Кыргызстандагы жер-суу аттарынын келип чыгышын үйрөтүүнүн мааниси

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Кыргызстандагы жер-суу аттарын изилдөөдө ал аттардын көбүнчө сырткы көрүнүшүнө карап, бир нерсеге окшотуп коюлганы байкалды. Мындан сырткары, кыргыздар илгертен бери мал жандуу болуп, тиричилигин төрт түлүк мал менен өткөргөнүнө байланыштуу малга, өсүмдүктөргө, ал жерде көрүнгөн, көп кездешкен нерселердин өзгөчөлүктөрүнө карап ат беришкен экен. Мисалы, алма көп болсо «алмалуу» деп атап, таш көп болсо ал таштын өңүнө карап, же ал жерде көп болгон жаныбар, канаттуу, өсүмдүк, кендерге карап аташкан. Түстөрдөн ак, боз, кара, көк, кызыл, сары түстөр басымдуулук кылат. Ак суу, Кара суу, Кара Булак, Кызыл Суу, Кызыл Жар деген жер-суу аттары ар бир райондо кездешкени, буга мисал боло алат. Ушул жерден дагы бир нерсеге көңүл бурсак болот: Кыргыз жери жалаң гана сууга, тоого, ташка, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө бай эмес, ал кенге да бай. Себеби Ак Суу, Кара Суу, Кызыл Суу аты ал суунун чын эле ак, кара кызыл болуп акканынан эмес, ал суу аккан нукта ошол түстөгү таштардын көп болушунан же топурактардын ошол өңдө болуп өрүнүшүнөн улам чыккан. Ак суу болгон жерде ак таштар- минералдар, акиташ, кальцит, кварциттин кээде жетиле элек мрамор жатагы болгонун айтып турса, кызыл топурак же таштар ал аймакта темир кени бар экенин кабарлайт. Чаар таш аталышы- ал аймакта чаар таштардын көптүгүн билдирет. Ал чаар таштар сионит, диорит, гранит, фионит, талаа шпаты сыяктуу минералдардын бар экенин көрсөтөт. Көк-жашыл түстөгү таштар да ошол аймакта жез кени болгонун билдирет. «Майлуу», «семиз» деп аталган жерлерде да кара топурактуу, өсүмдүктөргө бай жана болжол менен нефть жатагы бар экенинин кабарчысы боло алат. Булар боюнча өз кезегинде айтылып, түшүндүрмө берилет.
Бул макаланы жазууда максат- мектептерде Кыргызстандын географиясын окутууда аттардын келип чыгышына маани берилиши; ал аркылуу окуучуларда патриоттук сезимдеринин өнүгүшүнө салым кошуу менен бирге, аларды кыргыз тилин, адабиятты сүйүүгө үйрөтүүгө аз да болсо кошумча болуу. Окуучулар сабакта өлкөбүздүн географиялык өзгөчөлүгүн гана үйрөнбөстөн, анын тархын, салтын, башка өзгөчөлүктөрүн да үйрөнүшөт.
Жер-суу аттарын жазууда мурдагы орфографиялык эреженин сакталышы анын оригиналдуулугун жана түпкү маанисин сактоодо маанилүү. (Жаңы орфографиялык эреже менен жазганда жер суу аттарынын кайдан же эмнеден келип чыкканы, берген мааниси таптакыр өзгөрүп кетет экен). Кыргызстандын аймактык карталары колдонулуп, жер-суунун эски аттары алынды. Кыргыздардын Падышалык Россиянын карамагына киргенден кийинки жана Совет бийлиги доорундагы берилген Коммунизм, Большевик, Маркс ж.б. болуп өзгөргөн жер аттары изилдөөдө камтылбады.

Аттарды бөлүштүрүп жана топторго айрып көрөлү.
1. Өң-түскө байланыштуу берилген аттар.
2. Өсүмдүктөрдүн аттарынан келип чыккан жер-суу аттары.
3. Жаныбарлардын аттарынан аталган жер-суу аттары.
4. Аймакта кездешкен нерсе, жаныбар, өсүмдүктөрдүн санына карата берилген аттар.
5. Көрүнүш- элестерге карата берилген аттар.
А). Окшоштук-көрүнүш:
Б). Көлөм:
В). Узундук- аралык:
Г). Форма:
Д). Үн-добуш: Е). Даам:
Ж). Сапат-касиет:
И). Өзгөчөлүк:
Й). Жыт.
К). Кыймыл-аракет:
Л). Абал:
М). Жайгашкан жер:
Н). Жылуулук:
О). Эмнеден чыкканы:
6. Эл- уруу аттарынан аталган жер-суу аттары.
7. Кен байлыктарга- минералдарга карап берилген аттар.
8. Жомоктор- уламыштарга карата берилген аттар.
9. Ыйык саналган жер суу аттары.
10. Башка тилден кирген же тыбыштык өзгөрүүгө учураган жер-суу аттары.

