Мазмунга өтүү

Кыргызстандын сүрөт академиясы –

Википедия — ачык энциклопедия

Кыргызстандын сүрөт академиясы – Кыргыз Республикасынын сүрөт Академиясы – эгемендүү мамлекет статусун алган Кыргызстандын өнүгүү жолундагы жаңы этаптардын ачык күбөсү, постсоветтик мезгилдеги улуттук маданияттын эң маанилүү кубулуштарынын бири. 90-жылдары мурунку социалдык, саясый жана көркөм тажрыйбага кайрадан ой жүгүртүү базасында пайда болгон жаңы жараткыч программалардын, жаңы изденүүлөрдүн, долбоорлордун жана чыгармачылык эргүүлөрдүн мезгили болуп калды. Жаңылануу кырдаалында Кыргызстандын келечек муундарынын профессионалдашуу проблемасы жана алардын адеп-ахлактык-руханий жактан тарбияланышы өзгөчө мааниге ээ болот. Көркөм маданият өзүнүн бардык түрлөрү жана институттары менен заманбап кыргыз коомунун турмуштук маанилүү жана ажырагыс бөлүгү катары адамдардын эмоциялык-психологиялык абалынын сезгич камертону болуп калат. Кыргыз көркөм искусствосу өзүнүн таасир берүү чөйрөсүн кеңейтүү менен ошол мезгилдин рухун, элдин көп кылымдык этномаданий эс-акылын чагылдырат жана алардын жакшылык менен сулуулукка болгон ишенимин, алардын кыял-үмүт, идеалдарын ишке ашырат. Республиканын өнүгүп жаткан маданиятында эң алдыңкы позициялардын бирин коомдук турмуштун бардык тармактарына тарап бара жаткан көркөм сүрөт искусствосу ээлейт. Ал мейкиндик чөйрөсүнө чыгуу менен аны кайра түзөт жана эстетикалык, социалдык маңызга каныктырат. Заманбап көркөм турмуш авансценасында өзүнүн ар кыл түрлөрү жана формалары, монументалдык жана монументалдык-жасалга пластикасынын дүркүрөп өнүгүүсү менен скульпторлук көркөм  искусствосу  өзгөчө көрүнүп турат. Кыргыз көркөм сүрөт искусствосунун жетишкендиктери, монументалдык көркөм искусство, графика, скульпторлук, живописте жаратылган көрүнүктүү чыгармалар, Россиянын эң мыкты сүрөт окуу жайларында атайын билим алган сүрөтчүлөрдүн чыгармачыл активдүү коллективдеринин болушу республикадагы көркөм искусство таануу илиминин өнүгүүсү 90-жылдардын башында бекем, реалисттик негиздеги, тематикасы менен форма жаратуудагы жаңы тенденциялары бар кыргыз сүрөт мектебинин жетилишин жана келечектүүлүгүн көрсөтө алды. Кыргызстанда сүрөт Академиясынын түзүлүшү кыргыз кесиптик көркөм сүрөт искусствосунун өнүгүшүндөгү анын бардык тарыхый жүрүшү менен шартталган. Бул көркөм процессте 70–80-жылдары Т. Садыков башында турган сүрөтчүлөрдүн республикалык чыгармачыл бирикмеси (союзу) чоң роль ойноду. Ал көркөм искусство чеберлеринин коллективинин кесиптик жана чыгармачылык жактан дүркүрөп өнүгүшүнүн, көргөзмө жана басма ишинин болуп көрбөгөндөй жогорулашынын, эл аралык көркөм сүрөт байланыштарын чыңдоонун, республикада сүрөткердин статусун көтөрүүнүн мезгили эле. Республикада көркөм сүрөт Академиясын түзүү идеясы, аны ишке ашырууда бардык кыйынчылыктарды өз мойнуна алган Т. Садыковго таандык болчу. Ошентип, республикада ишмердүүлүк мүнөзү боюнча бүгүнкү күндө функция аткаруучу, жаңы көркөм сүрөт маданият борбору пайда болду. Кыргызстандын көркөм сүрөт Академиясы жогорку сүрөт окуу жайы жана ошону менен бирге чыгармачыл, илим изилдөө мекемеси катары ачылган. Анын максаты ишке ашырылган концепциянын кайталангыс, үзгүлтүксүз тармактуу, көп баскычтагы моделин түзүү эле. Академиянын көп деңгээлдик структурасы Батыш менен Чыгыштын кеңири маданий мейкиндигинде көркөм сүрөт маданиятынын андан ары өнүгүүсү менен сакталып калуусун камсыз кылуучу көркөм өнөр таануучулар менен көркөм искусствонун жогорку профессионал чеберлерин даярдоочу окуу-усулдук жана илимий базаны түзүүдөгү бирдиктүү бир программага бириктирилген компоненттердин бир катарын өз ичине камтыйт. Сүрөт Академиясынын көркөм сүрөт билимин берүүдө татаал-иерархиялык структурасы бар. Анын башкы жүзү болуп, республиканын ар кыл райондору менен шаарларынан келген шыгы бар балдарды 4 жыл 6–9-класстарда окутуучу сүрөт мектеби болуп эсептелет. Экинчи баскычы – 3 жылдык 5 факультети бар сүрөт окуу жайы. Анын бүтүрүүчүлөрү атайын орто окуу жайынын көркөм сүрөт билими  боюнча дипломуна ээ болушат жана атайын жана орто мектептерде сабак бере алышат. Ал эми окуу жайдын эң жөндөмдүү бүтүрүүчүлөрү өз билимин андан ары ошол эле адистиктер боюнча өз кесибин жогорулатуу