Мазмунга өтүү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети

Википедия — ачык энциклопедия
Министрлер Кабинети
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби
Ынтымак Ордо (Бишкек)
Ынтымак Ордо (Бишкек)
Жалпы маалымат
Мамлекет

 Кыргызстан

Юрисдикциясы

Кыргызстан

Түзүлгөн күнү

2021-жылдын 5-майы

Мурунку орган

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (1991–2021)

Жетекчилик
Баш ийет

Кыргыз Республикасынын Президентине

Министрлер Кабинетинин Төрагасы

Касымалиев Адылбек Алешович

Түзүмү
Башкы кеңсеси

Бишкек шаары, Ч.Айтматов проспектиси, 301(Ынтымак Ордо)

Координаттары

42°48′30″ с. ш. 74°34′55″ в. д.HGЯO

Расмий сайты

gov.kg

Министрлер Кабинети (Бишкек)
Министрлер Кабинети
Министрлер Кабинети Викиказынада

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мурдагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү) — Кыргыз Республикасынын аткаруучу бийлик органы болуп саналат жана аны мамлекет башчысы жетектейт.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, аткаруу бийлигинин ишмердүүлүгүн координациялоо укугу жана жоопкерчилиги мамлекет башчысынын компетенциясына кирет. Ошол себептүү, Министрлер Кабинетинин Төрагасы ошол эле учурда Президенттин Администрациясынын жетекчиси болуп эсептелет.

Кыргыз РеспубликасынынМинистрлер Кабинетинин ыйгарым укуктары жана жоопкерчилиги

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктары[1]:

