Мазмунга өтүү

Кыргызстан архитекторлор союзу

Википедия — ачык энциклопедия

Кыргызстан архитекторлор союзу — архитекторлордун ыктыярдуу коомдук чыгармачыл уюму. 1938-жылы Фрунзеде кыргыз архитекторлорунун уюмдаштыруу конференциясында, СССР архитекторлор союзунун курамында түзүлгөн. 1949-жылы өз алдынча Кыргыз ССР архитекторлор союзу болуп уюшулган. Союз архитекторлорду бир уюмга баш коштуруп, алардын чеберчилиги менен талантын өстүрүү, чыгармачылык изденүүлөрүнө шарт түзүү жана жаш талапкерлерге камкордук кылуу милдетин аткарат. Ал идеялык-тарбиялык жана маданий-агартуу иштерин да жүргүзөт: чыгармачыл кеңешмелер, долбоорлор жана курулуштар боюнча талкуулар, архитекторлордун квалификациясын жогорулатуу курстарын өткөрөт, элге архитектура жана курулуш маселелерин жайылтып, алдынкы тажрыйбаны пропагандалайт. Кыргызстан архитекторлор союзунун жетекчи органы — съезд. Съездде Союздун башкармасы шайланат. Жумушчу уюму — президиум жана секретариат. Союздун төрагалары: Г. А. Градов (1938— 41), В. Е. Верюжский (1941—43), Я. А. Штейнберг (1943—45), Проваров (1945—49), Е. Г. Писарской (1949—59), А. Исаев (1959—61, 1986—90), П. А. Афонин (1961—64), В. Г. Тычинский (1964—68), Е. Г. Писарской (1968—86), К. Алыкулов (1990—94, 1998—2001), Д. Өмүралиев (1994—98), А. Алсеитов (2001—05), Э. Бекташев (2005-жылдан).

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]