Мына ушинтип, жер- суу аталыштары жогоруда белгиленген өзгөчөлүктөргө карата топторго бөлүнөт. Бирок жер-суу аттары кош сөз жана кошмок сөз түрүндө болуп, кээде эки топко тең тиешелүү өзгөчөлүктөгө ээ болгону маалым. Андыктан бул аттар эки топто тең берилди. Мисалы, Кара-Токой- «кара» деген сөздөн улам анын түсүнө карап, «Токой» болгонунан улам өсүмдүктөр группасына кирди. Беш-Алма- сан жана өсүмдүк топторуна кирген. Кайталанма сыяктуу көрүнсө да, аттар кайсыл өзгөчөлүгүнө жана касиетине карап берилгенин белгилөөдө бул зарыл болду.
Эмесе, ар бирин өз-өзүнчө ирети менен мисалдар аркылуу бергенге аракеттенели.

1. Өң-түскө байланыштуу берилген аттар. Бул аттар ошол жердеги топурактын, тоонун, чокунун, кырдын, жардын, таштардын, ал таштарды аралап аккан суунун, булактын, өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын өң- түсүнө карап берилген.

АЛА: Ала-Моюн тоо, Ала-Бел ашуу, , Ала- Буга суу, Ала- Бука, Ала-Тоо.

АК: Акбашат, Ак булак, Ак-Белес, Ак- Бешик, Акбешим, Акбейит, Акбулуң, Ак дөбө, Акзоо, Акжар, Аккартал, Акжол, Аккоргон, Аккыя, Акмуз, Акөлөң, Акөтөк (этек) тоо, Ак-кудук, Ак-Талаа, Актам, Актатыр, Ак кыя, Акташ, Аксай, Актерек, Акчаңгыл, Акчечек (ак гүл), Акчий, Акчий-таш ашуу, Актектир, Актүз (түз, тегиз жер), Аксуу, Акшыйрак тоо кыркасы ж.б. нерсенин агарган көрүнүшүн белгилейт.

БОЗ: Боз- Адыр, Бозбөлтөк, Бозбулуң, Боздөбө, Бозжон, Бозпииек (бозбийик), Бозтектир, Бозтери, Бозучук; (бозоргон жерде гипс, тальк, цемент, бор жатагы болушу күтүлөт).

КАРА: Кара Алма, Кара- Байыр, Кара Башты (баштуу), Карабулуң, Карабулак, Карагерат, Кара-Дарыя, Кара жыгач, Кара кабак, Кара -Кайкы, Кара- Каман, Керүү-Кара- Каман тоо, Кара-Кашат, Кара кыштак, Кара март, Кара ой, Кара ороо, Каракол, Кара- Кочкор, Кара-Көл, Кара-Өтөк, Кара- Кыр, Кара- Мойнок, Кара ороо, Карасуу, Карасай, Кара-Кечүү, Кара кыя, Карасай, Карасаз, Каратал, Кара талаа, Караташ, Кара- Сеңир, Кара-Тоо, Кара- Төбө, Каратокой, Кара- Тектир, Кара Үңкүр, Кара-Шоро, Карачуңкур;

КӨК: Көкарт, Көк булак, Көк-Бел, Көкбулуң, Көк -Дөбө, Көкжар, Көк- Ой, Көк-Ойрок, Көктал, Көктокой, Көккөйнөк, Көкмойнок, Көк-Кашат, Көксай, Көксуу, Көкташ, Көк-Төбө, Көктокой, Көкчоку, Көкчолок тоо;

КЫЗЫЛ: Кызыл-Агын, Кызыл Адыр, Кызыларт (ашуу), Кызыл- Арык, Кызыл- Аскер, Кызыл- Ачык, Кызыл Байрак, Кызыл-Белес, Кызыл- Бирдик, Кызыл Булак, Кызыл Дыйкан, Кызыл Дөбө, Кызылжар, Кызыл Жазы, Кызыл Жылдыз, Кызыл күңгөй, Кызыл ой, Кызыл Кыя, Кызыл-Кыштак, Кызыл-Кырман, Кызыл- Куюн, Кызыл-Мойнок (тоо), Кызыл-Мээнет, Кызыл-Ой, Кызыл-Омпол, Кызыл- Өзгөрүш, Кызыл- Сай, Кызыл- Токой, Кызылтам, Кызыл таш, Кызыл Туу, Кызыл суу, Кызыл-Сай, Кызыл Үңкүр, Кызыл- Чоку, Кызыл Чуңкур, Кызыл Ураан, Кызыл- Эшме;

КУУ-Куба: Куумайдан, Кувасай, Кубакы;

КҮРӨҢ: Күрөң жайлоо.

ПУШТУ: (күлгүн) Пушту-Ашуу.

САРЫ: Сары-Бел, Сарыбулак, Сарыбулуң, Саргата (сары-катуу), Сарыташ, Сарыжаз(ы), Сары- Камыш, Сары-Кашка, Сары-Колот, Сары-Кыр, Сары-Күңгөй, Сары ой (Сарой), Сары-Ооз, Сары-Сөгөт, Сары-Таш, Сары-Төр, Сары- Челек (Челек- Чилек- малина), Сары- Чечекей, Эрке-Сары тоо;

2. Өсүмдүктөрдүн аттарынан келип чыккан жер –суу аттары.

