Мазмунга өтүү

Кыргыз Нуур көлү

Википедия — ачык энциклопедия
Кыргыз Нуур көлү
монг. Хяргас нуур

Хяргас-Нуур көлүнүн жээги
Координаттар: 49°10′ с. ш. 93°20′ в. д.HGЯO
Морфометриясы
Деңиз деңгээлинен бийиктиги

1028 м

Аянты

1407 км²

Көлөмү

75.2 км³

Жээгинин узундугу

330 км

Эң терең жери

80 м

Орточо тереңдиги

51 м

Узундугу

75 м

Туурасы

31 м

Гидрологиясы
Минералдашуунун түрү

Туздуу (хлорид-карбонат-натрийлүү)

Туздуулугу

7.5 ‰

Суу топтоо бассейни
Суу топтоо аянты

169 000 км²

Куйган дарыялар

Айраг-Нуур көлү аркылуу (кыска агым менен)

Агып чыккан дарыялар

агып чыкпайт (туюк көл)

Кошумча маалыматтар
Көлдүн тоңушу

ноябрь — апрель айларында тоңот

Аралдары

жок

Өлкө

 Монголия

Аймак

Увс аймагы

Район

Хяргас, Наранбулаг, Цагаанхайрхан сомондору

Кыргыз Нуур көлү (Моңголия)
Кыргыз Нуур көлү
Кыргыз Нуур көлү Викиказынада

Кыргыз Нуур (монг. Хяргас нуур) Моңголиянын түндүк-батышындагы көл. Кыргыз району, Увс аймагы. Кыргыз Нуур аймагында кыргыздар Уйгур каганатын моюн сундурган соң, 9-кылымдын орто ченинен жашаган. Азыр да кара кыгыз (хара хыргыс), сары кыргыз (шара хырхыс) деген моңголдошуп кеткен кыргыз урууларынын урпактары жашайт. Аймактын археологиялык эстеликтери толук иликтене элек.

Кыргыз-Нордун аталышына байланыштырып, аны кээ бир окумуштуулар (В. Бартольд, Л. Кызласов) кыргыздардын байыркы мекени катары түшүнүшкөн. Буга кытай хроникаларындагы кыргыздардын ээлиги хунн ханынын ордосунан 7 миң ли батыш, Чеши өлкөсүнөн 5 миң ли түштүктө жайгашкан деген маалымат себеп болгон. 1987—2000-жылдары бул жерде археологиялык казуулар жүргүзүлүп, орто кылымга чейин гяньгунькыргыздардын жашабагандыгы далилденген. Айрым окумуштуулардын (Л. Боровкова, Ю. Худяков) пикири боюнча кыргыздардын ээлиги ДзосотынЭлисун чөлүнүн батышы, чыгыш Тянь-Шандагы Боро-Хоро тоолорунун түндүгүнөн орун алып, жужаңдардын кысымы менен 5- жана 6-кылымдын 1-жарымында гана Енисейге жылышкан.

Some sources are using different Khyargas Lake statistics values[1]:

  • Water level: 1,035.29 m
  • Surface area: 1,481.1 km²
  • Average depth: 50.7 m
  • Volume: 75.2 km³.
Water balance of Khyargas Lake[1]
(Unit of water balance: mm/year)
Surface input Surface output Groundwater
inflow-
outflow
Retention
time
, years
Precipitation Inflow Evaporation Outflow
55.9 652.4 937.1 0 +228.8 54.2

The Khyargas Lake National Park is based on the lake. This protected area was established in 2000 and covers about 3,328 km². It also includes a freshwater Airag Lake.[2][3]

  1. 1 2 "Surface Water of Mongolia", Gombo Davaa, Dambaravjaa Oyunbaatar, Michiaki Sugita. Текшерилген күнү 14 -июль (теке) 2012. Түп булактан архивделген күнү 9 -февраль (бирдин айы) 2021.
  2. "Mongolia", by Jane Blunden, from Bradt Travel Guides series, 2nd edition, 2008, ISBN 1-84162-178-1, p. 372
  3. "Mongolia", by Michael Kohn, 2008, ISBN 1-74104-578-9, p. 242

Колдонулган адабият

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003. “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору” “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9