Кыргызстан күмүш кендери

Википедия дан

Республиканын аймагында азыркы учурда бир гана нагыз күмүш кени — Күмүш так кени белгилүү, бирок алтындын, полиметаллдын, жездин ж. б. металлдардын көптөгөн кендеринде күмүш кошумча түрдө болуп, анын рудадагы өлчөмү бир нече граммдан бир нече жүз граммга чейин жетет (күмүш республикадагы дээрлик бардык алтын жана полиметалл кендеринин курамында кезигет). Комплекстүү кендердин (күмүшү кошо) мамлекеттик баланска алынгандары: Куттуусай-2, Терек, Тегерекан, Жерүй, Кумтөр, Талдыбулак-Солжээк, Кыранжайлоо, Миронов, Темиртөрбулак, Чааркудук, Арсы, Күмүш Кумтөр, Макмал, Терек, Куранжайлоо кендеринен алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]