Акбогуз, Ак –Терек, Акчий, Алма, Алмалуу, Алмалык, Алмалы ашуу, Ачуу-Алма, Алча башат, Алчалы тоо, Арча-Булак, Арчалуу, Арчалуу тоо, Ала-Арча, Арчалык, Арпа, Арпа Тектир, Арпа төгүлдү, Актерек, Акчечек, Аткулак ашуу, Ачакайыңды, Бактуу Долоноту, Бешбадам, Беш өрүк, Булак-Сөгүттү, (Сөгөт-тал), Будайлык, Бүргөндү- бүргөн- (шыраалжын, эрмен сыяктуу шыпыргы кылчу өсүмдүк), Башкайыңды, Долоно, Долоноту, Жалгыз-Арча тоо, Жан-Сөгөт, Жаңы-Арча, Жаңгакты, Жаман-Кырчын (тал), Жерге-Тал, Жийде, Жийделик, Жийде-Булак, Сазжийде, Жылгын, Жүзүмдүү, Жүзүмжан, Кабак (же кавак) (терек), Кайыңды, Кайыңды Булак, Камыш-Башы, Камыштуу булак, Кара –Жыгач, Кара Токой, Кара Алма, Кара Бак, Кара-Шыбак, Карагай-Булак, Карагайлуу, Карагай-суу, Караган- Ашуу, Караган-Сай, Караган Жайык, Кара кабак (кара терек), Кара-Шыбак, Карала-Арча, Кара- Сөгөт, Катран, Көк Жаңгак, Куурай-Арык, Кашка-Терек, Кодура, Көкөмерен, Көк-Терек, Куурай-Арык, Күрмөнтү, Миялы (тобуя-буурчак өскөн жер), Ой-Алма, Ой-Кайың, Ойтал, Өрүктү (Өрүктүү), Орто-Өрүктү, Чоң- Өрүктү, Сары- Камыш, Сары- Сөгөт, Согон-Таш тоосу, Сөгөт ашуу, Сөгүттү, Табылгы, Талды-Булак (талдуу), Талды- Суу, Талдык, Татыр, Терек, Терек- Сай, Терек- Суу, Термечик, Токойлуу ашуу, Топжаңгак, Төр Камыш, Туура-Кайың, Шамал-Терек, Шилбили, Чалкандуу конуш, Чалкан-Бел ашуу, Чаар-Арча, Чегедек, Четинди, Чечек-Булак (Акчечек дарагынан улам), Чийталаа, Чоң-Карагатты, Чырпыкты, Чычырканак, Каракабак, Коңур Өлөң, Уйгактуу, Эңилчек;

3. Жаныбарлардын аттарынан аталган жер-суу аттары
Ала-Бука, Айгыржал, Айгыр-Жар, Айгыр-Таш, Ажыдаар сойлоочу, Ак-Буура, Атбашы, Ат жайлоо, Ак-Тоок, Ак Торпок ашуу, Аткулак ашуу, Ак Тайлак ашуу, Аркар суу, Аюу булак, Ат чапчу жон, Аты бас (пас- төмөн), Балыкчы, Балгарт суусу, Беш байтал, Борбаш, Бозчычкан, Бото-Мойнок, Бөдөнө, Бөлтүрүк Булак, Бөрүбай өрөөн, Бөрүлү, Бөрүбаш, Бөрү кербет (?), Бугулуу- Төр, Бука-Сийдик ашуу, Бүркүт ашуу, Бүркүт уя, Доңуз тоо, Жапалак (үкү-байлу), Жыланды, Жыландуу конуш, Жылаңач Бугу, Жети Өгүз, Итагар суусу, Ителги тоо, Ит-албарс тоосу, Лейлек (илек-илек), Камбар-Ата, Каман-суу ашуу, Каман чай, Карабагыш, Карабээ, Кара-Бука, Кара-Буура, Карагер ат, Кара-инген, Каратөө, Каратөө өлчү (кара төө өлгөн жер), Кара-Кочкор, Кара-Кулжа, Кара-Теке тоосу, Кара-Эчки тоо, Каркыра, Козучак, Койлуу, Койсары, Кочкор-Ата, Көкайгыр, Көк-Бука тоосу, Кызыл-Багыш, Кызыл-Конуш, Кыргоол, Кыргоол суусу, Кулан баш, Куран-Көл, Кузгун ашуу, Кулжаташ, Кулунду (кулун эмес, кулан-голан-гейлан-жейлан-жейрен деп тыбыштык өзгөрүүгө учураган. Кулунду – жейрен жүргөн, көп болгон жер болушу мүмкүн), Сары-Айгыр тоосу, Сагызган чоку, Сарыбээ, Сасык Кулжа, Соң-Көл (соно көл, соно-эркек өрдөк), Суусамыр (суусар), Таран базар, Такталык, Текелүү Төр, Теке-Секирик суусу, Торуайгыр, Төө-Ашуу, Төө жүгүн, Төө- Камачу, Төөмоюн, Төөнчү, Үрмарал, Уй өлөр, Улар-Төр, Чардактуу суу, Чолпон-Ата, Чычкан, Чыйырчык, Эчкибашы, Эчкилүү, Коңур Өгүз, Эчкили-Таш ашуу, Эчкилүү тоосу, Эчкибашы, Эркеч там, Эшек Арт;

