Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн таралышы

Википедия дан
Кыргызстандын мөңгүлөрү‎.

Кыргызстандын аймагындагы мөңгүлөрдүн таралышыМөңгү каптаган аянттардын жана жекече мөңгү-муздуктардын өлчөмдөрү, негизинен климаттын элементтеринин жергиликтүү шарттарга жараша өзгөрүшүнө, тоо системаларынын абсолюттук бийиктиктерине жана алардын өрөөндөргө карата жайгашышына көз каранды. Жер бетинин тилмелениши да чоң ролду ойнойт. Ушул шарттарга жараша мөнгүлөрдүн таралышы мейкиндик боюнча бирдей эмес. Көп аянтты ээлеген мөнгүлүү аймактар бийик тоолордун капталдарында жана өрөөндөрдө жайгашкан. Кээ бир тоолордун кырларында үзгүлтүксүз жаткан «түбөлүк» кар талаалары жана мөңгүлөр кездешсе, экинчи кырка тоолордо туташ эмес кар-муз талаалары, майда мөңгүлөрдүн формалары кезигет. Мөнгүлөрдүн таралышында эки түрлүү мыйзам ченемдүүлүктөр байкалат. Биринчиси — бийик жайгашкан тоо массивдерине байырлаган мөңгүлөрдүн туташ жаткан очогу; экинчиси — кырка тоолордун бийик кырларын бойлоп кээде туташ, кээде өз алдынча биринен бири ажырап жайгашкан мөңгүлөрдүн катары. Мөңгүлөрдүн эң зор очогу Кан-Тоо жана Жеңиш чокуларынын тегереги болуп эсептелет. Түндүгүнөн Тескей Ала-Тоо, түштүгүнөн Какшаал-Тоо, чыгышынан Меридиан кырка тоосу жана батышынан Сары-Жаз суусу чектеген аймакта жалпы аянты 1581 км2 ашык 340 мөңгү жайгашкан. Алар ошол аймактын жалпы аянтынын 31%ин түзөт. Мындай жогорку даражадагы кар-мөңгүлөрдүн жайгашышы жана көптөгөн аянттарды алардын туташ каптап жатышы Кыргызстандын гана аймагына эмес бүткүл Борбордук Азия үчүн уникалдуу кубулуш. Мындай шарттын түзүлүшүнө биринчи кезекте, абсолюттук бийиктиктин улам чыгышка барган сайын көбөйүшү жана чыгышында эң бийик Меридиан кырка тоосунун атмосфералык агымдардын жолунда бөгөт болуп жайгашышы себеп. Меридиан кырка тоосу Кан-Теңир тоо тоомунун жалаң орографиялык борбору гана болбостон, азыркы муз каптоонун да борбору болуп эсептелет. Эгерде бул тоо тоомун Кыргызстандын аймагынан тышкары (Кытай) жаткан жагы менен бирге карай турган болсок, жалпы эле кургактыктагы мөңгү баскан региондордун көрүнүктүүлөрү экендигин көрүүгө болот. Мындагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты 3000 км2 ден ашык. Ошону менен бирге жекече мөңгүлөрдүн өлчөмдөрү да эң зор. Мисалы, бир гана Түштүк Эңгилчек мөңгүсүнүн узундугу 58,9 км, аянты 613,2 км ге барабар. Бул мөңгүдөн башка да узундугу 20 км ден ашык, Семенов (Кашка-Төр), Мушкетов (Адыр-Төр), Түндүк Эңгилчек, Кайыңды жана башка мөңгүлөр бар.

