ээлеген. Кыргыздарда кийим-кечеге кастарлоо менен мамиле кылышат. Турмуштан көзү өткөн ата-эненин, бабалардын айрым кийимдери ыйык туткан эстелик катары балдарына, неберелерине берилген. Кыргыздардын салттуу турмушунда кийимге карата бир катар эрежелер (кийимди жерге таштоого, баш кийимге отурууга, аны ыргытууга, баштан чечип, белекке берүүгө жана сырткы кийимди желбегей жамынууга жаштарга жол берилген эмес ж. б.) сакталган. 20-кылымдын 20-жылдарынан кийин кийим тигүүнүн жаңы технологиялары өздөштүрүлүп, европалык форма менен улуттук элементтердин айкалышынан кыргыздын улуттук кийимдеринде чоң өзгөрүүлөр болду. Учурда кыргыз элинин салттуу заманбап кийимдеринин түрлөрү көбөйүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]