Кыргыз Республикасынын көркөм сүрөт академиясы

Википедия дан

Кыргыз Республикасынын көркөм сүрөт академиясы Т. Cадыков атындагы — жогорку билим берүүчү көркөм сүрөт окуу жайы жана илимий-изилдөө мекемеси. 1991-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен Жогорку мамлекеттик көркөм сүрөт колледжи түзүлгөн. 2002-жылы Кыргыз Республикасынын Көркөм сүрөт академиясына улуттук статусу берилип, 2004-жылы Т. Садыковдун ысмы ыйгарылган. Академиянын максаты — көркөм сүрөт боюнча ар тармактуу, көп баскычтуу үзгүлтүксүз билим берүү концепциясын ишке ашыруу. Анын структурасы жогорку кесипкөй искусство чеберлерин жана искусство таануучуларды даярдоо үчүн окуу методикалык жана илимий базаны түзүүнүн бирдиктүү программасына киргизилген бир катар компоненттерди камтыйт. Академиянын көркөм сүрөт мектебинин баштапкы класстарынан 4 жыл бою (6—9-класс) республиканын шаарларынан жана райондорунан келген жөндөмдүү балдар— ошондой эле областтык балдардын көркөм сүрөт мектебинде окугандар көркөм сүрөт искусствосунан базалык билим алышат. Экинчи баскычы — 5 факультети бар 3 жылдык көркөм сүрөт окуу жайы. Институтта станок скульптурасы, живопись, өнөр жай графикасы, көркөм жасалгалоо, искусство таануу факультеттери бар. Академиянын структурасында илимий-изилдөө бөлүмү, илимий-методикалык музей иштейт. Туңгуч президенти — Т. Садыков (1995-жылдан).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]