максатында көркөм сүрөт институтунун станоктук живопись, скульпторлук, өнөр жай графикасы факультетинде жана ошондой эле 1999-жылы ачылган көркөм искусство таануу факультетинде улантуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ. Жогорку квалификациядагы сүрөтчү кадрларды академиялык даярдоонун союзу болуп, көркөм сүрөт институтунун чыгармачыл жана пед. ишмердигинде теориялык билимдери менен чеберчилигин арттыруудагы бардык шарттары бар көркөм искусство Академиясы эсептелет. Бүтүрүү ишин коргоо менен аспирантурада билим алгандар өз адистиги боюнча көркөм сүрөт искусствосунун кандидаттык илимий даражасына ээ болушат. Академиянын структурасына республиканын көркөм сүрөт искусствосунун тарыхы жана теориясынын милдеттерин иштеп чыгуучу, көркөм тажрыйбаны жалпылоочу, көркөм искусство таануу илиминин өнүгүүсүн алдына максат кылып алган илимий-изилдөө бөлүмү кирет. Бөлүмдүн илимий кызматчылары Б. Будайчиев, Л. А. Прыткова, Д. Алышбаева авторлору болушкан «Бишкектин монументалдык көркөм искусствосу» китеби  быйыл Москвадан басылып чыкты. Ал эми азыркы мезгилде бөлүмдүн кызматчылары «Кыргызстандагы пластикалык көркөм искусствонун өнүгүүсү» (1917–2000-ж.) деген теманын алдында иштеп жатышат. Кыргызстанда 1984-жылдан бери кыргыз жана чет элдик сүрөткерлер тарабынан жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан республикалык жана скульпторлук симпозиумдарынын натыйжасында фонддору станоктук чыгармалар менен жасалга-парктык, скульпторлук түзгөн илимий-усулдук музей, Академиянын маанилүү структуралык бөлүмү болуп эсептелет. Музей жогорку квалификациядагы сүрөтчүлөр менен көркөм искусство таануучуларды даярдоодогу алмаштыргыс окуу, илимий-усулдук база болуп эсептелинет жана чыгармачылык пикир алышууга керек болгон эстетикалык чөйрөнү түзөт. Сүрөт Академиясынын структуралык калыптанышы көп баскычты басып өттү. 1991-жылы мамлекеттик жогорку сүрөт колледжи ачылган. 1995-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен ал сүрөт Академиясы болуп кайра түзүлгөн. Андан аркы иштеринин натыйжасында 1998-жылдын 12-октябрында сүрөтчүлөрдүн эл аралык форумунда Кыргызстандын сүрөт Академиясы тарбиялык-педагогикалык, илимий-чыгармачыл уюм катары расмий түрдө бекитилген. Бул уюштуруу чогулушунда Пакистан, Армения, Грузия, Түркмөнстан, өзбекстан, Казакстан, Украина, Россиянын көрүнүктүү көркөм искусство ишмерлеринин катышуусу менен Кыргыз Республикасынын сүрөт Академиясынын анык мүчө-корреспонденттери шайланышкан. Форум иштеп жаткан мезгилде Академиянын музейинде эл аралык сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, форумдун анда катышуучуларынын иштери көрсөтүлгөн. Кыргызстанда сүрөт Академиясынын түзүлүшү кеңири эл аралык резонанска ээ болгон. Чет элдик сүрөт жогорку окуу жайлары менен Россия сүрөт Академиясынын академиялык мекемелери, Москвадагы В. И. Суриков атындагы сүрөт институту, Санкт-Петербургдагы живопись, скульптура жана архитектура институту, Пакистан жогорку мамлекеттик колледждери, Стамбулдагы мамлекеттик университет жана Орто Азиядагы коңшулаш мамлекеттердин сүрөт жогорку окуу жайлары сүрөт академиялары менен чыгармачылык байланыш түзүлгөн. Сүрөт академиясынын калыптанышы менен ишмердүүлүгүнүн 10 жылдык тажрыйбасы Чыгыш менен Батыштагы кеңири билим берүүчү жана маданий мейкиндиктин контекстинде республиканын чыгармачыл потенциалынын андан аркы квалификациядагы сүрөтчүлөр менен көркөм искусство таануучуларды даярдап чыгаруучу жаңы окуу-чыгармачыл, изилдөө мекемесин түзүү боюнча баштапкы ойду ишке ашыруунун жетиштүүлүгүн көрсөтө алды. Кыргызстандын сүрөт Академиясынын 10 жылдан бери анын негиздөөчүсү, СССР эл сүрөтчүсү, Кыргыз Эл Баатыры, профессор, Кыргыз улуттук илимдер Академиясынын анык мүчөсү жана ошондой эле Россия сүрөт Академиясынын академиги,  Ленин  жана Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Тургунбай Садыков жетектейт. Анын жетекчилиги астында калыптанган академиялык структура жакшыртылып, окуу-тарбия программалары баюуда. Ошону менен бирге билим берүү процессинин техникалык жагы бекемделип, эл аралык жогорку окуу жайлар ортосундагы жана илимий байланыштар кеңейтилүүдө.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]