Мазмунга өтүү

Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген кызматкери

Википедия — ачык энциклопедия

Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген кызматкери — ардак наам. Алгач Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун 1940-жылы 17-декабрь жана 1970-жылы 30-ноябрдагы жарлыгы менен белгиленген. 1991-жылга чейин Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген кызматкери. Илим жана техникалык боюнча көрүнүктүү эмгектери, чарбалык жана социалдык-маданий курулуштагы өзгөчө маанилүү илимий ачуулары жана ойлоп чыгаруулары, илимий-практикалык олуттуу ишмердиги үчүн жана эл чарбасына, саламаттык сактоого, агартуу, илим, маданият жана искусствого илимий кадрларды, жогорку квалификациялуу адистерди даярдаган илимий кызматкерлерге берилет.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]