Кыргызстан Жогорку Лигасы
| Кыргызстан Жогорку Лигасы | |
| Жогорку Лига | |
| Файл:Логотип КПФЛ.png | |
| Өлкө | |
|---|---|
| Федерация |
АФК |
| Түптөлгөн |
1992 |
| Командалар саны |
16 |
| Лига системасындагы баскычы |
1 |
| Ийгилик жолдонмосу |
AFC Challenge League |
| Четтетилүү жолдонмосу |
Биринчи Лига |
| Учурдагы чемпион |
Барс (1) |
| Көп титулдуу клуб |
Дордой (13) |
| TV өнөктөшү |
Kyrgyz Sport TV |
| Сайты |
kpfl.kg |
Кыргызстан Жогорку Лигасы[1] — Кыргызстандагы профессионалдык футболдун эң жогорку деңгээлдеги мелдеши болуп эсептелет. Мелдешти Кыргыз профессионалдык футбол лигасы (КПФЛ) жана Кыргыз футбол биримдиги биргелешип уюштурат. Турнир 1992-жылдан бери үзгүлтүксүз өткөрүлүп келе жатат. 2026-жылдан баштап Жогорку Лига деп аталат[1]. Буга чейин «Топ-лига», «Премьер-лига» деген аталыштар менен аталып келген[2].
Учурда Кыргыз Жогорку Лигасында 16 команда катышат[3]. Лиганын тарыхындагы эң ийгиликтүү клуб — «Дордой» Бишкек. Бул команда чемпиондук наамды 13 жолу жеңип алып, кыргыз футболунун флагманы катары таанылган.
Жогорку Лиганын учурдагы чемпиону Ысык-Көлдүн «Барс» клубу[4][5].
Чемпион атанган команда Азия футбол конфедерациясы уюштурган AFC Challenge League мелдешине жолдомо алат. Бул турнир Азиядагы клубдар үчүн үчүнчү деңгээлдеги континенталдык мелдеш болуп саналат.
Сезондун жыйынтыгында эң начар көрсөткүч көрсөтүп, акыркы орунду ээлеген команда Кыргызстандын Биринчи Лигасына түшүрүлөт.
Катышуучу клубдар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2026-жылкы чемпионатка даярдык көрүүнүн алкагында лига клубдарынын жетекчилери жана Кыргыз футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев катышкан жыйын өткөрүлгөн. Жыйындын жыйынтыгы боюнча чемпионаттагы командалардын саны 14төн 16га көбөйтүлдү. Лигага жаңыдан «Токтогул» клубу кошулду. Ал Токтогул шаарынан болуп, 2025-жылкы Улуттук лиганын (азыркы Биринчи Лига) жеңүүчүсү аталды[6]. Ошондой эле Талас шаарынын наамысын коргогон жаңы «Азия» клубу да катышуучулардын катарына кирди[1][3].
| Клуб | Шаар | Стадион | Сыйымдуулугу |
|---|---|---|---|
| Абдыш-Ата | Кант | Nitro Арена | 3000 |
| Азия | Талас | ||
| Азиягол | Бишкек | ||
| Алай | Ош | Ахматбек Суюмбаев | 11 200 |
| Алга | Бишкек | Улуттук футбол академиясы | |
| Барс | Каракол | Ынтымак Арена[7] | 3380 |
| Бишкек Сити | Бишкек | ||
| Дордой | Бишкек | «Дордой» спорт комплекси | |
| Илбирс | Бишкек | ||
| Кыргызалтын | Кара-Балта | «Манас» спорт комплекси[8] | 2150 |
| Мурас Юнайтед | Манас | Курманбек[9] | 5 000 |
| Нефтчи | Кочкор-Ата | Нефтяник | 5 000 |
| ОшМУ-Алдиер | Ош | Ахматбек Суюмбаев | 11 200 |
| Талант | Беш-Күңгөй | Достук Арена[10] | 2 563 |
| Токтогул | Токтогул | ||
| Өзгөн | Өзгөн | «Зулпукар Ормонов» спорт комплекси[11] | 2 240 |
Байгелүү клубдар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Көп титулдуу клубдар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Клуб | Саны | Титулга ээ болгон жылы |