  • Министрлер Кабинети Конституцияга жана мыйзамдарга ылайык Президенттин жана Жогорку Кеңештин, соттордун, өзгөчө статуска ээ башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына кирген маселелерден тышкары, мамлекеттик башкаруунун бардык маселелерин чечет.
  • Министрлер Кабинети:
  • Конституцияны, мыйзамдарды жана Президенттин актыларын аткарууну камсыз кылат, Конституциянын, мыйзамдардын, Президенттин актыларынын, кайрылууларынын жана тапшырмаларынын негизинде жана аларды аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында аткарууга милдеттүү болгон токтомдорду жана тескемелерди чыгарат, алардын аткарылышын контролдоону камсыз кылат;
  • мамлекеттин ички жана тышкы саясатын ишке ашырат;
  • улуттук программаларды иштеп чыгат жана Президентке бекитүүгө киргизет жана алардын ишке ашырылышын камсыз кылат;
  • мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти коргоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча чараларды ишке ашырат;
  • мамлекеттик эгемендикти, аймактык бүтүндүктү коргоо, конституциялык түзүлүштү сактоо боюнча чараларды, ошондой эле коргонуу жөндөмдүүлүгүн, улуттук коопсуздукту чыңдоо жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча чараларды ишке ашырууну камсыз кылат;
  • бюджеттик-финансылык, баалык, тарифтик, инвестициялык, тышкы экономикалык, салыктык жана бажылык саясатты аткарууну камсыз кылат;
  • социалдык-экономикалык чөйрөдө, жаштар саясаты, маданият, искусство, туризм, спорт, илим, интеллектуалдык менчик, билим берүү, саламаттык сактоо, эмгек, ишке орноштуруу жана миграция, этностор аралык мамилелер, балдарды коргоо жана гендердик теңдик, социалдык камсыз кылуу, жаратылышты коргоо, экологиялык коопсуздук жана жаратылышты пайдалануу, жер ресурстарын башкаруу жана жер мамилелерин жөнгө салуу; архитектура, шаар куруу жана курулуш иши, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат, статистика, мамлекеттик тилди, тоолуу аймактарды өнүктүрүү жана башка чөйрөлөрдө бирдиктүү мамлекеттик саясатты аткарууну камсыз кылат;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин аткарылышын камсыз кылат; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө чечим кабыл алат, мындай келишимдерди узартат же бузат; Кыргыз Республикасынын жарандарын анын аймагынан тышкары жерлерде коргойт; Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар менен өз ара мамилелерди өнүктүрүүнү камсыз кылат;
  • Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн жана консулдук мекемелерин жана Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлчүлүктөрүн ачууну камсыз кылат;
  • республикалык бюджетти иштеп чыгат жана Жогорку Кеңешке берет жана анын аткарылышын камсыз кылат;
  • менчиктин бардык түрлөрүн өнүктүрүүнүн бирдей шарттарын камсыз кылуу жана аларды коргоо, мамлекеттик менчик объекттерин башкаруу боюнча чараларды ишке ашырат;
  • мамлекеттик мүлктүн менчик ээсинин укуктарын ишке ашырат, мамлекеттик ишканаларды жана мекемелерди түзөт, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигин менчиктештирүүнү уюштурат;
  • мамлекеттик материалдык резервдин объекттерин, товардык-материалдык баалуулуктарын башкаруу жана Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт;
  • жалпы мамлекеттик программаларды иштеп чыгат, бекитет жана алардын ишке ашуусун камсыз кылат;
  • тышкы экономикалык ишти жүргүзүүнү камсыз кылат;
  • техникалык жөнгө салуу жаатындагы ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат; товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн ата мекендик өндүрүүчүлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо боюнча чараларды көрөт;
  • бирдиктүү монополияга каршы жана атаандаштык саясатын жүргүзүүнү камсыз кылат;
  • экономикалык мейкиндиктин бирдейлигин жана экономикалык иштин эркиндигин, товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана финансылык каражаттардын эркин жүгүртүлүшүн камсыз кылат;
  • республиканын экономикалык жана финансылык тутумун чыңдоо боюнча чараларды иштеп чыгат жана жүргүзөт;
  • бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуунун чараларын иштеп чыгат, бекитет жана ишке ашырат;
  • мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча чараларды көрөт;
  • ушул конституциялык Мыйзамда каралган учурларда мыйзамдардын долбоорлоруна расмий корутундуларды берет;
  • министрлердин, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилеринин, ошондой эле өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар жагында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларынын отчётторун угат;
  • министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жоболорун, башкаруу схемаларын жана чектик штаттык санын бекитет;
  • консультациялык-кеңеш берүүчү органдарды түзөт;
  • эркин экономикалык зоналар жөнүндө жобону жана аларды өнүктүрүү программаларын бекитет;
  • Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасын жана башка сыйлыктарды уюштурат, алар менен сыйлоонун негиздерин жана тартибин аныктайт;
  • класстык чендерди, аскердик наамдарды жана атайын наамдарды ыйгаруу тартибин аныктайт;
  • министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, аткаруу бийлигинин башка органдарынын актыларын жокко чыгарат;
  • мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын материалдык-техникалык жактан камсыз болушун уюштурат;
  • жарандык коом жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;
  • Конституция, ушул конституциялык Мыйзам жана мыйзамдар менен анын карамагына кирген башка ыйгарым укуктарды аткарат.
  • Министрлер Кабинети ушул конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктардан алганда, аларды аткаруу боюнча функцияларды министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, аткаруу бийлигинин башка органдарынын ортосунда бөлүштүрөт.
  • Министрлер Кабинетинин иши Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы тарабынан камсыз кылынат.
  • Министрлер Кабинетинин отчеттуулугу жана жоопкерчилиги
  • Министрлер Кабинети өз ишинде Президент тарабынан аныкталуучу мамлекеттин ички жана тышкы саясатын ишке ашырууга Президенттин алдында отчет берет жана жооптуу.

Министрлер Кабинетинин Президент менен өз ара аракеттенүүсүнүн Конституция жана ушул конституциялык Мыйзам менен жөнгө салынбаган маселелери Президент тарабынан аныкталат. Президент Министрлер Кабинетинин Төрагасына, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнө жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерине тартиптик жаза чарасын колдонууга, ошондой эле аларга сыйлоо чараларын колдонууга укуктуу.

