Кыргызстан Аялдар Конгресси

Википедия дан

Кыргызстан Аялдар Конгресси - аялдардын Кыргызстанда эгемендик доорунда, 1993-жылы уюшулган коомдук бирикмеси. Президенти - Замира Акбагышева.

Кыскача таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1993-жылы Кыргызстан Аялдар Конгресси уюшулуп, анын президенти болуп Замира Акбагышева шайланган.

Кыргызстан аялдар Конгрессинин делегациясы иш сапары менен Польшада жүргөндө бизнес-инкубатордун ийгиликтерине суктанышып, Кыргызстанда да ушундай иштерди жүргүзүүнү максат кылып койгон. Натыйжада кийинки жылдары эр-жигиттерден кем калышпаган чарбакер аялдардын саны арбыды. Албетте, бул - мезгил талабы. «Бизнести кантип баштоо керек?», “Кантип кредит алуу керек?» сыяктуу семинарлар азыркы учурда ийгиликтүү иш алып бара жаткан айымдардын бизнесине жол ачты.

2003-жылы алгач Шопоков шаарында, андан соң Токмок шаарында бизнес инкубаторлор ачылган. Учурда Кыргызстанда 37 бизнес инкубатор бар. Алар өзүнүн негизги функциясын аткарып, жаңы жумуш орундарын түзүп, жумушсуздарга өз ишкерлигин түзүүгө жардам берип келет, муну менен жакырчылыкты жоюуга зор салым кошулуп жатат.

Он сегиз жыл ичинде Кыргызстан аялдар конгресси 11 миң 200 адамга бизнестин негиздерине окутууга, 1 миң 500 адамга компьютерди үйрөтүүгө, 720 аялдарга англис жана түрк тилдерине окутууга жетишип, 1 миң 400 жаңы жумуш орундарын түздү.

Замира Акбагышева азыр мамлекеттик деңгээлде чечилчү эң негизги маселе – жумушсуздук экенин белгилейт. Конгресске кайрылган аялдардын 90 пайызы – жумушсуздар. Рынок шартында ар ким өз ордун табышы керек. Кыйынчылыктар көп. Бирок начар жашап жатабыз деп отура бергенден эч нерсе чыкпайт. Өзүбүздү өзүбүз иш менен камсыз кылсак, Ата-Журтубуздун алдында адамдык жана атуулдук парзыбызды аткарган болоор элек.

Биздин каарман гендердик саясат маселеси жөнүндө көп сөз болуп, бирок жыйынтык аз экени тынчсыздандырат. Кеп, жалгыз гана парламентке барып отуруп калышта эмес. Башка дагы көптөгөн тармактарда аялдардын укугу басмырланууда. Конгресске энелер тамак-аш, кийим-кечек, баласынын операциясын же контрагын төлөп берүүнү өтүнүп кайрылышат. Аял үй бүлөнүн данакери эмеспи. Конгресстин бир аялды колдогону бүтүндөй бир үй-бүлөнү колдогонго тете.

2010-жылы декабрда Кыргызстан аялдар Конгресси” уюму "Кыргызстан айымдары” китебинин экинчи томун басып чыгарды. Китепке Кыргызстандагы 400дөй белгилүү аялзатынын ийгиликке жетишкен тарых-таржымалы берилген. Анын алгачкы нускасы биринчилерден болуп КР Президенти Роза Отунбаевага тапшырылды. Китепке кирген мыкты айымдардын жасаган иштери, жетишкен ийгиликтери кийинки муундарга, сиңдилерге үлгү болуп, аларды келечекте чоң эмгектерди аткарышына шыктандырат. Китепке саясатчы жана окумуштуулар, мыкты маданият жана билим, илим ишмерлери, дыйкандар жана жумушчулар, мамлекеттик жана коомдук кызматкерлер болушкан элдин сүймөнчүгүнө татыган айымдар киришкен.

Кыскача адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан айымдары / Кыргызстан Аялдар Конгресси. - Бишкек, 2010. - 2-том.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]