Кыргызстандын географиясы

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Негизги макала: Кыргызстан
Кыргызстан.

Кыргызстандын географиясы — Чыгыш жарым шардагы эң чоң материк Евразиянын борбордук бөлүгүнөн, аны чулгаган океандар менен деңиздерден алыс орун алган. Эгерде глобуска же Жарым шарлардын картасына көз чаптырсак Кыргызстандын аймагы Евразиянын, Атлантика океанынан Тынч океанына чейин курчаган кеңдик боюнча созулган эбегейсиз зор тоо системаларынын түндүк жагындагы чет жакасын ээлейт. Кыргызстан ээлеген аймактан түндүктү карай бийик тоолор жапыздап, Казакстандын бөксө тоолоруна жана андан ары Батыш Сибирдин түздүгүнө өтөт. Түштүктү карай тоолордун бийиктиги улам артып, Памир, Гиндикуштун чыгышы, Кара-Корум, Тибет менен Гималайдын батышы аркылуу Индостан жарым аралынын түздүктөрүнө өтөт. Кеңдик боюнча Кыргызстан мээлүүн алкактын түштүк бөлүгүндө жайгашкан. Анын кеңдигинде батышты карай Кызыл-Кум, Кара-Кум чөлдөрү, Чон жана Кичи Кавказ, Кичи Азиянын түндүгү, Балкан, Апеннин жана Пиреней жарым аралдары, ал эми чыгышты карай Такла-Макан, Гоби чөлдөрү, Маньчжурия, Корея жарым аралынын түндүгү, Сихоте-Алиндин түштүгү жатат.

Кыргызстандын эң түндүк чеги Чүй дарыясынын сол жайылмасынын чегинде Камышановка кыштагынын түндүк жагындагы 43˚, 16˚ түндүк кеңдикте өтөт. Ал жерден Түндүк Муз океанына чейинки аралык 3380 км; түштүк чеги Чоң Алай тоо кыркасында, Дароот-Коргондун тушундагы Кызыл-Суунун сол куймасы Алтын-Дайра суусунун алабындагы мөңгүнүн башы. Ал жердин кеңдиги 39° 11΄ жана ошол чекиттен Инд океанынын жээгине чейинки аралык 1670 км. Кыргызстандын эн батыш чеги Лейлек районунун аймагындагы Ак-Суу суусунун алабынын батыш жагын чектеп турган Түркстан кырка тоосунун түндүктү карай багытталган айрыгынын кыры. Ал чек 69° 15΄ чыгыш узундукта жатат жана Атлантика океанынан 6530 км аралыкта орун алган эң чыгыш чеги Эңгилчек мөнгүсүнүн төрүндө. Меридиан кырка тоосун-да жайгашкан 6210 м бийиктиктеги чоку. Ал чокунун меридиа-ны 80° 18', чыгыш узундугу жана ал жерден Тынч океанынын жээгине чейин 3830 км. Кыргызстандын батыш чегинен чыгыш чегине чейинки аралык 925 км, ал эми түндүгүнөн түштүк чегине чейинки аралык — 459 км, чек арасынын узундугу 4508 км, жалпы аянты 198,5 миң км2.

Кыргызстан Орто Азиянын түндүк-чыгышында орун алган. Бирок «Орто Азия» деген түшүнүк географиялык адабияттарда ар башка түшүндүрүлүп жүрөт. Бирде мурдагы СССРдин составына кирген төрт республиканын (Кыргыз, Өзбек, Тажик жана Түркмөн) аймагын билдирсе, бирде Түштүк Казакстанды да камтып кетет. Түштүк жана чыгыш чектери болсо табигый чектери менен эмес, мамлекеттик чек ара менен өткөрүлүп келген. Азыркы кезде мындай чек аранын кажаты болбой калгандыгына байланыштуу Кыргызстандын алып турган ордун Борбордук Азияга карата аныктаса болот. Кыргызстан — Борбордук Азиянын түндүк-батыш жагын, Тянь-Шандын батыш бөлүгүн жана Памир-Алай тоо системасынын түндүк бөлүгүн ээлейт.

Республиканын географиялык абалы жалпы өндүргүч күчтөрдү өнүктүрүүгө ынгайлуу келет. Келечекте Кыргызстан тогуз жолдун тоомуна айланат. Анткени, болжолдоолорго караганда жакынкы жылдарда Пекин — Үрүмчү — Алматы — Ташкент — Ашгабат — Мешхед темир жолу Тегеран шаары аркылуу Персия булуңуна жетет, андан ары Стамбул аркылуу Европага жол ачылат. Ал трансмагистралдык темир жол Инд океаны аркылуу кеткен дениз жолуна караганда аралыкты беш эсеге кыскартат. Бул темир жол Азия менен Европанын 40 мамлекетин, анын ичинде Кыргызстанды да камтыйт.

Келечекте Инд океанындагы Карачи деңиз портуна жана Дели шаарына чейин жеткен Бишкек — Кашгар — Каракорум (Кы-тай) — Карачи (Пакистан), бир бөлүгү Делиге (Индия) кеткен шоссе жолу курулуп, кургактыктагы «Суэц каналы» болуп калат. Байыркы заманда ушул маршрут аркылуу Улуу Жибек жолу өтүп, Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттери бири бири менен байланышып турушкан.

Кытай Эл Республикасы менен Кыргыз Республикасы биргелешип келечекте Бишкек — Үрүмчү — Пекин; Пекин — Бишкек — Франкфурт-на-Майне; Шанхай — Бишкек — Санкт-Петербург сыяктуу аба жолдорун ишке киргизет. Булар экономиканын өнүгүшүнө, социалдык жактан тейлөөнүн жакшырышына шарт түзөт.