4. Аймакта кездешкен нерсе, жаныбар, өсүмдүктөрдүн санына карата берилген аттар.
Бир булак, Жалгыз-Алма, Жалгыз-Арча, Жангыз-Кыр (жалгыз), Сыңар-Жар (жалкы-жалгыз), Кош Ашуу, Кош-Дөбө, Кошколот, Кошкоргон, Кошкөл, Кош тал, Кош терек, Эки бала, Экинчи тал, Үч-булак, Үч-малай, Үч -Терек, Үчэмчек, Үч- Коргон, Үч- Чат, Үч-дөбө, Үчкошкон, Төрткүл, Чарайгыр (чаар эмес, чар. Чар - фарсча төрт), Чартак (төрт так-таг-тоо), Беш арал, Беш абышка, Беш-Байтал, Беш бала, Бешбадам, Беш бажа тоо, Бешбелчир, Беш булак, Беш көл, Беш конуш жайлоо, Беш мойнок, Беш өрүк, Беш күнгөй, Бешташ, Беш үңкүр, Алты арык, Жетиген, Жети-Көл тоо кыркасы, Жети Өгүз, Жети-Суу, Тогуз-Булак, Тогуз Торо, Онбир-Жылга, Отуз- Адыр, Кырк-Булак, Кырк- Казык, Кырккыздын Бели, Кырккөл бели, Миңбулак, Миң Жылкы тоо, Миң жылга, Миңкуш, Миң-Теке, Кембулак, Топ жаңгак, Сан Таш, Түгөл Сай;

5. Көрүнүш- элестерге карата берилген аттар.
А). Окшоштук-көрүнүш: Айташ, Алакан тоо, Айрыташ, Акбосого, Ак Өстөн, Ачык, Бала Тумшук, Бел Алды, Белбулак, Бел тепши, Бешик-Жон, Бөгөт, Бөйрөк ашуу, Бөрү кербет, Далы жайлоо, Дарбаза-Бел, Дөң –Алыш, Жарооз, Жазы кечүү, Жаргылчак, Жар-таш, Жети-Өгүз, Жолколот, Жылаңач таш, Казан куйган, Казык-Бел, Канжыга, Карабээ, Капка-Таш, Керме Тоо, Керегеташ, Киндик тоо, Кишен суу, Коргон Жар, Көкор, Кызэмчек, Кызыл Домпок, Кызыл Жазы, Ооз, Оттук, Сандык тоо, Сарооз, Сары-Жаз(ы), Сары Чечекей, Соку таш, Тасма тоо, Така-Таш тоо, Тепши, Тумшук, Балатумшук, Үйташ, Үч-Чат, Үч эмчек, Чат, Чат Көл, Чатырташ, Чокмор, Чучук, Шайтан Көпүрө;

Б). Көлөм: Чакан таш, Чоң Кемин, Чоң- Арык, Чоң- Алыш, Чоң- Таш, Чоң Бороондуу ашуу, Чоң Далы, Чоң-Дөбө, Чоң Чат, Чоң- Өрүктү, Кара- Катта тоо, Орто- Сай, Орто-Алыш, Орто- Өрүктү, Майда Адыр, Чакан-Таш, Кичик Бел, Кичи-Булак, Кичи –Жапалак, Кичи- Кемин, Кичине- Муз- Төр,

В). Узундук- аралык: Ара Бел суу, Узун-Акмат, Узун-Булак, Узун-Жон, Узун-Кыр, Узун- Чат.

Г). Форма: Жайык, Жайылган, Жалпак-Таш, Жоон-Дөбө, Жоон Кыр, Жоон Күнгөй, Ичке Колот, Ичке- Сай, Ичке, Ичке жергез, Ничке сай, Ичке Тасма, Көк- Кайкы, Кең-Арал, Кең Кашат, Кең коо, Кең колот, Кең-Суу, Кең Сай, Кең Төр, Тегерек, Туюк аң, Туюк таш, Туюк жар, Тар капчыгай, Яссы (жазы);

Д). Үн-добуш: Аркырак, Дүңгүрөмө, Күрпүлдөк, Пырылдак, Шаркыратма, Шатрак,;

Е). Даам- тамак- аш: Шекер, Кант, Ачуу алма, Ачуу суу, Туздуу суу;

Ж). Сыпат-касиет: Байсоорун, Жарлуу төр, Жаман- Талаа, Жылаңач таш, Жетим чукур, Коңур Өгүз (Коңур-тынч Өйүз), Катык Чаар (катуу), Котур суу, Кургак жон, Обо- Бел ашуу, Семиз-Бел, Сулуу Маймак, Тастар-Ата, Терс- Колот, Тескей Ала-Тоо, Чукур, Ороо башы булак, Жарды суу, Туюк аң, Туюк таш, Туюк жар;

И). Элес: Айгөл, Айдың-Көл, Бууракан (буура-төө, кан; бууракандап- күчтүү), Дардаң көл, Иттиш, Такыр Көл, Куру суу, Курчак, Түтөк булак, Жал, Жар таш, Ак белес, Чамын сай, Чокулуу Көл;

Й). Жыт. Сасык булак, Сасык-Кулжа;

К). Кыймыл-аракет: Дардаң көл, Шамалдуу кайкы, Шамалдуу сай, Бороондуу жал, Чоң Бороондуу ашуу, Буркан (буркан-шаркан түшүү), Ойнок –Жар, Күркүрөө.

