Кыргызстандын дүйнө жүзүндө алган орду

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Кыргызстандын дүйнө жүзүндө алган ордуКыргыздар өз мамлекетинин эркиндигине карай нечен кылымдар бою татаал жол баскан. Кыргыз эли эң байыркы элдерден экендиги карт тарыхтан белгилүү. Кылым карыткан кыргыз эли көп чайналып, бирин жоготсо, башкасын таап, кээде толуп, кээде бөксөрүп жүрүп отуруп, азыркы ушу таптагы мезгилине жеткен. Өткөөл тарыхты эске салып, Ашым Жакыпбеков мындай деп жазган: Кайын барбы, кыргыз балта чаппаган,
Кыр-жон барбы кыргыз кыргын таппаган.
Кылымдарга аты калбай өчөөрдө,
Кыргыз элин кыраан Манас сактаган.
Ушул төрт сап ыр элдин кыйынчылык менен эркиндикке, эгемендүүлүккө жеткенин айгинелеп турат.

Кыргыз мамлекети 1991-жылы 31-августта эгемендүүлүккө жеткен. Ошондон бери Республикада көп өзгөрүүлөр болду. Тоталитардык түзүлүш ээлеринин эң жогорку катмары бийликтен ажырады; демократиялык нуктагы Президент шайланды; мамлекет көз каранды эмес деп жарыяланып, жаңы Конституция, Мамлекеттик Туу жана Гимн, Улуттук валюта кабыл алынды, коомдо башка аң-сезимдин жакшы жышааны сезилип жатат. Бирок саясий экономикалык тоталитардык түзүлүш али жок боло элек, ал кыйрап баратат. Ошол кыйроо процесси экономикалык-социалдык кризисти тереңдетип, элдин турмуш денгээлин төмөн түшүрүүдө. Басымдуу көпчүлүк жакырчылыктын чегинен ылдыйлап кетти. Ошондой болсо да жакынкы мезгилде калктын турмуш денгээлин жакшыртуу үчүн Кыргызстан жаңы индустриялуу өлкөлөрдүн катарына кошулушу керек. Ал үчүн акыркы үч жылда экономикалык реформалар жүргүзүлүп жатат. Натыйжада бул жылдарда рынок экономикасына негиз салынды. Атап айтканда жеке менчик, жеке ишмерчилик, айыл-кыштак менен шаар жерлеринде эркин ишкерчилик институттары түзүлдү.

Дүйнө ушул тапта «өнүккөн өлкөлөр», «орто өнүккөн өлкөлөр» жана «өнүгүп келе жаткан өлкөлөр» деп, негизинен үчкө бөлүнүп калган кези. Кыргыз Республикасы өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн катарына кирет. Ошондуктан алыскы чет өлкөлөр, алардын фирмалары Кыргызстанга ар түрдүү гуманитардык жардамдарды беришип, биргелешкен ишканаларды түзүшүп, кен байлыктарды өздөштүрүүгө, айрыкча биргелешип алтынды өндүрүүгө көмөктөш болуп жатышат. Кыскасы алыскы жана жакынкы чет өлкөлөр Кыргызстандын улуттук экономикасын эмгектин эл аралык бөлүнүшүндө адистешип кетүүсүнө көмөк көрсөтүп, структуралык кайра курууга жана өндүрүштүн натыйжалуулугун көтөрүүгө жардамдашып жатышат.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматтары боюнча калктын жашоо абалы жагынан Кыргызстан 1993-ж. дүйнө жүзүндөгү 173 мамлекеттин ичинен 82-орунду ээлеген (1992-ж. биздин республика 83-орунда болучу). Алдыда Канада, Швейцария, Япония, Швеция, Норвегия, Франция, Австралия, АКШ, Нидерланды сыяктуу өнүккөн өлкөлөр баратат. Ал эми Көз каранды эместикти жаңы алган өлкөлөрдөн: Литва, Эстония, Латвия —28—30-орундарда, Россия—34, Казакстан—61, Түркмөнстан—80, Өзбекстан—91, Тажикстан —97, Ирак —100, Египет —110, Индия — 139-орунда турат.

Орунга бөлүштүргөндө, биринчиден, ошол өлкөдө адамдардын тынчтыкта жана бейкутчулукта жашашы, адам укуктарынын сакталышы, өмүрдүн узактыгы, экинчиден, калктын ар бир кишисине туура келген улуттук кирешенин көлөмү, мамлекеттик казнанын тынчтык иштерине жумшалышы, калктын сатып алуу жөндөмдүүлүгү, билим денгээли, медициналык жактан тейлениши, экология маселелери эске алынган.

Көз каранды эмес мамлекет болгондон бери Кыргызстанды дүйнөнүн 130 өлкөсү тааныды. Республикабыз 82 мамлекет менен дипломатиялык байланыш түздү. Кыргызстанда азыр Түркия, Россия, Кытай, АКШ, Испания, Бельгия, Израиль, ГФР, Иран, Монголия, Швеция, Дания, Чехия, Норвегия, Австрия, Япония, Түштүк Корея, Индия, Италия, Пакистан, Финляндия, Улуу Британия, Швейцария, Вьетнам, Замбия, Нидерланды, Канада, Франция мамлекеттеринин, бардыгы болуп 32 өлкөнүн атайын толук укуктуу элчилери иштеп жатат.

Кыргыз Республикасы эгемендүү мамлекет болоору менен Бириккен Улуттардын Уюмуна мүчө болду. Эл аралык валюта фондусу, Дүйнөлүк банк, Эл аралык өнүгүү ассоциациясы, Азия өнүгүү банкы, Европа реконструкция жана өнүгүү банкы, Ислам өнүгүү банкы, Европа шериктештер комиссиясы ж.б. республиканын экономикасынын өнүгүшүнө, социалдык жактан тейлөөнүн жакшырышына, кадрларды даярдоого омоктуу жардам берип жатышат.