Кыргызстандын климаты

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Кыргызстандын климаты.

Кыргызстандын климатыКыргызстандын климаттык шарты эң чоң материк Евразиянын борбордук бөлүгүндө, океан менен деңиздерден алыс болгондугуна жана анын аймагынын деңиз денгээлинен бир кыйла жогору жайгашкандыгына байланыштуу. Мындай абал температуранын кышкы жана жайкы, түнкү жана күндүзгү термелүү айырмачылыгынын чоңдугуна, абанын жалпысынан кургактыгына, күн нурунун молдугуна, атмосфералык жаан-чачындын салыштырмалуу аздыгына жана климаттын кескин континенталдуулугуна шарт түзөт. Кыш мезгилинин бир калыпта болбой өрөөндөрдө сууктун убактылуу жылуулук менен алмашылышы, бийик тоолордо ызгаардуу болуп турушу, жаздын тез чыгып кетиши, бирок сууктун кайра кайталанып жазгы үшүктөрдүн жүрүшү мүнөздүү. Жергиликтүү аймактын бийиктик абалына жараша жаз март, апрель же май айларында келет. Жай мезгили узак, аптаптуу, күзү жылуу, адатта кургак болот. Бийик тоолордун жана тоо арасындагы өрөөндөрдүн бири-бирине карата жана батыштан келген нымдуу абага карата алган орду боюнча климаттык шарттар ар башка аймакта ар түрдүү мүнөздо, ошондой эле бийнктик боюнча климаттын элементтеринин өзгөрүшү климаттык алкактардын пайда болушуна алып келет.