Л). Абал: Ача-Кайыңды, Бөксө жол, Бөрү-Көрбөс, Ийри-Жар, Ийри-Суу, Ийри коо, Ийри конуш, Ийри-Өтөк, Капал-Чоку (капалы- жабык- огуз/ түркчө - үстү жабык кар менен капталган чоку), Катар-Жаңгак, Күнтийбес, Күнэлек, Төмөн суу, Чуңкур көл, Туура -Кайың, Туура- Суу;

М). Жайгашкан жер: Ара бел суусу, Ашуу булак, Бел-Алды, Бөксө жол, Жээк, Кыргыз чек, Төр Жайлоо, Көлтөр, Ооз, Сырт, Терс Колот, Төмөн-Суу, Түп, Уччат, Учконуш, Шарк (чыгыш), Чет-Булак, Чет-Дөбө, Чет-Нура, Чылк Өйдө.

Н). Жылуулук: Бет-кайнар суу, Жылуу Булак, Жылуу суу, Кайнар, Муз-Төр, Муздак Булак, Салкын-Төр, Суук Дөбө, Суук- Төр, Тоң, (Ысык- Ата, Ысык Көл);

О). Эмнеден чыкканы: Бир болгон окуяга же ошол жерде болгон нерсеге байланыштуу аталып калган.
Ат чапчу жон, Ак бешик, Ак Өстөн, Арпа-Төгүлдө, Бозпиек (бозбийик), Балбал, Бозтери, Бозбөлтөк, Бука сийдик, Жапыртмак ашуу, Жапалак, Жаргылчак, Жер-үй, Жоожүрөк, Жыландуу конуш, Кан сойчу, Кандува, Кара төө өлчү, Кемпир өлдү, Кетмен-Төбө, Кожосуу, Кожо Ашкан тоо, Көтөрмө (кыска аркан), Көсө Терек, Кум-Бел, Кум конуш, Күнтийбес, Кызмоло, Кызтууду тоо, Мык Дөбө, Моло бел, Ноот, Ноо коргон, Нылды суу, Орказган, Ороо Башы булак, Өтмөк, Саз кырман, Саймалуу-Таш, Сарт өлдү ашуу, Согуш-Тоо, Сопу-Коргон, Сумсар- (кескелдирик көп жер), Таш-Дөбө, Таш-Мойнок, Таш короо, Таш Кудук, Таш Кыя, Термечик (термечик куурай), Тегирменти, Чорголуу, Чым-Коргон, Төө Камачу, Чачыкей булак, Чым Тасма, Шагылдуу конуш,

6. Эл- 'уруу аттарынан аталган жер-суу аттары.
Кыргыздарда жер –суунун аталыштарында, өзгөчө чоң калктуу пункттардын аталышында жеке кишинин ысмын колдонуу салты болгон эмес. Падышалык Россиянын курамына киргенден кийин жер аттары кишинин атынан коюлуп, Иванока, Петровка сыяктуу болуп өзгөргөнү жана бул салт Совет бийлиги учурунда да Маркс, Ленин, ж.б. аталышта болуп улантылганы байкалган. «Мырзаке» айылынын аталышы бул эрежеге баш ийбейт. Азыр да «Жайыл, Байтик, Балбай айылы» деп баатырлардын атынан аталуусу, орусча аттардын кыргызчага өзгөрүшү гана болбосо, элибиздин ат берүүдөгү негизги салтына туура келбесе да уланып келе жатат.
Абыла тоо, Асан-Коргон тоо, Аюб булак (Ейюп пайгамбардын булагы дешет), Бай Мундуз, Беш бажа, Жедигер, Жууку, Кашгар маала, Калмаккырчын, Калмак тоо, Кыргыз-Ата, Кыргыз-Гава, Кыргыз-Чек, Кыргызстан, Кызыл-Тейит, Кушчу-Суу, Кыпчак талаа, Мантыш, Могол- Коргон, Ооган сай, Отузуул, Найман, Нариман, Сары- Могол ашуу, Сарт ашуу, Сарт өлдү сай, Саруу, Сарт- Кечүү, Тейит, Токтобек сай, Төөлөс, Түрк маала (махалла), Түрк кышлак, Түркабад, Урум башы суу, (урум- батыш), Шайык, Шалта, Шакшак;

