Кыргыздын чен бирдиктери
Кыргыздын чен бирдиктери — кыргыздар байыртадан колдонуп келген аралык, салмак, көлөм, аянт, убакыт ж. б. сыяктуу өлчөмдөр. Жашоо шартка байланыштуу көчмөнчүлүк турмушта өтө тактык талап кылынган эмес, ошентсе да жаратылыштын кубулушуна (күн, ай, жылдыз), жер-суунун өзгөчөлүгү, маданий турмушка ылайык чен бирдиктер колдонулуп келген. 1918-жылы азыркы чен бирдиктерге өтүү жөнүндө чечим кабыл алынып, 1927-жылы эски чен бирдиктеринин айрымдары колдонуудан калган. Бирок көптөгөн эски чен бирдиктер азыркыга чейин эл ичинде колдонулуп келет. Узундук (аралык) бирдиктерине: чакырым (кыйкырганда адам үнү жеткидей аралык, чакыр дегенден, болжолу 1 км), кой көчтүк (көчкөндө койду жайып, айдап жүрүп түнөгөн аралык, болжолу 6—8 км), конолго (ат жүрүшү менен конуп өтө турган аралык, болжолу 50—60 км), фарсант (арабча 8 чакырым же 8—9 км), кез, гез, газ (71—105 см, бир колдун учунан экинчи колдун колтугуна чейинки аралык), сере (5—6 см, 4 манжанын салааларын анча бириктирбей, ачыгыраак коюп өлчөгөндөгү жазылык), бута атым (жебенин учу-аралыгы, болжолу 50 кадам, 40—45 м), зар (28 см), кары (болжолу 1 м, көкүрөктүн ортосунан сунулган колдун манжасынын учуна чейинки аралык), мил (болжолу 2 км), кулач (эки колду кергендеги колдордун учтарынын ортосундагы аралык), кере кулач (өтө кере сунулган кулач), төш жары (кулачтын жарымы, кары менен бирдей), эли (1 манжанын эни), укум (бармактын учунан сөөмөйдүн бүгүлгөн учуна чейинки аралык), сөөм (сөөмөй менен бармакты жазып жибергендеги аралык), карыш (бармак менен ортонду кергендеги аралык), кере карыш (өтө кере созулган карыш), мерген карыш (сөөм менен бирдей), бычак мизиндей (өтө жука), бычак сырты (жука, калыңдыгы бычактын сыртынчалык, аз эле, бир аз), таман (төрт эли), ат чабым (болжолу 25—30 км), тай чабым (болжолу 3 км), кунан чабым (болжолу 5—7 км), кадам (арыш, адымдын узундугу), тапан (тамандын узундугундай аралык), аттам (кадамдан бир аз узун аралык), арыш (кадам, адым, арымдын узундугу), тизе бою (жерден тизеге чейинки аралык), ат кесерден (аттын омуроосуна чейинки аралык), тушардан (аттын бутунун тушамыш салынуучу жеринен чачыгынын үстүнө чейинки аралык), кереге бою (боз үйдүн керегесинин боюнчалык аралык), киши бою (кишинин боюндай аралык), укурук бою (укуруктун узундугунчалык аралык), аркан бою (аркандын узундугунчалык аралык), муун (колдун бир муунундай), муунга ченеп өлчөө (колдун манжасынын муунуна ченөө), бакса (сокмо дубалдын катмарларынча аралык), тутам (тутамдап кармаганда муштумдун бийиктигине барабар узундук, төрт эли) ж. б.; салмак (оордук, сыйымдуулук) бирдиктерине: бут, пуд (16,38 кг), батман (4,095 кг, Таласта 12 пудга, Ош, Жалал-Абад, Алайда 8—10 пудга барабар оордук чени), жың (560 г), чексе, чакса (5—6 кг), мыскал (4,30 г же жүз даана арпа даны 1 мыскал), сер, зер (0,10 г), чейрек (кайсы бир өлчөмдүн 1/4 бөлүгү) кадак (409,5 г), жеткис, көп), эсепсиз (өтө эле көп, болжолсуз, дирхем (3—3,5 гга, барабар күмүш акча), арпа (0,05 г), пайса (25,6 г), челек (12,5 л), кап (9—10 пуд), токту кап (3 пуд), кой кап (6 пуд), торпок кап (7 пуд), тай кап (9—10 пуд), аш кашык, чай кашык, чөмүч ж. б., көлөм бирдиктерине: чымчым (бир чымчым кармоого келген өлчөм, эң эле аз, кичинекей), ууч (колдун манжаларынын алаканды көздөй ийип бүрүштүргөндөгү ичинде туура келген өлчөм), кочуш, кош ууч (эки колду бири бирине тийиштирип туруп, манжаларын ичин көздөй ийгендеги ичине туура келген өлчөм), чымчып буума (өтө толтура), капорто (ортосунан, белинен), кесим (кесилген бир бөлүк), бир кулак суу, ныпым, көлөмдүн салыштырылган болжолдуу өлчөмдөрү (кичинекей, тырнактай, тырмактын агындай, кенедей, кыпындай, бармактай, чыпалактай, баштык, тулуп, кап, этек, ороо, табак, челек, таруудай, буурчактай, буудайдай, койдун корголундай ж. б.); аянт бирдиктерине: теше (1,09 га), танап (1/6 га, бир жагы 60 кез болгон чарчы аянт, болжолу 1820 м2 ), батман (2 теше), бармак басым, алакандай, үй ордундай; курчам бирдиктерине: тутам (колдун бармагы бир жагына, калган 4 манжасы экинчи жактан имерилип келип кармаганда, алардын ичине толтура кымтый кармалган нерсенин өлчөмү), кучак (эки колдоп кучактаганда ичине камтылган нерсе), билектей, сандай, өгүздүн белиндей, кылдай; убакыт бирдиктерине: доор, кылым (100 жыл), жыл (12 ай же 365 күн), мурдагы жылы, былтыр, быйыл, эмдиги (келерки) жылы, ай (30 күн), ай жаңырганда, ай толгондо, жума, апта (7 күн), күн, мурдагы күнү, кечээ, бүгүн, эртең, бүрсүгүнү, андан аркы күнү, заматта, көз ирмем (көз ачып жумгуча, бир паста, тез арада), чай кайнам, сүт бышым (15—25 мүнөт), эт бышым (2—3 саат), күн бою, чак түш кез (учур, мезгил), чейрек, бүлбүл, таң куланөөк, таң супа салганда, таң ата, үрүл-бүрүл, таңкы наар, таң азанда, күн кылтыйганда, күн чыкканда, күн көтөрүлгөндө, күн текши чыкканда, күн тийгенде, шашке, улуу шашке, чоң шашке, жалган түш, түшкө жакын, чак түш, түш оогондо, бешим, эрте бешим, ала көлөкө, кеч бешим, дигер, намаз дигер, күүгүм, күүгүм талаш, күн батарда, күн батып баратканда, намаз шам, ак шам, иңир, кеч күүгүм (беймаал), каш карайганда, куптан, эл орунга отурганда, жатар, эл текши уктаганда, түн ортосу, түн ортосу оогондо, түн каракчы, таң каракчы, таңга жуук, таңга маал, саар, апак-шапак, эрте, кеч, эртели-кеч, күн сайын, күн бою, таң атпай, кеч курун, караңгыда, күндүз, маал, жыл ичинде, жыл бою, кемпир шабдаалы жегиче; саноо, сан бирдиктерине: түмөн, азар-түмөн (он миң, өтө көп, жер жайнаган, миң сан), сансыз (эсеп жеткис, сан жектис, көп), эсепсиз (өтө эле көп, болжолсуз, ченемсиз), же жайнаган (өтө көп), илек (жүз миң), сан (он миң, өтө көп), басым (упайда үч чүкө), бирдин үчү (ордодо беш чүкө), камчыга ченеп бөлүү (жасаганына, эмгегине жараша бөлүү), батман (көп деген мааниде), чейрек, үлүш (бир нерсенин бөлүгү), мындан сырткары «бир» деген сөз кыйла, топ, далай, канча, нече, катар деген сөздөр менен кошо айтылганда көптүктү, арбындыкты билдирет; акча бирдигине: сом, тыйын, мүрү (5 тыйын) ж. б. кирет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9