Кыргызстандагы коло доору

Википедия дан
Кыргызстандагы коло доорунан калган эстеликтердин ордулары
Кыргызстан желеги Кыргызстан тарыхы
Кыргызстандын байыркы тарыхы
Таш доору
Коло доору
Андронов маданиятыЧуст маданияты
СактарУсундарКангүйХунндарДабан
Түрк доорундагы Кыргызстан
Түрк кагандыгы (552603)
Батыш кагандык (603704)
Түргөш кагандыгы (704756)
Карлук кагандыгы (756940)
Караханийлердин мезгилиндеги Кыргызстан
Караханийлер (9401212)
Батыш-Караханийлер (10401212)
Чыгыш-Караханийлер (10421212)
СелжукийлерКаракытайлар (11401218)
Наймандар
Моңгол доорундагы Кыргызстан
Моңгол империясы (12061368)
Чагатай улусу (12221370)
Моголстан (13461705)
Теңиртоо кыргыздарынын тарыхы
Алатоо-Кыргыз дуалдык мамлекеттүүлүгү (XVI-XVII)
Жуңгар хандыгы
Каратегин кыргыздарыБатыш кыргыздары
Арка кыргыздары
Кокон хандыгы (18311876)
Орусия империясынын курамында
Орусия империясынын курамына кириши (18551876)
Түркстан генерал-губернаторлугу (18671886)
Түркстан крайы (18861918)
ССР Союзунун курамында
Кара-Кыргыз АО (19241925)
Кыргыз АО (19251926)
Кыргыз АССРи (19261936)
Кыргыз ССРи (19361991)
Кыргыз Республикасы (1991—учур)
Портал | Категория

Кыргызстандагы коло дооруКыргыз Республикасы ээлеген аймактын коло доорундагы тарыхы. Кыргызстандагы коло доору б.э.ч. III (II) миң жылдыктан – I миң жылдыктын башы аралыгындагы мезгилди камтыйт.

Кыргызстандагы коло доору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Б.з.ч. 4-3 миң жылдыктагы адамзат коомдорунун ири жетишкендиги болуп тартып адамзат колону пайдалана баштайт.

Кыргыз жергесиндеги коло доору шарттуу түрдө андрон жанан чуст археологиялык маданияттары аркылуу таанылган эки маданий аймак аркылуу мүнөздөлөт. Эки археологиялык маданият чопо идиштеринин көлөмдөрү, ага түшүрүлгөн оюулары, чарба жүргүзүү өзгөчөлүктөрү, маркумду көмүү адаттары, метал өндүрүү деңгээли, турак-жайлары боюнча айырмаланат. Бирок археологиялык маданияттар аркылуу жактан айырмаланган, байланышсыз жасаган, байланышсыз эки этникалык топтордун маданияты катары кароо туура эмес. Бул пикир Ысык-Көлдө чуст маданиятына мүнөздүү бети боёк менен кооздолгон чопо идиш калдыктары табылгандан кийин жаралды.

Кыргызстандагы коло доорунун эстеликтеринен металлды өздөштүрүү, көчмөн мал чарбачылыктын калыптанышы, отурукташып жер иштетүүнүн өнүгүүсү, диний ишенимдер менен байланыштуу каада-салттардын татаалданышы менен байланыштуу маалыматтар табылган. Кеңири өздөштүрүлгөн металл болгон колодон тиричиликке керектүү куралдар гана эмес аскер куралдары, кооздуктар жасалган. Металлдан жасалган жаныбарлар скульптуралары аркылуу кийинки темир доорундагы айбанаттар стилине чыйыр салына баштаган. Ошондой эле чопо идиш бетине түшүрүлгөн оюулар ага чыгармачыл мамиле жасоо аркылуу жетишишкен. Азыркы мезгилдеги орчундуу маселелердин бири Кыргызстандагы эстеликтердин Борбордук Азиянын чыгышындагы афанасьев, окунев, карасук өңдүү археологиялык маданияттар менен болгон байланыштарын талдоо болуп саналат. Аталган археологиялык маданияттардын эстеликтери Кыргызстан аймагында табылбаганы менен алардын кийинки эрте темир доорундагы байыркы көчмөндөр маданиятынын түптөлүшүндө жалпы андрон, чуст, бегазы-дандыбай маданияттарындай эле салымы болгон. Коло доорунун акырында Кыргызстан аймактарына чыгыштан херексур жана бугу таштарын алып келген көчмөн калктардын маданияттары тарап, Теңир-Тоо жана ага чектеш аймактардагы эрте темир доорунун калктарынын калыптанышына күчтүү таасир тийгизишкен.