Орто Азияда мөңгүлөрдүн каптаган аянттары боюнча көрүнүктүү орунду Чоң-Алай кырка тоосу ээлейт. Чоң-Алай кырка тоосунун абсолюттук бийиктиги 7139 м ге чейин (Ленин атындагы чоку) жетет, борбордук бөлүгүнүн орточо бийиктиги 6000 м ден ашык. Мындай бийиктиктердин натыйжасында кырка тоонун кырлары жана ага жакын капталдары туташ мөңгү, түбөлүк эрибеген карлар менен капталган. Ал кырка тоодогу мөңгүлөрдүн жалпы аянты 1329,3 км2 ге жетет, б.а. Кан-Тенир тоо тоомунун мөңгүлөрүнүн аянтынан калышпайт. Алардын ичинен түндүк капталында, б.а. Кыргызстандын аймагында таралган мөңгүлөрдүн аянты 697,5 км2.

Чоң-Алай кырка тоосунун мөңгүлөрү орографиялык өзгөчөлүктөрү боюнча үч топко бөлүнөт. Батыш бөлүгү Мук-Суу менен Кызыл-Суунун кошулушунан Терс-Агар ашуусуна чейинки 64 км челик бөлүгүндө жалпы аянты 94,6 км2 ге жеткен 44 мөңгү жайгашкан. Борбордук бөлүгү Терс-Агар ашуусунан Кызыл-Арт ашуусуна чейинки 92 км челик бөлүгү эң мөңгүлүү. Бул бөлүктүн орточо бийиктиги 600 м ден ашык, эң бийик жери Ленин атындагы чоку (7139 м). Мөңгүлөрдүн жалпы аянты 361,7 км2. Кызыл-Арт ашуусунан Кытай менен чектешкен Ат-Жайлоо чокусуна чейинки 30 км челик бөлүктүн орточо бийиктиги — 5500 м, эң бийик жери — 6601 м (Корумду чокусу). Мындагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты — 241,1 км2.

Чоң-Алай кырка тоосунун түндүк жана түштүк капталдарындагы мөнгүлөрдүн зор аянттарынын топтолушунун негизги себеби — анын абсолюттук бийиктиги. Түндүк жагында жарыш жаткан Алай кырка тоосунун кырлары Чоң-Алайдын кырларынан дээрлик 1000 м ге төмөн. Ошондуктан, ал жерге келген аба массаларынан, өзгөчө жай мезгилинде кошумча жаан-чачын кар түрүндө түшүп, мөңгүлөрдүн куралышын камсыз кылат.
Мөңгүлөрдүн чектелүү аймакта туташ жатып чогулган очокторунун бири Ак-Шыйрак тоо түйүнү. Ал Кыргызстандагы ири дарыя системалары Нарын менен Сары-Жаздын суу бөлгүчү катары эсептелет. Борбордук бөлүгүндөгү эн бийик чокунун бийиктиги 5000 м ден ашык. Мөңгүлөрдүн жалпы аянты 435 км2, саны — 154. Мындагы мөңгүлөр өлчөмү 30x40 км келген аянттын 44% ин ээлеп жатат. Нарындын башаты болгон Кум-Төрдүн алабындагы Петров мөңгүсү (узундугу 14 км, аянты — 70,6 км2) эң чон мөңгү болуп эсептелет.

Кыргызстандагы мөңгүлүү региондордун ирилеринин бири — Какшаал-Тоосунун түндүк капталы. Чыгышында Сары-Жаз капчыгайынан батышка карай Какшаал суусунун капчыгайына чейинки кырка тоонун бөлүгүндө жалпы аянты 907,6 км2 ге жеткен 600дөн ашык мөнгүлөр тараган. Болжол менен 70 км ге созулган Мүдүрүм менен Чон-Үзөңгү-Кууш сууларынын алабына туура келген Какшаал-Тоонун эн бийик бөлүгүндөгү мөнгүлөрдүн аянты 443 км2, Данков чокусунун (5982 м) тегерегинде туташ жаткан кар, фирн жана муз талааларынан ири өрөөн мөнгүлөрү куралат жана алардын этектери 3800—4000 м бийиктиктеги жайык өрөөндөргө чыгат (Ак-Сай, Ай-Талаа, Отто-Таш ж. б.). Бул мөңгүлүү регионду —Ак-Сайдын мөңгүлүү очогу деп аташат.
Үзөңгү-Кууштун капчыгайынан Сары-Жаздын капчыгайына чейинки Какшаал-Тоонун бөлүгүндө жалпы аянты 393,5 км2 ге барабар 400дөн ашык мөңгүлөр таралган. Мөңгүлөрдүн негизги бөлүгү Ак-Шыйрак суусунун оң куймасы Жаңгарттын алабында жайгашкан. Жангарттын алабы айрым мөңгүлөрдүн өлчөмү боюнча да алдыңкы орунда турат.

