Кыргыз АССР Советтеринин 1-уюштуруу съезди

Википедия дан

Кыргыз АССР Советтеринин 1-уюштуруу съезди — 1927-ж. 7-12-мартта Фрунзе шаарында өткөн. Съездге 231 делегат катышкан. Съезд Кыргыз Автономия Советтик Социалисттик Республикасынын түзүлгөндүгү жөнүндө Декларация кабыл алып, Кыргыз АССР БАКка 123 мүчө жана 27 кандидат шайлаган. Алардын катарына: Н. Узюков, Ж. Саадаев, А. Орозбеков, Ж. Абдрахманов, О. Алиев, Г. Булатов, О. Тынаев, Т. Усманова, С. Кулматов, К. Тыныстанов, И. Айдарбеков, Э. Эсенаманов, К. Юлдашев, А. Кулумбаев, X. Шооруков, Т. Айтматов жана башка кирген. Съездде Бүткүл россиялык советтердин съездине 15 делегат (Т. Усманова, Ж. Абдрахманов, Э. Эсенаманов, Т. Айтматов, X. Шооруков, Е. Поливанов жана башка) жана СССР БАКтын Улуттар советине 5 делегат (Н. Узюков, Ж. Саадаев, А. Орозбеков, К. Иващенко, М. Якупбаев) шайланган. 12-мартта Кыргыз АССРинин 1-чакырылышынын 1-сессиясы өтүп, анда БАКтын сессияларынын аралыгында 17 мүчө жана 6 кандидаттан турган Кыргыз АССР БАКтын Президиуму шайланып, А. Орозбеков анын төрагасы болуп калган. Ошондой эле Эл Комиссарлар Совети (ЭКС) уюшулуп, ага Ж. Абдрахманов бекитилген. Съезддин чечимдери Кыргыз АССРинин мамлекеттик бийлик жана мамлекеттик башкаруунун жогорку органдарынын (Бүткүл кыргыз советтеринин съезди, Кыргыз АССР Советинин БАКы, БАКтын Президиуму, ЭКС жана башка) мыйзамдуу түрдө иш жүргүзүшүнө шарт түзгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]