|---|---|---|
| «Дордой» | 13 | 2004, 2005, 2006, 2007, 2008, 2009, 2011, 2012, 2014, 2018, 2019, 2020, 2021 |
| «Алга» | 5 | 1992, 1993, 2000, 2001, 2002 |
| «Алай» | 4 | 2013, 2015, 2016, 2017 |
| «Абдыш-Ата» | 3 | 2022, 2023, 2024 |
| ЦАГ-«Динамо» | 3 | 1997, 1998, 1999 |
| «Кант-Ойл» | 2 | 1994, 1995 |
| «Металлург» | 1 | 1996 |
| «Жаштык-Ак-Алтын» | 1 | 2003 |
| «Нефтчи» | 1 | 2010 |
| «Барс» | 1 | 2025 |
Бардык сезондордун эң көп гол киргизгендери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Сезон | Оюнчу | Клуб | Голдору |
|---|---|---|---|
| 1992 | СКА-«Достук» | 26 | |
| 1993 | «Динамо-Алай» | 38 | |
| 1994 | «Кант-Ойл» | 25 | |
| 1995 | «Кант-Ойл» | 27 | |
| 1996 | АиК | 17 | |
| 1997 | КВТ-«Динамо» | 17 | |
| 1998 | «Семетей» | 23 | |
| 1999 | «Жаштык-Ак-Алтын» | 16 | |
| 2000 | СКА-ПВО | 32 | |
| 2001 | «Жаштык-Ак-Алтын» | 28 | |
| 2002 | «Жаштык-Ак-Алтын» | 19 | |
| 2003 | СКА-ПВО | 39 | |
| 2004 | «Дордой-Динамо» | 28 | |
| 2005 | «Жаштык-Ак-Алтын» | 23 | |
| 2006 | «Абдыш-Ата» | 24 | |
| 2007 | «Абдыш-Ата» | 21 | |
| 2008 | «Абдыш-Ата» | 13 | |
| «Дордой-Динамо» | |||
| 2009 | «Дордой-Динамо» | 21 | |
| 2010 | «Нефтчи» | 15 | |
| 2011 | «Алга» | 12 | |
| 2012 | «Дордой» | 17 | |
| 2013 | «Абдыш-Ата» | 20 | |
| 2014 | «Дордой» | 18 | |
| 2015 | «Алай» | 17 | |
| 2016 | «Алай» | 21 | |
| 2017 | «Алай» | 12 | |
| 2018 | «Алай» | 26 | |
| 2019 | «Дордой» | 20 | |
| 2020 | «Дордой» | 10 | |
| 2021 | «Абдыш-Ата» | 17 | |
| 2022 | «Алай» | 14 | |
| «Нефтчи» | |||
| «Абдыш-Ата» | |||
| 2023 | «Дордой» | 14 | |
| 2024 | «Абдыш-Ата» | 11 | |
| 2025 | «ОшМУ-Алдиер» | 19 |
Жылдын мыкты оюнчулары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Сезон | Оюнчу | Клуб |
|---|---|---|
| 2010[12] | Азамат Байматов | Дордой |
| 2018[13] | Шерзот Шакиров | Нефтчи (Кочкор-Ата) |
| 2019[14] | Фархат Мусабеков | Дордой |
| 2021[15] | Мирбек Ахматалиев | Абдыш-Ата |
| 2022[16] | Магамед Узденов | Абдыш-Ата |
| 2023[17] | Данин Талович | Дордой |
| 2024[18] | Кайрат Жыргалбек уулу | Абдыш-Ата |
Башкы демөөрчүлөр
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Сезондор | Башкы демөөрчү |
|---|---|
| 1992—2016 | Жок |
| 2017—2021 | |
| 2021—2024 | |
| 2024—а.у | 1xBet[21] |
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1 2 3 ПРЕЗИДЕНТ КФБ КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ ВСТРЕТИЛСЯ С РУКОВОДИТЕЛЯМИ КЛУБОВ КЫРГЫЗСКОЙ ПРЕМЬЕР-ЛИГИ (орусча). Кыргызский футбольный союз. Текшерилген күнү 7 -январь (үчтүн айы) 2026.
- ↑ Live Премьер-лига 2025 результаты, футбол Кыргызстан (орусча). flashscore.com. Текшерилген күнү 7 -январь (үчтүн айы) 2026.
- 1 2 2026-жылы Кыргызстандын футбол боюнча Жогорку лигасында 16 команда ойнойт. Спутник. Текшерилген күнү 7 -январь (үчтүн айы) 2026.
