Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу

Википедия дан

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу — Кыргызстандын профессионал калемгерлеринин чыгармачыл уюму.

1927-жылы Кыргыз борбордук педтехникумунда уюшулган чыгармачыл жаштардын «Кызыл учкун» адабий ийриминин негизинде 1930-жылы Пролетарлар жазуучуларынын кыргыз ассоциациясы катары түзүлүп, 1933-жылы Кыргызстан Кеңеш жазуучулар союзу, 1934-жылы Кыргызстан жазуучулар союзу деген аталыш менен кайра уюштурулган. Буга ВКП(б) БКнын 1932-жылы «Адабий көркөм уюмдарды кайра уюштуруу жөнүндөгү» токтому себеп болгон.

2005-жылдан азыркы аталышында. Көркөмдүк деңгээли жогору, элдик философияга ишенимдүү негизделген, нускалык идеяларды камтыган, чыныгы тарыхый жана нукура эстетикалык асыл сапаттардан тайбаган чыгармаларды жаратууга өбөлгө түзүү, улуттук сөз өнөрүн өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл буруу, башка адабияттын нарктуу баалуулуктарын элге жеткирүү ж. б. Жогорку башкаруу органы — съезд. Анда башкарма шайланат. Ал төраганы, секретариатты шайлайт, пленумду, съездди чакыра алат. Союзда поэзия, проза, драматургия, сын жана адабият таануу, балдар адабияты, көркөм котормо, орус тилинде жазгандардын ж. б. секциялары бар. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Ысык-Көл, Нарын областтарында бөлүмдөр иштейт. СССР адабий фондусунун кыргыз бөлүмү, көркөм адабиятты жайылтуу бюросу, «Арашан» чыгармачыл үйү союзга караштуу болгон. Убагында «Ала-Тоо», «Литературный Киргизстан» адабий-көркөм, коомдук-саясий журналдары, «Кыргызстан маданияты» гезити чыгып турган. Азыр союздун органы болгон «Кыргыз адабияты», жазуучулар менен маданият ишмерлеринин «Жаңы Ала-Тоо» журналы, «Адабий Ала-Тоо» гезити чыгат. Союздун 1-съезди 1934-жылы, 13-съезди 2004-жылы өткөн.

Союздун башкарма төрагалары (1-секретарлары): А. Токомбаев (1934—37); Т. Үмөталиев (1937—40); А. Токомбаев менен К. Баялинов [алмак-салмак (1944—54); А. Салиев (1954—60); Т. Абдумомунов (1969— 71); Т. Аскаров (1971—86), Ч. Айтматов (1986— 91); А. Жакшылыков (1991—95); Ж. Мавлянов (1995—96); Н. Алымбеков (1996—2004); Ж. Садыков (2004—06); А. Өмүрканов (2006—07); О. Султанов (2007—09); А. Алымбаев (Баяс Турал) (2009—11); 2011-жылдын апрель айынан Ч. Абыкеев.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]