АРИС (Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу)

Википедия дан

Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу (АРИС) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 15-октябрындагы Жарлыгы менен

АРИС (Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу)
Негизделген жылы

15 октябрь 2003 жылы

Жайгашкан жери

Кыргызстан , Бишкек шаары, Боконбаев 102

Маанилүү фигуралар

Наспеков Марс Дамирович

Сайт

https://www.aris.kg/index.php?option=com_content&view=article&id=14&Itemid=171&lang=kg

Жакырчылыкты кыскартуунун Улуттук стратегиясынын алкагында жакырчылыктан арылуу, жеке ишкердикти өнүктүрүү жана ага колдоо көрсөтүү, «2010-жылга чейин Кыргыз Республикасында мамлекеттик башкарууну борбордон ажыратуу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү» Улуттук стратегиясына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин чыңдоо жана жергиликтүү коомчулуктарды жана жамааттык уюмдарды күчөтүү үчүн инвестицияларды тартуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды андан ары улантуу максатында түзүлгөн.


АРИС мекеменин укуктук формасындагы коммерциялык эмес уюм болуп эсептелет жана юридикалык жактын статусуна ээ.

АРИСтин максаттары:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

АРИСтин жана ал ишке ашырган ар кандай долбоорлордун негизги максаты - айыл жана шаар жерлеринде жакырчылыктан арылууга көмөк көрсөтүү болуп саналат. Ушул максатка жетишүү үчүн АРИС үч айкын милдетти аткарат:

  • Турмуштук жагынан маанилүү инфраструктуралык кызматтарды көрсөтүүнү жакшыртат жана аларга мүмкүнчүлүк алууну жеңилдетет;
  • Айылдык жеке менчик жана шаардык ишканаларды өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөт;
  • Жергиликтүү деңгээлде башкарууну жакшыртат.

АРИС өзүнүн ишин айылдык, ошондой эле шаардык калктын кеңири катмарынын арасында жүзөгө ашырат, мында киреше берүүчү жана жумуш орундарын түзүүчү, айылдык жана шаардык инфраструктурага инвестицияларды тартуучу жана топтор тарабынан башкарылуучу чакан жана орто ишканаларга, ошондой эле жергиликтүү деңгээлдин өзөктүү милдеттерин чечүүгө жетишүү боюнча биргелешкен иште жергиликтүү коомчулуктарга жана бийлик структураларына колдоо көрсөтөт.

АРИСти түзүүчүлөр:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы;

«Кыргыз Республикасынын айылдарынын жана кыштактарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмеси;

«Каунтерпарт-Шериктеш» коомдук бирикмеси.

АРИСтин структурасы:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Курамына мамлекеттик органдардан 7 өкүл, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан 7 өкүл жана жарандык коомдон 7 өкүл кирген Байкоочу кеңеш - АРИСтин жогорку башкаруу органы болуп саналат.


Башкаруунун аткаруучу органы катары Аткаруучу директор белгиленген.

Шилтемелер:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Офицалдуу сайты АРИС.//https://www.aris.kg/index.php?lang=ru
  • Карта деятельности АРИС.//https://www.aris.kg/gis/
  • Sustainable Rural water supply sanitation project.//https://documents1.worldbank.org/curated/en/573121475460021965/P154778-PAD-Board-Package-1392016-v2-09132016.docx
  • https://www.aris.kg/index.php?option=com_content&view=article&id=97&lang=ru&Itemid=26
  • World bank.//https://www.worldbank.org/en/search?q=ARIS+KYRGYZSTAN&currentTab=1&x=0&y=0
  • Kyrgyz Republic: Naryn Rural Water Supply and Sanitation Development Program.//https://www.adb.org/projects/52256-001/main
  • https://vip3.aris.kg/
  • Польза для населения.//https://casa-1000.kg/polza-dlya-mestnogo-naseleniya
  • Заседания наблюдательного совета Агентства развития и инвестирования сообщест   Кыргызской Республики (АРИС).//http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/4331
  • Партнеры.//https://frontiers.kg/partner/agentstvo-razvitija-i-investirovanija-soobshhestv/
  • 24KG.94 села трех областей получат доступ к чистой воде с помощью проекта АРИС.//https://24.kg/biznes_info/177963_94sela_treh_oblastey_poluchat_dostup_kchistoy_vode_spomoschyu_proekta_aris/
  • Sputnik Kyrgyzstan.Молодежь приграничного села Чек получила возможность заниматься спортом.// https://ru.sputnik.kg/20150615/1016047581.html