Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусу

Википедия дан
Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусу
Дата

14—сентябрь 2022 — 20 сентябрь

Орун

 Кыргызстан /  Тажикстан

Себеп

Тажикстандын чек арачылары такталбаган аймактан ок чыгарган

Каршы тараптар
 Кыргызстан  Тажикстан
Колбашчылар
Садыр Жапаров
Камчыбек Ташиев
Таалайбек Өмүралиев
Эмомали Рахмон
Саймумин Ятимов
Шерали Мирзо
Тарап күчтөрү
КР КК
УКМК / ГКНБ
БӨРҮ (АБО)
Скорпион (АББ)
ТР КК
Тажик ГКНБсы
ОМОН
Жоготуулар
63 Адам/Аскер
1 ЖАМУ "ТИГР"
243 Адам/Аскер
17 Танк
6 Соотташыгыч
2 РЖУС "Град"

Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусу2022-жылдын 14-сентябрынын таңкы саат 4:00 башталган. Кыргызстан жана Тажикстан чек арасында катталган куралдуу кагылыштын тарыхындагы эң көп жоготуу болгон окуя.

Окуянын жүрүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 14-сентябрь күнү тажик аскерлери Кыргызстандын чек арага жакын аймагына беш жерден ок чыгарган. Сүйлөшүүдөн кийин атышуу токтогон.
  • 16-сентябрда Кыргызстандын чек ара кызматы Тажикстан тараптан аткылоо кайрадан башталганын билдирип, кагылышуу Баткен облусунун бардык чек ара тилкесинде жүргөн. Мекеме тажик чек арачыларынын аракетин кол салуу деп атаган. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстанга каршылык нотасын тапшырып, буга чейинки макулдашуулар бузулганын айткан. Кыргызстандын күч түзүмдөрү тажик тарап Кыргызстандын аймагын басып алуу максатында оор техника, анын ичинде "Град" ракеталык системасын колдонуп жатканын кабарлаган.УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тажикстандык кесиптеши Саймумин Ятимов менен 16-сентябрь күнү саат 16:00дөн тарта ок атууну токтотууга макулдашып, эки өлкөдөн атайын комиссия түзүлгөн. Бирок кечинде тажик тарап келишимди аткарбай, кайрадан ок чыгарган.Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстандын 24 жараны көз жумганын билдирген. Баткен жана Лейлек райондорунан 140 миң киши эвакуацияланган.
  • 17-сентябрда Ош облусунун Чоң-Алай районундагы заставаларды аткылай баштаган.Тажикстандын аскерлери, жөнөкөй жарандары жана белгисиз топтор Баткен менен Лейлек райондорундагы ондогон үйлөрдү, социалдык объектилерди, дүкөндөрдү талап-тоноп, өрттөп кетишкен.
  • 18-сентябрда атышуу токтогон, бирок абал чыңалган бойдон калган.Кыргызстан расмий түрдө окуяны "Тажикстандын алдын ала даярдалган агрессиялык куралдуу кол салуусу" деп атаган.

Келтирилген зыяндар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жараксыз абалга кептелген имараттардын арасында турак үйлөр, мектеп, бала бакча, фельдшердик-акушердик пунктулар бар. Ошондой эле айыл өкмөт имараттары, аскердик заставалар, сарайлар да өрттөлгөн.

 Кыргызстан

Турак үй
Сарай Тиричиликти камсыздоочу обьект
Автоунаа
Социалдык обьект Адмицтративдик, стратегиялык имарат
Автоунаа өтүүчү көпүрө
Баардыгы
613 323 171 26 15 9 1 1158

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]