Андрон маданияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Андрон тарыхый-маданий бирикмеси б.з.ч. III миң жылдыктан тартып I миң жылдыктын башына чейинки мезгилге таандык археологиялык маданият. Андрон маданиятынын эстеликтери Урал түштүгүндө, Казахстанда, Батыш Сибирде, Теңир-Тоодо (Тянь-Шанга) жана, Түштүк Таджикстанга, Афганистанга, Түндүк Пакистанга чейинки аймакта кездешет. Алар ушунча кең аймакта бири-бирине окшош маданияты болгон. Ошондуктан бир археологиялык маданиятк бириктирилип, биринчи табылган эстеликтин аты менен андрон маданияты деп аталып калган. Кийин айрым өзгөчөлүктөрү эске алынып андрон тарыхый-маданий бирикмеси деп аталып келе жатат. Кыргызстанда алакөл, феодоров маданияттарынын эстеликтери кездешет. Коло доорунун калкы көп сарамжалды талап кылбаган кой, эчки, жылкы, төө багышып, кийин жарым көчмөн турмушка өтүшкөн. Көрүстөн тобу, турак-жай сыяктуу эстеликтердин аздыгына караганда аз-аздан өз алдынча топ болуп жашашкан. Палеозоологдордун изилдөөсү боюнча андрон маданиятынын курамына кирген эстеликтерде тамак-аш 60-70% уй эти, 10% кой эти, жылкы эти 20-30% түзгөн. Чопо идиш калдыктарына карап сүт азыктарынын молдугу болжонот. Жылкынын үч теги анык: бою кыска, бышык, монгол тибиндеги бою 128-136; бою бийик (126-152 см.); жогорку породадагы, буттары ичке, башы кичине, узун моюн аттар болгон.

Кочкор жерегсинен табылган коло дооруна таандык чабандес жана жылкы сүрөтү.

Б.з.ч. XV кылымдан андрон маданиятынын гүлдөгөн учурунан тартып бекемделбеген турак жайлар пайда болот. Айрым турак жайлар жарым жертөлө сымал болгон. Жыгачтан жасалган турак-жайлары боз үй сымал формада болгон.

Кыргызстанда тоо-кен өндүрүшү ортоңку палеолит доорунан башталган. Байыркы адамдар таштын сапаттуу тектерин атайын издеп таап, курал жасашкан. Алар алгачкы кеңири пайдаланылган жез жана анын кошулмаларын таап өндүргөндү жакшы өздөштүрүшкөн. Жергиликтүү усталар балта, кескич, тешкич, көзөөч, шибеге, жонгуч, күзгү, найза, илгич, ийне, орок, өңдүү сапаттуу куралдарды жасашкан. Чүй өрөөнүндө, Ысык-Көлдүн чыгышында, Кочкор өрөөнүндө табылган коло буюмдардын салыктары (клады) жана Казакстандын түштүгүндөгү табылгалар коло доорунда металл иштетүүнүн өзгөчө ыкмаларынын болгондугу далилденген. Ал ыкмага ылайык евразиялык археологиялык адабиятта «Жети-Суу металл иштетүү очогу» деген түшүнүк киргизилген.

Андрон тектүү маданияттын көрүнүктүү жетишкендиги карапа идиш жасоо менен байланыштуу. Табылган чопо идиштер карапачылардын чопону ийлеп даярдоо чеберчилиги гана эмес алардын оймо аркылуу чагылдырылган көркөм өнөрү тууралуу кабар берет. Алар карапага учту, тарак сымал тиштүү куралдар менен түшүргөн. Утурумдук турмушта пайдаланылган карапа идиштердин бир бөлүгүндө оймо түшүрүлгөн эмес. Экинчи бөлүгү чийүү, кесүү, оюуу аркылуу тыкан, туруктуу оюмолор менен аркылуу кооздолгон. Чопо идиш бети чанда боёк менен боёлгон. Коло доорундагы орнаменттер улам кийинки муунга өтүп, улам жаңы мотивдер аркылуу байып жүрүп отурган. Оюуулар кийинки жүз жылдыктарда, миң жылдыктарда карападан териге, кийиз, шырдакка көчөт. Айрымдары кыргыздардын шырдак-килем, туш кийиздеринде, кийимдеринде жана көркөм искусство жасалгаларында туруктуу орун алып, байыркы мурас энчиси катары улантып келе жатат.

