Кыргызстандын аялдары

Википедия дан

Кыргызстандын аялдары

Кыргыз элинде аялзаты ар дайым урматталып, үй-бүлөдө жана коомдо татыктуу орун ээлеп келген. Аларга эне, жубай катары ар дайым аяр мамиле жасалып, сый-урмат көргөзүлгөн. Кыргыз эли көчмөн эл болгондуктан, аялдары башка элдердин аялдарына караганда бир топ эркин болуп, үй иштеринен башка иштерге да өз деңгээлинде салымын кошо алган. Ошондой эле, кыргыздын каада-салттары, моралдык этикалык чен-өлчөмдөрү, жүрүм -турум эрежелери да өз убагында аялдардын коомдогу ордун так белгилеп, ар дайым аны сактап келген. Кылымдардан бери тастыкталып, такталып, калыптанып келген учкул сөздөр, макал-лакаптар да аялзатынын коомдогу ордун көзөмөлдөп турган.

Ошондой эле, көчмөн кыргыз эли аялдардын коомдогу ордун кылымдардан бери ооздон оозго өтүп сакталып, элибиздин адабий, маданий мурастары катары калыптанып калган дастандарда, эпостордо, элдик чыгармаларда чагылдырылган. Ал чыгармаларда аялзатынын даанышмандыгы, кара кылды как жарган калыстыгы, тапкычтыгы, айлакерлиги даңазаланган.

Жогоруда айтылгандай, ар убак өз доорунун баатыры, каарманы болгон сыяктуу кыргыз тарыхында өз элинин эркиндиги жана амандыгы үчүн күрөшкөн Курманжан датка, У.Салиева, З.Кайназарова, К.Шопокова, Ө.Атабекова сыяктуу эмгек баатырлары, Б.Бейшеналиева, Б.Кыдыкеева, С.Кийизбаева өңдүү искусство ишмерлери ондоп саналат. Анын бүгүнкү күндөгү далили катары КМШ өлкөлөрүндө биринчи болуп мамлекет башчылыгына жетишкен, эркектер көтөргүс эл жүгүн аркалаган Р.Отунбаеваны мисалга келтирүүгө болот.


Кыргыз айымдары
Саясаттагы айымдар
Аты атысынын аты Кичине маалымат Сүрөтү
Роза Отунбаева 2010-жылдын июлунан 2011 жылдын декабрына чейин – Кыргыз Республикасынын Президенти. Otunbaeva.jpg
Чолпон Баекова Эгемендүү Кыргызстандын доору Баевова.jpg
Баатыр айымдар
Жаңыл Мырза Кыргыз кызы Janylmyrza.jpg
Кыргыз маданиятындагы айымдар
Таттыбүбү Турсунбаева Кыргыз театрынын жана киносунун жылдызы 1105627D-214C-4928-82DA-7493D88E04D6 mw800 s.jpg

Интернет шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]