7. Кендерге –минералдарга байланыштуу жер суу аттары: Сырткы көрүнүш жана минералдардын өңүнө карап берилген.
Айдаркен (айдар-хайдар- эр жүрөк киши маанисинде; кен- эр жүрөк кишинин кени) Алтын-Бешик тоосу, Алтын Казык тоосу, Акзоо, Акташ, Актуз, Арашан, Бет кайнар суу, Бор-Дөбө, Бор Тумшук, Борду тоо, Борду кыя суусу, Гүмүш Ашуу, Жошо (кызыл топурак), Жошук, Жылуу Булак, Кажысай, Кайнар, Кайнама Сай, Калай- Сай, Карадөбө, Кара- Кече, Караташ, Кызыл-Сай (Гранитогорск), Кызыл-Жар, Кызыл-Кайнар, Куумайдан, Күмүш-Бел, Күмүштак (так-таг-тоо), Кызыл-Кыя, Кызылжар, Кумбел, Күмүш Азиз, Көкташ, Кызылташ, Майлысай, Майлы саз, Майсаз, Майлысуу, Макмал (макмал-торко-баркут; торкодой жалтылдап кубулган), Майлуу Төр, Оттук, Сандык, Ташдөбө, Таш-булак, Таш-Көмүр, Темир, Темиржан, Темирканат, Темиркен, Темиркорук, Туз, Тузду суу, Тузкөл, Шамшыкал, Шор, Шорбулак, Шоркөл, Чаар-Таш, Чакмак- Суу (оттук таш деген ичинде кварцит болгон таш);

8. Жомоктор- уламыштарга карата берилген аттар. Авлетим, Ак-Буура, Аркыт, Жоожүрөк, Кароол Дөбө, Кошой Коргон, Кырккыздын бели, Манастын Чокусу, Сулайман Тоо, Кетмен- Төбө, Сан-Таш, Сопу-Коргон, Сан-Таш, Эчкилүү Тоо, Чаткал, Чеч-Дөбө, Чаткал;

9. Ыйык саналган жер-суу аттары: Апшыр Ата, Арсланбаб, Аюб булак (Еюб пайгамбар булагы), Бел-Мазар тоо, Жинди-Бел, Кыргыз-Ата, Кутурган ашуу, Мазар-Ашуу, Мазар булак, Мазар-Суу, Мазар-Төр, Манастын чокусу, Каргыш, Сулайман Тоо, Таштар-Ата, Тянь-Шань (Теңир Тоо), Ысык-Көл, Ысык-Ата, Шамшыкал, Шахмардан;Падыша-Ата.

10. Башка тилден кирген же тыбыштык өзгөрүүгө учураган жер-суу аттары. Булар көбүнчө огуз түркчөсүнөн, калмакча, кытайчадан, арабча, өзбекчеден алынганы билинет. Аттардын көбү бара-бара тыбыштык өзгөрүүгө учураган. Албетте бул тема өзүнчө колго алынышы, аттардын чыгыш себеби, этимологиясы изилдениши зарыл. Бул жерде тыбыштык өзгөрүүгө учурап айтылган же элге бурмаланган мааниси билинген сөздөрдүн кээ бирлери алынды. Төмөндө берилген аттардын кээ бирлерин чечмелеп көрөлү:

Алай –Ошто, (беш бөлүк аскердик кол), Алайкуу- Ошто. Алайкуунун «куусу» - куу Иран тилинен кирип, тоо дегенди билдирет. Кызыл-Алай. Аксай- ак суу, ак чай, сай суу агып өткөн нук. Артак- ак ашуу маанисинде. Балгарт- балык көп. Беделарт- «бедел»- огуз-түркмөн тилинде «баа» дегенди билдирет. Беделарт ашуулардын ичинде эң кыйын ашуу болуп, көп өлүм, чыгымдарды алып келген. Бурана - Чүйдө. Бурана арабчадагы «виране» деген сөздөн чыккан, кыргыз тилинде «ойрон» деп кирген. «Виран» кыйроо, кыйратуу дегенди билгизет. Виране же Бурана кыйраган деген мааниде колдонулат. Кыргызстандан тышкаркы жерлерде да Вираншехир, Виранкой деген жер аттары бар. Азыркы Бурана болгон жер, мунара деген сөздүн бузулуп айтылышы эмес, чындап эле кыйраган шаардын калдыгы.

Бүлөлү- бүлө таш, Дароот-Коргон -Алайда, (огуз-түркмөнчө «дара оут» - дере оту коргон, дере-суу- өзөн, же суу жээгиндеги өсүмдүк; дар- арабча-үй, жер маанисинде; жер коргон), Денгирек дере-Ош. «дере»- огуз-түркмөн тилинде өзөн, суу деген мааниде. Долон- Долан- огузча «доланма» «айланып баруучу жер». Долоноту- Ысык-Көлдө., долон оту (доланан- аралашкан, чырмалган, убара кылган) деген бутка жармашкан өсүмдүктүн атынан чыккыан. Дүрбөлжүн- калмакча «дар белжин»- дар-төрт- белжин –дубал маанисинде, төрт дубалдуу жер. Жалал-Абад «желал» өнүккөн, бийик турган деген сөз. Жейрен- жейлан- гейлан –голан- горан- куран бугу тукумунда жаныбар. Куран ыйык китеп маанисинде эмес, жаныбар маанисинде алынат. Буга окшоштуруп голан- кулан- жапайы ат. Ошондой эле, башка аттар: Кочкор-Ата, Чолпон-Ата, Ала-Бука, Камбар-Ата, Кара-Кулжа. Жумбак Башы (муштум) Бел, Капал-Булак (капалы- огуз/түркмөнчө жабык).