- ↑ ФУТБОЛЬНЫЙ КЛУБ «БАРС» — ЧЕМПИОН КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ 2025 ГОДА! (орусча). Кыргызский футбольный союз. Текшерилген күнү 7 -январь (үчтүн айы) 2026.
- ↑ Премьер-Лига 2025, футбол, Кыргызстан (орусча). soccer365. Текшерилген күнү 7 -январь (үчтүн айы) 2026.
- ↑ футбол клубу «ТОКТОГУЛ» ЗАВОЕВАЛ ПУТЁВКУ В ПРЕМЬЕР-ЛИГУ КЫРГЫЗСТАНА 2026 ГОДА (орусча). Кыргызский футбольный союз. Текшерилген күнү 7 -январь (үчтүн айы) 2026.
- ↑ В ГОРОДЕ КАРАКОЛ ТОРЖЕСТВЕННО ОТКРЫЛСЯ СТАДИОН «ЫНТЫМАК АРЕНА» (орусча). Кыргызский футбольный союз. Текшерилген күнү 8 -январь (үчтүн айы) 2026.
- ↑ В КАРА-БАЛТЕ ОТКРЫЛСЯ ОБНОВЛЕННЫЙ СПОРТИВНЫЙ КОМПЛЕКС «МАНАС» (орусча). Кыргызский футбольный союз. Текшерилген күнү 8 -январь (үчтүн айы) 2026.
- ↑ Мурас Юнайтед Джалал-Абад (орусча) (transfermarkt.world). Текшерилген күнү 7 -январь (үчтүн айы) 2026. Түп булактан архивделген күнү 27 -август (баш оона) 2024.
- ↑ СОСТОЯЛОСЬ ОТКРЫТИЕ ПЕРВОГО ФУТБОЛЬНОГО СТАДИОНА В ИСТОРИИ НЕЗАВИСИМОСТИ КЫРГЫЗСТАНА (орусча). Кыргызский футбольный союз. Текшерилген күнү 7 -январь (үчтүн айы) 2026.
- ↑ В ГОРОДЕ УЗГЕН ТОРЖЕСТВЕННО ОТКРЫТ СПОРТИВНЫЙ КОМПЛЕКС ИМЕНИ ЗУЛПУКАРА ОРМОНОВА (орусча). Кыргызский футбольный союз. Текшерилген күнү 7 -январь (үчтүн айы) 2026.
- ↑ Марченко Иван. В Кыргызстане определены лучшие футболисты чемпионата страны 2010 года (орусча). Текшерилген күнү 8 -январь (үчтүн айы) 2026.
- ↑ Жыргалбек уулу Кайрат - лучший футболист Кыргызстана, Крестинин - лучший тренер! (орусча). Текшерилген күнү 8 -январь (үчтүн айы) 2026.
- ↑ Жакыпбекова Жамиля. FFKR Football Awards — 2019. «Эпоха футбола», лучшие игроки и тренеры — кто они (орусча). Текшерилген күнү 8 -январь (үчтүн айы) 2026.
- ↑ Названы лучшие футбольные игроки, тренеры и судьи Кыргызстана (орусча). Текшерилген күнү 8 -январь (үчтүн айы) 2026.
- ↑ Лучшим футболистом Кыргызстана 2022 года стал Валерий Кичин. Кто забрал остальные 13 наград? (орусча). Текшерилген күнү 8 -январь (үчтүн айы) 2026.
- ↑ Кайрата Жыргалбек уулу признали лучшим футболистом Кыргызстана в 2023 году (орусча). Текшерилген күнү 8 -январь (үчтүн айы) 2026.
- ↑ КПЛ-2024: названы лучшие из лучших по итогам сезона (орусча). Текшерилген күнү 8 -январь (үчтүн айы) 2026.
- ↑ У чемпионата Кыргызстана по футболу появился генеральный спонсор (орусча). Текшерилген күнү 8 -январь (үчтүн айы) 2026.
- ↑ У Премьер-лиги новый титульный спонсор - БК Олимп (орусча).
- ↑ КОМПАНИЯ 1ХBET СТАЛА ГЕНЕРАЛЬНЫМ ПАРТНЕРОМ ПРЕМЬЕР-ЛИГИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ (орусча). kpfl.kg. Текшерилген күнү 8 -январь (үчтүн айы) 2026. Түп булактан архивделген күнү 10 -ноябрь (жетинин айы) 2024.