Кыргызстандын Орус Улуттук Театры

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Кыргызстандын Орус Улуттук театры Кыргызстандын Орус Улуттук театры, өлкөнүн жападан жалгыз орус театры болуп эсептелет. Театрдын имараты, Бишкектин так борборунда, эмен паркында орун алган. Кыргызстанда орус театрынын тарыхы алыскы 1935-жылдан башталат. Кыргыз ССР нын өкмөтү, Орус драма театрынын негизделиши жөнүндө токтом кабыл алды. Театрдын негизги максаты болуп, шаардык эмес тургундарды, дүйнөнүн эн мыкты драматургиялык чыгармалар менен тааныштыруу, кооздук сезимдерди өркүндөтүү жана Кыргыз улуттук театрын негиздөөгө көмөктөшүү болгон. Театрдын башкы режиссеру болуп, В.Г. Фельдман дайындалып, негизги труппаны ГИТИСтин бүтүрүүчүлөрү түзгөн. Алгачкы спектакль Яновскийдин «Столица» аттуу пъесасы, 1935-жылдын 6-ноябрында ойнолгон. Алгачкы спектакльдар ошол мезгилдеги жашоону чагылдырган. Бардык койуулар баатырдык-революциялык мааниде болгон. Ошол мезгилдин чыгаан актерлордун арасынан РСФСРнын эмгек синирген артисти Вячеслав Федорович Казаковду белгилей кетсек болот. Бишкектеги көчөлөрдүн бири анын атынан коюлган. 50-жылдардын аягында, Москвадагы кыргыз искусствосунун экинчи декадасында, Фрунзенин Орус драма театры, СССРдин эң мыкты театралдык коллективдеринин катарына кирген. Театралдык искусствонун өнүгүшүнө зор салым кошкондугу үчүн, Элдер-Аралык достуктун ордени менен сыйланган. 70-жылдардан 90-жылдын башына чейин СССР өлкөлөрүндө өткөн драматургиялык фестивальдарда активдүү катышып келген. Орусиянын татралдык ишмерлери менен тыгыз иштешип келгенин да, баса белгилеп кетүү керек. 1980- жылы, театрга Владислав Пади чакырылып, натыйжада ал театрдын башкы режиссеру болуп калган. 1991-жылы Совет Союзунун тарыхында алгачкы ирет, швейцариялык режиссер Бечарт, Макс Фриштин «Андорра» аттуу пъесасын коруучулорго тартуулаган. 1993-жылы Йошкар-Оладагы эл-аралык театралдык фестивалда, В. Пази койгон «Три Сестры» спектакли, эң мыкты деп табылган. Кыргызстандын эл артисттери Мария Стряпкина, Эммануил Праг, Леонид Ясиновский, Александр Кулешов, Тамара Варнавских, Клавдия Гурьева сыяктуу театрдын мыкты ишмерлерисиз, Орус драма тетарын элестетүү кыйын. Тилекке каршы, бүгүн алар биз менен эмес, бирок алардын ысымдары театрдын тарыхында түбөлүк жазылып калат. Орус Драма театры түптөлгөндөн бери, анын сахнасында РСФСР искусствосуна эмгек сиңирген ишмер Георгий Иванов, Кыргызстандын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер Марк Маламуд, СССРдин эмгек сиңирген артисти В. Панов, артисттер , Н. Беляков, А. Головин, А. Бируля, өнөр көрсөтүп келишкен. 2007 жылга чейин, театрды Орусиянын эмгек синирген артисти Андрей петухов беш жыл бою башкарган. 2007-жылы Орус Драма Театры 73-сезонду жаркын келечекке ишенүү менен баштады. Жаңы директор болуп Борис Воробъев дайындалды. Чыгармачылык директору болуп, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Балбекин Александр Романович болуп дайындалды. Драматургтун кенешчиси кызматына кыргыз эл жазуучусу Маар Байджиев чакырылды. Акыркы жылдары театр башынан кыйынчылыктарды өткөрүүдө. Көптөгөн актерлор жакынкы жана алыскы чет өлкөгө, Казакстан, Россия, Израильге кетишүүдө. Керектелүүчү 50 актердун ордуна, сахнага 23 гана актер чыгат. Алардын арасында, Кыргыз Республикасынын эл артисттери, В. М. Москалев, Т. Д. Стрельцова, С. Борисов, А. К. Адали. Жаны 2007-жылкы театралдык сезондо, 28-сентябрьда Владимир Скоропись койгон, Лопе де Веганын «Хитроумная Влюбленная» аттуу спектакльынын бет ачары болуп өттү. Спектакль улуу испаниялык драматургтун 445 жылдыгын арналды. Театр жетекчилери, актер жана режиссерлордун чыгармачылык тобу репертуарды ар түрдүү кылууга аракеттенип келишет. Келечекте, сахнага дүйнөлүк классиканын шедеврлерин гана эмес, азыркы замандын авторлорунун чыгармаларын да койууга аракет жасалууда. Ошондой эле, буга чейин театр репертуарына 10 жылдан бери кирбей келген, жергиликтүү авторлордун чыгармалары сахнада коюлат. 2008-жылы, театр сахнасында Чынгыз Айтматовдун 80-жылдыгына арналган 2 спектакль коюлат. 73-театралдык сезондо (сентябрь 2007 – сентябрь 2008), театр сахнасында Карло Гальдонинин «Самодуры», Эрик-Эммануэль Шмиттин «Оскар и Розовая Дама», Унгардтын «Аделаида», Эдуардо де Филиппонун «Призраки», Гуркиндин «Кадриль», Лопе де Веганын «Хитроумная Влюбленная», Франсуа Сагандын «Пианино в траве», Островскийдин «Правда-хорошо, а счастье лучше» аттуу спектальдарын көрө аласыздар. 1935-жылдан 2007-жылга чейин театр имаратында 15 миңден ашык спектакль коюлган. 400 го жакын жаңы койулмалар. Орточо театр жылына 4 жолу бет ачар өткөзөт. Театр жаңы актерлорду, жаңы оригиналдуу инсандырды издөөдө. Бишкектин көпчүлүк мектептеринде театралдык кружоктор түзүлгөн. 6 жогорку окуу жайларында театралдык студиялар иштейт. Театрда ар дайым жаңы койулмаларга тандамалар өтөт. Театр жетекчилеринин бири, Трофимов владимир Александрович минтип айтат: « Биз, театр жашаш үчүн бардыгын кылабыз. Күн сайын театрды сүйгөн адамдар азайып бара жатканына карабай, биз көрүүчүлөр үчүн күрөшөбүз. Анткени, бир дагы бир эң мыкты кино-тасма, театрдагы актетрлордун жандуу оюну менен тең таймаша албайт, сахнада көз менен көрүп гана эмес, каармандын ички дүйнөсүн сезсе да болот.