Кырка тоолордун кырларын бойлоп, бирде туташ, бирде үзүлгөн мөңгүлөрдүн катары Тескей Ала-Тоосунда топтолгон. Терең тилмеленген капчыгайлар түндүк капталында. Алардын төрлөрүндөгү мөңгүлөрдүн жалпы аянты 544,2 км2. Көпчүлүгү майда мөнгүлөр, 14 гана мөңгүнүн аянты 5 км2 ден ашык. Кырка тоонун түштүк капталы кыска жана сырттардын уландысы катары акырындап эңкейиштейт. Кырларына жакын капталдарын тилмелеген өрөөндөрдүн арасында жалпак анча-мынча эңкеңиштери бар байыркы пенеплендин калдыктары сакталып, алардын үстүндө «жалпак чокулардын мөңгүлөрү жатат. Түштүк капталынын мөңгүлөрүнүн жалпы аянты 579,5 км2. Ал тараптагы мөңгүлөр Сары-Жаз, Нарын жана Чүй сууларынын алабдарына бөлүнүшөт. Өрөөн мөңгүлөрүнүн ирилери Сары-Жаздын алабында (эн чоң мөнгү Калпаковский узундугу 10 км, аянты 30,4 км2), жалпак чокулардын мөңгүлөрүнүн ирилери Нарындын алабында (Григорьев мөңгүсү — узундугу 4 км, аянты 8,3 км2).

Ички жана Борбордук Тянь-Шандын чегинде жогорудагы аталган мөңгүлүү аймактардан башка Какшаал-Тоосу менен Тескей Ала-Тоосунун арасында таралган мөңгүлөрдүн топтору Борколдой (250,3 км2), Ат-Башы (106,2 км2), Жаңы-Жер (59 км2), Жетим-Бел (71,5 км2), Жетим (136,6 км2), Нура (25,9 км2), Нарын-Тоо (69,4 км2) кырка тоолорунда таралган.

Түндүк Тянь-Шандын кырка тоолору чет жакта, нымдуу аба массаларынын басып келген жолунда жайгашкандыктарынын натыйжасында, абсолюттук бийиктиктеринин анча жогору эместигине карабастан мөнгүлөрдүн бир кыйла аянттары тараган Кыргыз Ала-Тоосунун борбордук бөлүгүндө туташ жаткан мөңгү-муз талаалары батышка карай айрым өзүнчө жаткан мөңгүлөргө айланып барып, Ашмаранын алабынан ары жоголуп кетет. Чыгышты карай да суюлуп барып, Боом капчыгайына жакын жоголот. Түштүк капталында тараган мөңгүлөр да борбордук бөлүгүнө байырлаган. Бул кырка тоолордогу мөңгүлөрдүн жалпы аянты 530,4 км2, саны 607. Эң ири мөңгүлөр Аламүдүн жана Ала-Арча сууларынын алабында (Голубин мөнгүсү — узундугу 5,5 км, аян-ты 9,4 км2).