Жети-Өгүз- Ысык-Көлдө. Огуз (өгүз)- эски Иран тилинде суу дегенди билдирет. Нарындын мурунку аты- Инжеогуз- огуз /түркмөнчө ичке огуз (өгүз). Нарын деген сөз - нарин- ичке дегенди билдирет. Жергез- Иран- фарс тилинде кыргыйды -киркусс дешет. Бул биздин тилибизге кыргый болуп кирген жана кыргыз деген сөздүн да жиркусс-киркусс деген сөздөн келип чыгышы тууралуу божомолдор бар. Жууку-Ысык-Көлдө. а). М. Кашгаринин сөздүгүндө Барскоондон кийинки шаар «явгу», андан өткөн ашууну «явгуарт» деп жазган. Жууку сөзү явгу сөзүнөн келип чыкканын көрө алабыз. б). Жууку-жуук- жакын деген сөз. Жыламыш-ыйлаган, ыйламыш.

Кайындыкатта, Ысык-Көлдө. «Кахта-катта» Иран диалектинде «тоо» дегенди билдирет. Демек, Кайыңдуу тоо дегенди билдирет. Кара- Кече, «кече»- огузча кийиз дегенди билдирет. Суурлар жер казып, жер алдында көмүрдү сыртка чыгарып, капкара кылып койгондуктан, кара кийизге окшоп калды дешип бара-бара кара кече болгон жер аталып калган болуш керек. Кара койун, Нарында, койун- огуз-түркмөн тилинде «кой» деген сөз. Кара тут - Жалал -Абадда, тут- огуз-түркмөн тилинде тыт дегенди билдирет. Көйкап- Ысык-Көлдө. Көйкап- уламыштардагы Каф тоосунун аркасындагы айыл дегенди билдирет. Көй- огуз-түркмөн тилинде айыл деген сөз. Кабак-(кавак)- Нарында, Кетмен-Төбөдө. Огуз-түркмөн тилинде терек деген сөз. Көкарт – көккө жакын ашуу; Көк- көк чөптүү жер. Кызарт – кыздар ашкан ашуу, Кошкол- Ысык-Көлдө, «кош»-а). эки–жуп нерсе дегенди билдирет. Бирок Кошкөл жайгашкан жерде эки көл эмес, бир эле көл бар. б). перси тилинде жагымдуу, сонун, сулуу, кооз дегенди билдирет. «Ош» да ошол сөздөн кош-хош- ош деп тыбыштык өзгөрүүгө учураган. Күмүштаг- Таласта. Огуз-түркмөн тилинде таг-тоо. Талас аймагында Орто кылымдарда эле күмүш кенин чыгарган шаарлар, айылдар болгон айтылат. Күрмөнтү- күрмөн- өсүмдүк.

Лейлек- илек-илек кушу. Ноогардан- (ноо-нев-жаңы, гардан-гердан-моюн, жаңы моюн).

Огузбашы (өгүзбашы) - Ысык-Көлдө. Суу башы деген мааниге келет. Бийик чоку, кийинчерээк Ельцин тоосу деп аталып калды. Акогуз- аксуу. Талас (талаш). Шакафтар (шаа-чоң кептер), Шахмардан (жигиттин пири Шаймерден), Чаңгет (чаң гет- кет, чаңды кууп жатат).

Сарыжаз- сары жазы, жазы-жазуу – кенен кечмелиги бар деген сөз. Сарыжаз- Ысык – Көлдө, кээ бирөөлөр жазында суу киргенде сары өңдө болгон үчүн айтылат дегени туура эмес. «жаз»- жазуу кенен деген мааниде, тыбыштык өзгөрүүгө учураган. Яссы дарыясы Өзгөндө, ал да жазы маанисинде. Кызыл жазы- Кетмен-Төбөдө, суусу кызыл болуп аккан, кечүүсү жайык, жазы болгон жер. Сары челек- сары- кызгылт бүлдүркөн өскөн жер. «Челек» эмес «чилек»- огузча бүдүркөн, малина- кожогат маанисинде. Саргата- Кетмен-Төбөдө. Сары топурактуу жер айдагандан кийин катып калат. Сары катуу- тыбыштык өзгөрүүгө учураган.

Соң-Көл (Соң- акыркы деген мааниде эмес, соно көл, соно-эркек өрдөк; өрдөктүү көл), Суусамыр- самыр же самур суусар дегенди билдирет. Суусамыр деген сөз сууда жашаган суусар маанисинде, азыр деле огуз-төркмөн тилинде суусарга «сусамуру», «сусамыры» дешет. Сумсар (Жалал-Абадда), перси тилинде кескелдирик көп жер. Сөгөттү – Нарын, Ош, Кетмен-Төбөдө. Сөгөт , сөгүт- огуз-түркмөн тилинде мажүрүм тал, тал.