Чуст маданияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1950-1952 жылдары А. Н. Бернштамдын жетекчилиги менен Памир - Фергана комплекстүү экспедициясы уюштурулган. Экспедициянын М.Э.Воронцов жетектеген тобу Чуст шаарына жакын жерден коло дооруна тиешелүү турак-жайлардан (поселение) ордун табышып, Фергана өрөөнүндөгү коло доорунун эстеликтеринин изилдөөгө жол ачышкан. Археологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгына караганда Чуст турак-жайлары анча чоң эмес кыштак болгон отурукташып, жер иштетип күн көргөн элдин бекемделген материалдык маданияты Дальверзин эстелиги менен бирдей. Чуст эстелигинин урматына кийин коло дооруна таандык Чыгыш Ферганадагы бир мүнөз эстеликтерди чуст маданиятынын эстеликтери деп атоо кабыл алынган. Коло доорундагы отрукташып жер иштетүү, мал чарбачылык менен күн көргөн уруулардын эстеликтери Чыгыш Ферганада изилдеген. Көпчүлүк Чуст маданиятынын турак-жайлары Яссы, Талды-Суу, Кара-Дарья дарыяларынын жээктеринен орун алган б.а. Фергана өрөөнүнүн күн чыгыш тарабынан орун алган. Чуст маданиятында табылган металл буюмдар спектралдык анализден өткөрүлүп алардын көпчүлүгү колодон куюлгандыгы такталган. Алардын бир тобу 3-7% олово, экинчи тобу 5% ашуун мышьяк кошулуп жасалган. Ошону менен бирге Ферганадагы колодо коргошун, висмут, сурьманын кошундусунун көп болушу мүнөздүү. Бул кошулмалар Фергана өрөөнүндө көп кездешкен. өзгөчө металл кошулмаларынын, өзгөчө куралдардын жасалышы,б өзгөчө чуст металлургиялык очогун бөлүп кароого мүмкүнчүлүк берет. Колодон эмгек куралдары(орок, көзөөч, бычак ж.б.), согуштук куралдар (найзанын башы, жаанын жебеси), ат жабдыктар (ооздук жана анын төңөлүгү), кооздук жана тиричилик буюмдары (күзгү, шуру, асынып жүрүүчү кооздуктар) жасалган.

Эки маданият ортосундагы байланыштар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Андрон тектүү уруулар Теңир-Тоого келип, жаңы жерди өздөштүрө баштаган учурундагы мезгилдеш жашаган уруулар менен болгон байланышы азыркы учурда такталып жатат. Алар Фергана, Алай, Чыгыш Түркстанда, Жети-Сууда жашаган калктар менен байланышта болгон. Археологиялык далилдер боюнча Казахстандын түштүгүндөгү коло доорунун эстеликтери менен Теңир-Тоодогу эстеликтер теги жагынан бири-бирине абдан жакын. Ысык-Көлдө табылган чуст маданиятына жана анын урпактарына мүнөздүү боёлгон чопо идиштердин сыныктарынын табылышы кокусунан эмес. Ошону менен бирге чуст маданияты тараган аймакта андрон маданиятына мүнөздүү табылгалар ачылган. Көптөгөн окумуштуулар баштадан бери белгилеп келе жатат. Ал тууралуу Ю.А.Заднепровский өзүнүн акыркы эмгектеринин биринде белгилеп кеткен.

Чуст маданияты кеңири тараган Фергана өрөөнүндө андрон маданиятына мүнөздүү эстеликтер белгилүү. Андрон маданиятына мүнөздүү чопо идиштин сыныгы Ош шаарындагы Сулайман-Тоонун этегинен А.Н.Бернштам тарабынан табылган. Анын бетинде карагайдын бүчүрү сымал оюсу болгон. Мындан тышкары коло буюмдарында эки маданиятка мүнөздүү окшоштуктун болгондугунда баамдоого болот. Бул мисалдар эки маданияттын ортосундагы карым-катнаш маселесин изилдөөгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кошумча[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

    • Археолог К.Табалдиевдин Кыргызстан археологиясы боюнча даярдаган дарс тексттери сунушталды
  • Асанканов.А., Бедельбаев.А., Сапаралиев.Д. ж.б. Кыргыз Республикасынын Тарыхы. — Бишкек, 2000.
  • Бернштам.А. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана. Том 1-2. — Бишкек, 1997-1998.
  • История Киргизской ССР, том 1. — Фрунзе, 1984.
  • История кыргызов и Кыргызстана. — Бишкек, 2000.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]