Кыргызстандагы төңкөрүш (2020)

Википедия дан
Кыргызстандагы төңкөрүш (2020)
Дата

5 / 6-октябрь 202016-октябрь 2020

Орун

 Кыргызстан Бишкек Ош

Себеп

Кыргызстандын 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгына нааразычылык. Шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу. (кийинчерээк С. Жээнбековдун кетишин талап кылуу)

Натыйжа

БШК: Кыргызстандын -4-октябрдагы парламенттик шайлоосун жокко чыгарды

Өзгөрүүлөр
Каршы тараптар
  • Кыргызстан Кыргызстандын президенти жана өкмөт башчысы
Кыргызстан Нааразылык акциясына чыккандар
Колбашчылар
Сооронбай Жээнбеков Сыймык Жапыкеев (5-октябрь)
Жанар Акаев (6-7-октябрь)
Тарап күчтөрү
469 5000
Жоготуулар
белгисиз 1 киши каза болуп 911 адам жаракат алган[5]

Кыргызстандагы төңкөрүш (2020), ошондой эле Үчүнчү революция катары белгилүү — 2020-жылдын 5 октябрында, дүйшөмбү күнү башталып, добуштарды сатып алган деген жыйынтыктарга жана айыптоолорго нааразычылыгын билдирип, Кыргызстандын борбору Бишкекте кечинде кеминде 5000 адамга жеткен[6]. 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо[7]. Түн киргенден кийин, милиция кызматкерлери Ала-Тоо аянтын демонстранттарды көздөн жаш агызуучу суу жана суу чачкычтар менен тазалоо операциясынан кийин, митингчилер милиция кызматкерлерине таш менен кол салып, экөөсүн жарадар кылышкан[8][9].

2020-жылдын 6-октябрында, шейшемби күнү эртең менен нааразы болгондор Бишкектин борборундагы Ала-Тоо аянтын көзөмөлгө алышкан[10]. Алар ошондой эле Ак үйдүн жана Жогорку Кеңештин имараттарын президенттин иш бөлмөлөрүнө кирип барышкан[11]. Мындан тышкары, алар экс-президент Алмазбек Атамбаевди абактан бошотушкан[12].

Окуянын жүрүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын мөөнөтү аяктап, парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген. Дүйнөнү коронавирус илдети каптап, шайлоо жылдырылсын деген талаптар айтылган. Ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков «Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» жарлыкка кол койгон.Парламенттик шайлоо 4-октябрда 16 партиянын катышуусунда өткөн. «Биримдик », «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7 пайыздык босогодон өтүшкөн. 5-октябрда алардын катарына "Мекенчил" партиясы дагы кошулган. Калган партиялардын өкүлдөрү шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп аянтка митингге чыгышкан. Алар парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышкан. Партия өкүлдөрү саат 20:00гө чейин президент Сооронбай Жээнбековго шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу үчүн убакыт беришкен. Президенттик аппарат 6-октябрда мамлекет башчы 16 партиянын лидерлери менен жолугат деген маалымат тараткан. Митингге чыккандардын айрымдары Ак Үйдүн тосмосун көздөй жөнөшкөн. Күч органдарынын кызматкерлери тарабынан үн чыгарчу куралдан ок атылып, көздү ачыштырган суу чачылган. Андан жарадар алгандар да болгон. Митингге чыккандар ар тарапка чачырап кайра биригишип жатып, 6-октябрга караган түнү Ак Үйгө кирип барышкан. Андан кийин абакта жаткан бир топ саясатчылар бошотулган. Алардын катарында Садыр Жапаров дагы болгон. Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева өлкө башчы Бишкекте - деген маалымат таркатып, төмөнкүлөрдү билдирген :

« Президент Сооронбай Жээнбеков кырдаалды көзөмөлдөп жатат жана саясий күчтөр өз кызыкчылыктарынан өлкө кызыкчылыгын жогору коюп, өлкө жарандарын тынчсыздандырып жаткан коомчулукту бөлүнүп-жарылуу жана башка кооптонууларга жол бербейт деп бекем ишенерин билдирүүдө. Ал өзүнүн бардык күч-аракетин өлкөнү укуктук талаага алып келүүгө жумшап жатат. Биринчи кезекте бул өлкөдө бир күн мурун өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу »

Парламент Садыр Жапаровду кайра-кайра үч жолу премьер-министрлике дайындашат. Бул жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон. 15-октябрда Сооронбай Жээнбеков отставкага кетерин жарыялап, төмөнкүлөрдү билдирген:

« Борборубуз Бишкектеги коомдук-саясий абал курч бойдон турганын көрүп турасыздар. Аны басаңдатуу максаты менен кечээ Жогорку Кеңеш өкмөттүн курамын бекитип, тиешелүү дайындоолор боюнча мен жарлык чыгарып, кол коюп бердим. Тилекке каршы, агрессия дагы эле токтобой, менин токтоосуз отставкамды талап кылышууда. Азыркы кырдаал эки тараптуу кагылышуунун болуусуна жакындап калды. Бир жагында митингге чыккандар, бир жагында күч органдары турат. Эки тарап кагылышса, кан төгүлүп кетет. Мамлекеттик резиденцияны коргоо үчүн аскер кызматкерлери, күч органдары курал колдонууга милдеттүү. Эки тарапты тең провокацияга алдырбоого чакырам »

Мыйзамга ылайык, президент мөөнөтүнөн мурда отставкага кетсе, анын милдетин Жогорку Кеңештин төрагасы аткарат. Ага чейин Жогорку Кеңештин төрагалыгына Канатбек Исаев дайындалган. Бирок Садыр Жапаровдун тарапташтары буга каршы болуп митингге чыгышкан. Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тартканын расмий Жарыялаган, андан соң мыйзам боюнча президенттин милдетин Садыр Жапаров аткарат.

Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону 2021-жылдын 10-январына белгилеген. 14-ноябрда президент болом деген талапкерлердин саны 63кө жеткен. Алардын саны кыскарып отуруп 18 талапкер шайлоо комиссиясынан толук өткөн. Садыр Жапаров дагы шайлоого катышуу үчүн ыйгарым укуктарын өткөрүп берген. 10-декабрда Жогорку Кеңеш референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун экинчи, үчүнчү окууда кабыл алган. Мыйзам долбоору 2021-жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүүгө багытталган. Мыйзам долбоорунун демилгечиси — Акылбек Жапаров.

Айсулуу Мамашова, Дастан Бекешев, Наталья Никитенко, Каныбек Иманалиев мыйзамга "каршы" деп добуш беришкен. Ал эми 60 депутат "макул" деп добуш берген. Мыйзам долбооруна каршы пикирлерин айткан да депутаттар болгон. Өмүрбек Текебаев "Биз референдумду дайындоо боюнча мыйзамды кабыл алдык, бирок бул мыйзам өткөн жок. Мен санап турдум" деген оюн айткан. Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов аталган мыйзамга кол койгон.

Хронологиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 5-октябрь — Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо болуп өтүп, алдын ала жыйынтыгы менен 120 мандаттын 90дон ашыгы эки гана партияга тийген. Мындан улам утулган партиялар шайлоонун таза өткөнүнө күмөн санашып. 5-октябрда 8 партиянын башын бириктирген ири митинг "Ала-Тоо" аянтында башталган.

Ошол эле күнү кечке маал, чогулгандардын саны көбөйүп, таңга маал митингчилер Ак үйдү алышкан. Көп өтпөй акция катышуучулары УКМКнын имаратын басып кирип, бир нече саат ичинде абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, саясатчылар Садыр Жапаров, Равшан Жээнбеков чыгарылган.

Ошол күнү кечинде Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Кубатбек Боронов кызматтан кеткен. Спикер болуп Мыктыбек Абдылдаев шайланган. Ал эми парламенттин кезексиз жыйынында премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлиги жактырылган.

  • 7-октябрь — Эртең менен бул чечимге, негизи эле бийликке кайра эски жүздөрдүн келишине нааразы болгон топ өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгып, люстрация талап кылынган.

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Премьер-министр Киргизии подал в отставку
  2. Премьер-министр Киргизии ушел в отставку: кто занял пост
  3. Оппозиция Киргизии основала координационный совет
  4. В Кыргызстане лидеры 11 политических партий потребовали от Центризбиркома отменить итоги выборов
  5. Один человек погиб и 911 пострадали в столкновениях в Киргизии
  6. Backlash Against Kyrgyz Parliamentary Election Results Comes Instantly. RFE/RL, Inc.. Текшерилген күнү 5 -октябрь (тогуздун айы) 2020.
  7. Thousands protest over Kyrgyzstan election result. Текшерилген күнү 5 -октябрь (тогуздун айы) 2020.
  8. Kyrgyz police use teargas, water cannon to disperse protesters. Текшерилген күнү 5 -октябрь (тогуздун айы) 2020.
  9. Protests in Kyrgyzstan over alleged vote rigging. Текшерилген күнү 5 -октябрь (тогуздун айы) 2020.
  10. Демонстранты полностью контролируют площадь «Ала-Тоо». Текшерилген күнү 5 -октябрь (тогуздун айы) 2020.
  11. Protesters seize Kyrgyzstan's seat of government: Reports.
  12. Jailbreak: Kyrgyz protesters free ex-president Atambayev, imprisoned for corruption.