Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги
| Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги | |
| Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги | |
| Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби | |
| Жалпы маалымат | |
|---|---|
| Мамлекет | |
| Юрисдикциясы |
Кыргызстан |
| Түзүлгөн күнү |
2026-жыл |
| Мурунку орган |
КР Билим берүү жана илим министрлиги |
| Жетекчилик | |
| Баш ийет | |
| Министр | |
| Түзүмү | |
| Башкы кеңсеси |
Бишкек шаары, Москва көчөсү, 62 |
| Координаттары | |
| Расмий сайты | |
|
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги | |
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги — жогорку, орто, жогорку окуу жайдан кийинки, кошумча кесиптик билим берүү, илим, инновацияларды өнүктүрүү, илимий-техникалык жана инновациялык иш, интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо жана сактоо, жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жана аттестациялоо чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин борбордук мамлекеттик органы болуп эсептелет[1].
Министрликтин ыйгарым укуктары, максаттары, милдеттери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Максаттары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Министрликтин негизги максаты — атаандаштыкка жөндөмдүү жогорку жана орто кесиптик билим берүү системасын калыптандыруу, ата мекендик илимди өнүктүрүү, илимий изилдөөлөрдү өндүрүшкө интеграциялоо, ошондой эле өлкөнүн инновациялык потенциалын жогорулатуу жана жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу болуп саналат[2].
Функциялары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Саясатты иштеп чыгуу жана координациялоо: Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү, ошондой эле илимий, илимий-техникалык жана инновациялык ишмердүүлүк чөйрөсүндө стратегияларды жана ченемдик укуктук актыларды даярдоо[2];
- Билим берүү стандартын жана сапатын камсыз кылуу: Жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарын бекитүү, билим берүү программаларынын, окуу жайлардын сапатына мониторинг жүргүзүү жана баалоо[2];
- Илимди жана инновацияларды өнүктүрүү: Приоритеттүү илимий изилдөөлөрдү, стартаптарды жана инновациялык долбоорлорду каржылоо, илимий иштеп чыгууларды экономикага жана өндүрүшкө киргизүүгө көмөктөшүү[2];
- Кадрларды даярдоо жана мамлекеттик заказ: Өлкөнүн экономикасынын керектөөлөрүнө ылайык адистерди даярдоого мамлекеттик билим берүү гранттарын (бюджеттик орундарды) бөлүштүрүү[2];
- Илимий даражаларды жана наамдарды берүүнү жөнгө салуу: Илимий жана педагогикалык кадрларды аттестациялоо, илимий даражаларды (кандидат, доктор) жана наамдарды бекитүү системасын уюштуру[2].
Укуктары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Нормативдик актыларды демилгелөө: Жогорку билим, илим жана инновациялар тармагында мыйзамдардын, токтомдордун долбоорлорун даярдоо жана Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизүү[1];
- Лицензиялоо жана аккредитациялоо: Жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын билим берүү ишмердүүлүгүнө лицензия берүү, аккредитациялоо процессин контролдоо жана мыйзам бузуулар болгондо лицензияны убактылуу токтотуу же чакырып алуу[1];
- Маалымат сурап алуу: Мамлекеттик органдардан, ЖОЖдордон, илим-изилдөө институттарынан жана уюмдардан өз ишине керектүү маалыматтарды, статистикалык отчетторду сурап алуу[1];
- Конкурс жана гранттарды уюштуруу: Илимий-изилдөө жана инновациялык долбоорлорду, илимий сыйлыктарды жана стипендияларды бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик конкурстарды уюштуруу[1];
- Эл аралык кызматташуу: Чет өлкөлүк илимий борборлор, университеттер жана эл аралык уюмдар менен келишимдерди түзүү, академиктер менен студенттердин эл аралык алмашуу программаларын (мобилдүүлүгүн) ишке ашыруу[1].
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1 2 3 4 5 6 Кыргыз Республикасынын Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкы. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жөнүндө ЖОБО
- 1 2 3 4 5 6 Кыргыз Республикасынын Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкы. 2025-жылдын 2-июлу № 390 Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин маселелери жөнүндө КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин расмий сайты
- Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин билим берүү платформаларынын бирдиктүү каталогу
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайты
- Маалыматтын жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн борборлоштурулган порталы