Күнгөй Ала-Тоосунун борбордук бөлүгүндө да мөңгүлөрдүн бир кыйла аянттары тараган. Ысык-Көлдү караган түштүк капталында жалпы аянты 140,3 км2 ге жеткен 159 мөнгү бар. Түндүк капталынын чыгыш бөлүгү Челек суусунун алабына (Казакстан) карайт, батыш бөлүгү Чоң Кеминдин алабындагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты 112,3 км2. Түндүк капталындагы эң ири мөңгүлөрдүн бири Чыгыш Ак-Суунун узундугу 4,9 км, аянты 6,9 км2. Чон Кемин менен Кичи Кемин сууларынын алабындагы Иле Ала-Тоосунун түштүк капталындагы майда мөңгүлөрдүн жалпы аянты — 40,9 км2.

Талас Ала-Тоосунда тараган мөңгүлөрдүн көпчүлүгү майда, асылма жана кар тибиндеги мөнгүлөр. Алар туташ муз талааларын түзбөй капчыгайлардын төрүндө бири биринен ажырап бөлөк жайгашкан. Жаллы аянты 120,7 км2 ге барабар 202 мөнгү түндүк капталында таралган. Түштүк капталынан Угам, Майдамтал, Пскем, Чандалаш жана Чаткал тоо кыркалары ажыраган жерлеринде жана аталган кырка тоолордун түндүк капталдарында майда мөнгүлөр таралган. Кыргызстанга караган Чаткал суусунун алабында жалпы аянты 10,8 км2 ге жеткен 62 мөңгү бар.

Фергана өрөөнүн курчаган кырка тоолордун эң мөңгүлүүсү — Алай кырка тоосу. Бул кырка тоодо жайгашкан мөңгүлөрдүн жалпы саны 1360тан ашык, аянты 956,3 км2. Түштүк капталынын батыш жагы Тажикстандын, аймагына карайт. Кыргызстандын аймагына тиешелүү мөңгүлөрдүн саны—1088, аянты 816,2 км2. Мөңгүлөрдүн негизги бөлүгү Исфайрам-Сайдын алабынан батышка карай Түркстан кырка тоосуна чейин жайгашкан. Чыгыш жагында болсо Ак-Буура, Куршаб сууларынын алабында жана Көк-Суунун төрүндө таралган. Ири мөңгүлөр кырка тоонун батыш тарабында да жайгашкан. Батыш Көк-Суунун алабындагы Абрамов мөнгүсүнүн узундугу 9 км, аянты 25,2 км2. Ал мөнгүгө 1967-жылдан бери эл аралык гидрологиялык он жылдык (МГД) изилдөөлөрдүн программасы боюнча Ташкенттик окумуштуулар тарабынан үзгүлтүксүз байкоолор жүргүзүлүп, изилденилип келген.

Түркстан кырка тоосунун түндүк капталындагы мөңгүлөрдүн жалпы саны 306, аянты 299,1 км2, көпчүлүгү Сохтун алабынын сол тарабында жана Исфаранын алабында таралган. Көпчүлүк мөңгүлөрү майда формада кездешет. 4 мөңгүнүн аянты 10 км2 ден ашык (Теминген, Шуровский ж. б.).

Фергана кырка тоосунун көпчүлүк бөлүгүнүн бийиктиги 3000—3500 м ден ашпайт. Мындай бийиктиктер кар сызыгынан төмөн жайгадйкандыктан мөнгүлөр пайда болбойт. Ал кырка тоонун Алай кырка тоосуна тутумдашкан жагы гана улам бийиктеп 4500—4800 м бийиктикке жетет да мөңгүлөрдү пайда кылат. Фергана кырка тоосундагы мөңгүлөрдун жалпы саны 383, аянты 195,8 км2. Алар Нарындын (Ала-Буга) жана Кара-Дарыянын (Тар) алабдарына караштуу. Мөңгүлөрдүн көпчулүгүмайда, асылма, кар тибинде. Эң чоң мөңгүсүнүн узундугу 5,4 км, аянты 7,4 км2.

Кыргызстанда ороондорунун пайда болушу[түзөтүү | булагын түзөтүү]