Кыргыз Республикасынын жазуучулары
Кыргыз Республикасынын жазуучулары | |
---|---|
Нукура аталышы | Кыргыз Республикасынын жазуучулары |
Которгон | Исакова З. |
Өлкөсү | Кыргыз Республикасы |
Тили | кыргыз |
Темасы | Жазуучулар |
Жанры | маалымдама |
Медианын түрү | китеп |
Беттери | 736 |
Кыргыз Республикасынын жазуучулары маалымдама Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын директору Турганбаев Надырбек Турганбаевичтин жалпы редакциясы астында чыгарылган.
Маалымдаманын макети Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын редакциялык коллегиясынын 16.07.2008-ж. отурумунда каралды жана жактырылган.
Маалымдамада Кыргыз Республикасынын жазуучуларынын өмүрү, чыгармачылык жолу жөнүндө кыскача маалыматтар камтылган.
Түзүүчүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Ааматов М.А.
- Абдылдабек кызы Жаңыл
- Асылбекова Ы.А.
- Гуркина Л.И.
- Даутов К.Д.
- Садыкова Ж.С.
- Чекиров А.Ч.
1976-жылы Ж.Самаганов түзгөн “Советтик Кыргызстан жазуучуларынын” түзүүчүсү (Ж.Самаганов Советтик Кыргызстан жазуучулары. Био-библиографиялык справочник, толукталып 2-басылышы. “Кыргызстан басмасы, Фрунзе – 1976);
1989-жылы чыккан “Писатели Советского Киргизстана китебинин түзүүчүлөрү (Писатели Советского Киргизстана. Справочник. Фрунзе, “Адабият”. 1989. Авторы-составители: Камбаралы Ботояров, Раиса Момунбаева, составитель – А.Макеева).