Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары — Кыргыз Республикасынын жарандарын, чет өлкөлүк жарандарды, жарандыгы жок адамдарды сыйлоонун жана алардын мамлекетти жана демократиялык коомду, элдин биримдигин коргоодогу жана чыңдоодогу, өлкөнүн экономикалык, интеллектуалдык жана рухий потенциалын арттыруудагы салымын, ошондой эле мамлекет жана элдин алдындагы коомдук, гуманитардык, кайрымдуулук жана башка иштердин түрүндө сиңирген эмгегин таануунун жогорку формасы.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен Кыргыз Республикасынын жарандары, юридикалык жактары жана Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бирдиктери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген эмгеги бар чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, чет мамлекеттердин юридикалык жактары сыйланышат.
Эң жогорку артыкчылык даражасы "Кыргыз Республикасынын Баатыры", Кыргыз Республикасынын ордендери, медалдары жана Ардак грамотасы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары болуп саналат.
Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жана ардак наамдарды ыйгаруу Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан сыйлоо же ардак наамды ыйгаруу жөнүндө жарлыкты чыгаруу, андан ары мамлекеттик сыйлыктарды же ардак наамдардын документтерин тапшыруу менен жүзөгө ашырылат.
Сыйланган адамга мамлекеттик сыйлык жана сыйлоону ырастоочу документ берилет. Ардак наам ыйгарылган адамга ардак наамды ыйгарууну ырастоочу документ берилет.