Кыргызстандагы тоо этегин бойлогон түздүктөрдүн рельефи

Википедия дан

Кыргызстандын тоо этегин бойлогон түздүктөрдүн рельефи — Тоо этегин бойлогон түздүктөрдүн комплекси четки кеңири жайылган ойдундарга жана тоо арасындагы кең өрөөндөргө мүнөздүү. Чүй жана Фергана ойдундары, Ысык-Көл, Талас, Алай өрөөндөрү неотектоникалык кыймылдын башталышынан азыркы күнгө чейин ийилип, тамандары төмөндөп, тоо тараптан агып келген шилендилерге, суунун агындыларына толуп жатат. Рельефинин негизги формалары калыңдыгы 300- 500 м келген төртүнчүлүк мезгилинин борпоң чөкмөлөрүнөн турат. Ал чөкмөлөр байыркы мезо-кайнозойлук түзүлүштөрдүн үстүндө жатат.

Түздүктөр Фергана менен Чүй өрөөндөрүндө жакшы таралган жана алардын рельефинин типтери төмөндөгүдөй:

  • тоо этектерин бойлоп жаткан, тоодон агып чыккан суулардын шиленди конустарынын жайылган этектеринен (шлейф) турган бир аз гана тилмеленген (5—10 м чейин) кум-шагылдуу түздүктөр;
  • эңкейиштиги анча болбогон, майда кум-чопо аралашкан тилмеленүүсү терең эмес (2—5 м, сейрек убакта 10 м) түздүктөр. Агын суулардын тобу негизинен «кара суу»— деп аталган булактар;
  • ички антиклиналдык түзүлүштөрдү бойлогон, толкун сымалдуу майда өнгүл-дөнгүлдүү лёсс жана ага жакын майдаланган тоо тектеринен турган түздүктөр;
  • дарыя өрөөндөрүтан тектирленген аллювиалдык түздүктөрү.

Тоо этегин бойлогон түздүктөр ички өрөөндөрдө да таралган. Алардын ичинен бийик көтөрүлгөн Ак-Сай, Арпа, Сок-Көл, Ат-Башы өрөөндөрүндө да кездешет. Ысык-Көл ойдуңунда көлдү бойлогон тектирленген, жээк пляждарын камтыган түздүктөр да бар. Алардын тилмеленүүсү да терең эмес (3—5 м, сейрек убакта 10 м).