Кыргыз Республикасынын Билим Берүү Министрлиги

Википедия дан

Кыргыз Республикасынын Билим Берүү Министрлиги - билим берүү боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү, билимдин сапатын, жарандарынын билим алууга башмыйзамдык укугун аткаруучу-тескөөчү иштемдүү мамлекеттик башкаруунун борбордук органы. Министрликтин башкы максатына улуттук жана адамзат (бүткүл дүйнөлүк) баалуулуктарынын негизинде, илим менен тажрыйбанын жетишкендиктерине таянып инсандын калыптанышына, өнүгүшүнө жана профессионалдык калыптанышына багытталган билим берүү боюнча эффективдүү аракеттеги тутумду түзүү, маданий баалуулуктарды келечек муундарга сактоо жана өнүктүрүү кирет.

Билим берүү жаатындагы негизги максаттары:
- атуулдардын милдеттүү негизги билим алууга конституциялык укуктарын камсыз кылуу;
- ар бир адамдын жөндөмүнө жараша толук орто, башталгыч, орто жана жогорку профессионалдык, билим алуусуна мүмкүнчүлүктү камсыз кылуу;
- билимдин сапатын камсыз кылуу;
- билим берүү мекемелеринин туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу.

Министрликтин негизги иштемдери:
- билим берүү жаатындагы саясатты калыптандыруу;
- билим берүү иштеринде тескөөчү-жөндөөчү куралдарды иштеп чыгуу;
- билим берүү тармагында стандартты калыптандыруу жана өнүктүрүү; - билим берүү иштерин көзөмөлдөө.

Министрликти Өкмөт, Жогорку Кеңеш тарабынан макулдашылып, Кыргыз Республикасынын Президенти дайындаган министр жетектейт. Министрликтин ишмердүүлүгүнүн негизги маселелерин кароо, чечимдердин аткарылышын, билим берүү органдарынын жетекчилеринин отчетун угуу максатында коллегия түзүлөт. Министрлик коллегиясынын мүчөлөрү министрдин сунушу боюнча КР Премъер-министри тарабынан бекитилет.

Министрлик Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби тартылган, аталышы мамлекеттик жана официалдуу тилде жазылган мөөрү, банктык жана финансылык мекемелерде эсеп счету бар, юридикалык жак болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004