Торугарт- Нарында, «торуг- торук-дорук» огуз-түркмөн тилинде бийик чоку. Арт- ашуу. Б.а. бийик ашуу маанисинде. Тастарата- Ысык-Көлдө, Чүйдө. Бул жердин аты таш жыйындысы эмес, таштарды үйүп жасалма мазар ойлоп чыгаргандай жөнөкөй сөз эмес. «Тастар» Тимурдун сарайында казан аяктарды караган кишиге айтылат. «тас»- иран тилинде кесе, суу куйган идиш, таштек дегенди билдирет.

Төрткүл- Ысык-Көлдө, Баткенде. Төрткүл – төрт гүл эмес, төрт куле- төрт мунара. Шаардын төрт бурчунда орун алган мунаралар. Орто кылымдагы шаарлардын бурчтарында мунаралар орнотулган. Азыркы Тоң районундагы Төрткүл айлында орто кылымдагы Тоң шаары орун алган. Түп- Ысык-Көлдө. «түп» сөзү түргөш жана усун тилдеринде борбор дегенди билдирет. Тарыхта усундардын борбор шаары «Чигу» Түптүн жанында орун алганы белгилүү. Түргөн – Ысык-Көлдө. огуз-түркмөн тилинде «гүрген» сөзү карагайдын бир түрүн билдирет.

Үрмарал- үйүр(лүү) марал; үр-хүр-эркин- ээн жүргөн марал; Орто кылымда хандардын коругу болгон да ал жерде хан жана айланасындагылар гана аңчылык кыла алган. Ээн- эркин жүргөн марал. Ураныр- хүр- ээн-эркин, аныр- өрдөк; Шамшы- Чүйдө. Арабчадагы «шемс» деген сөз кыргызча «кун».

Чай- сай- суу огуз түркчөсүндө сай-чай делет. Чайбулак- чай кайнатып иче турган булак эмес, сайдагы булак. Чаек- сайдагы суу; чай өсүмдүгүн эгүү эмес. Чаек- «чай» (огузча-түркчө)- «сай»- суу маанисинде. Чалдывар- Чүйдө. Автобустарда жазылгандай «Чалдовар» эмес, эки сөздүн биригишинен пайда болгон. 1. чал- перси тилинде «чар» төрт тарап, кыргызча чартарап. 2.Дувар сөзү- дубал дегенди түшүндүрүп, шаар урандысына төрт дубал деп айтылып калган да бара –бара тыбыштык өзгөрүүгө учураган. Чар айгыр- төрт айгыр, Чарбак- төрт бак, төрт дарак. Чилустун- Ошто. «Чил» перси тилинде кырк деген сөз. Кырк устун жыгач, кырк дарак. Шиленкана -Кетмен-Төбөдө. Түздүктө суу жээгинде алтын шилеген (чайкаган) жер.

Жер аттары көбүнчө колониялдык саясатка, басып алууга байланыштуу болуп өзгөрөт. Басып алууларда эң биринчи жер аттарын өзгөртөт. Максаты- ал жердегилердин маданиятына, салттарына таасир берүү, күчтүү элдин маданиятын жайылтуу. Кыргыздардын жер-сууга ат берүү салтынын Падышалык Россиянын курамына киргенден кийин, Совет доорунда жана андан соң одоно түрдө бузулганы байкалды. Албетте аттарды бат- бат өзгөртүү элде дарек табуу ишин татаалдаштырганы бир жакта турсун, өз өткөнүбүздү сыйлабагандык болууда. Аттарда оригиналдуулук бузулуп, чаржайыт атоо аркылуу белгилүү баалуулуктар, салттар сакталбай, кайдыгер мекендештердин чоңоюшуна негиз салуу коркунучу турат. Анткени жаштар «канткен менен аттарды билип кереги жок, баарыбир эртең өзгөрөт да» деген көз караш менен карашы мүмкүн. Ал эми биз өз жерибизде туруп жер- суу аттарынын өзгөртүүгө кайдыгер калбашыбыз керек. Жер-суу аттары биздин кызыл китебибиз, биз эч кимдин жерин басып алган эмеспиз. Жер аттарын өзгөртүү менен тарых, маданият, түптүү салт- санаа мезгил өтсө, элдин эсинен чыгып калуусу опоңой.


Колдонулган булактар:
Кашгарлы, М., «Divan-i Lugat-in Türk», TDK, Ankara, 1996
Карта Кыргызская Республика. Масштаб 1:200 000.
Восточное Прииссыккулье М. 1:200 000
Внутренний Тянь-Шань М. 1:200 000
Западный Тянь –Шань М.1:200 000
Кетментюбинская Котловина М.1:200 000
Киргизский хребет М. 1:200 000
Озеро Иссык- Куль М. 1:200 000
Ош и его окрестности М. 1:200 000
Суусамырская Долина М. 1:200 000
Таласская Долина М. 1:200 000
Чуйская Долина М. 1:200 000
Южное Прииссыккулье М. 1:200 000