  • Министрлер Кабинети жыл сайыл 1-майдан кечиктирбестен республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө Жогорку Кеңешке отчет берет.
  • Жогорку Кеңеш республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө Министрлер Кабинетинин отчеттук угуунун жыйынтыктары боюнча канааттандырарлык эмес деп таанууга укуктуу.

Министрлер Кабинетинин отчету канааттандырарлык эмес деп таанылган учурда Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги Президент тарабынан каралат.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин курамы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы Президент тарабынан аныкталат. Министрлер Кабинети Төрагадан, анын орун басарларынан, министрлерден жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларынан турат.

  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат.
  • Министрлер Кабинетинин Төрагасы, анын орун басарлары жана Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү Жогорку Кенештин макулдугу менен Президент тарабынан дайындалат.
  • Министрлер Кабинетинин Төрагасы Конституцияга, конституциялык мыйзамдарга жана Президенттин жарлыктарына ылайык Министрлер Кабинетинин ишмердүүлүгүн уюштурат.
  • Министрлер Кабинетинин Төрагасы Министрлер Кабинетинин ишмердүүлүгү үчүн Президенттин алдында жоопкерчилик тартат.
  • Президент өз демилгеси менен Министрлер Кабинетинин азыркы курамын же анын кайсы бир мүчөсүн кызматтан кетирүүгө укуктуу.
  • Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү кызматтан кетүү тууралуу арыз берүүгө укуктуу. Арызды кабыл алуу же четке кагуу Президент тарабынан чечилет.
  • Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кызматтан кетиши бүтүндөй Министрлер Кабинетинин кызматтан кетишине алып келбейт.
  • Министрлер Кабинетинин жаңы курамы дайындалганга чейин, иштеп жаткан курам өз милдеттерин аткарууну уланта берет.
  • Жаңы шайланган Президент кызматка киришкенде, Министрлер Кабинетинин бүтүндөй курамынын өз ыйгарымдары толугу менен токтотулат.

Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Кызматы Сүрөтү Аты-жөнү Партиясы Кызматка киришкен күнү
1 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Касымалиев Адылбек Алешович[2] партиясыз 2024-жыл 18-декабрь — а.у.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Амангельдиев Данияр Жолдошевич[3] партиясыз
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Акунбеков Эрлист Абакирович[4][3] партиясыз
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Маматканов Улан Эркинович[3] партиясыз
2 Тышкы иштер министри Кулубаев Жээнбек Молдоканович[4] партиясыз
3 Ички иштер министри Ниязбеков Улан Омоканович[4] партиясыз
4 Юстиция министри Баетов Аяз Батыркулович[4] партиясыз
5 Коргоо министри Мукамбетов Руслан Мустафаевич[4] партиясыз
6 Финансы министри Суйналиев Руслан Мырзабекович[4] партиясыз
7 Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Акунбеков Эрлист Абакирович[4] партиясыз
8 Транспорт жана коммуникациялар министри Солтобаев Талантбек Осмонбекович[5] партиясыз
9 Өзгөчө кырдаалдар министри Чыныбаев Канатбек Койчубекович[6] партиясыз
10 Агартуу министри Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевна[7] партиясыз
11 Экономика жана коммерция министри Сыдыков Бакыт Толомушевич[4] партиясыз
12 Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Омор уулу Айбек (м.а.)[4] партиясыз
13 Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Сагынбаев Канат Латипжанович[4] партиясыз
14 Саламаттык сактоо министри Осмонов Дамирбек Асилбекович[4] партиясыз
15 Энергетика министри Рысбеков Алтынбек Дурусбекович партиясыз
16 Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мамбеталиев Мирбек Кемелович[4] партиясыз
17 Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Токтобаев Акыл Токтобаевич[4] партиясыз
18 Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Орунтаев Нурдан Кемелович[4] партиясыз
19 Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Исаматова Гульзат Тыныбековна[4] партиясыз
Комитеттер
1 Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Асаналиев Максат Кубатович (м.а.)[8] партиясыз 30.06.2026 — а.у.
Агенттиктер
1 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги
2 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги
3 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиги
4 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
5 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги
6 Кыргыз Республикасынын социалдык фонду

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]